بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيم
Салтанат менен Куръан бири-биринен таптакыр ажырабайт
Аларды кайра тикелөө үчүн Рамазанды канимет билели
Гада Мухаммад Хамдий
Бул жылы Ислам Умматы мубарек Рамазан айын өзгөчө күтүп алууда. Бул өзгөчөлүк Уммат уйкудан ойгонуп, дүйнө жетекчилигин жана борбордук даражасын ээлөөгө карай ылдам кадамдарды таштап жатканынан көрүнүүдө. Чынында, бул жылы мусулмандар мубарак Рамазанды болуп көрбөгөн аң-сезимдүүлүк, кайраттуулук менен күтүп алышууда, хакты бекем кармап, исламий шахсияны түптөп, исламий акыйда негизинде биригүүгө ынтызар болуп күтүп алышууда. Түрдүү өлкөлөрдө жалындаган улуу козголоңдордо, жакында башталган Судан жана Алжир козголоңдорунда жаштар тогут акимдерди кулатуу үчүн көтөрүлүштү… зулумга, жакырчылыкка жана илманий капиталисттик түзүмгө каршы чыгышты. Малай режимдер колонизатор Батыштын өкүлдөрү бул илманий түзүмдү колдонуп келишти, кафир түзүм жана анын кайрыилахий мыйзамдары адамдарга үлкөн балээ-мусибаттарды алып келди. Бул жаңылык эмес. Себеби, соңку жүз жыл ичинде Куръан мамлекети, Расулуллах ﷺ калтырган Халифалык мамлекети кулатылды. Ушул мамлекет кулаганга чейин Исламды мусулмандарга жана кайрымусулмандарга колдонду, ааламдар Роббисинин шарияты менен өкүм жүргүзүп, Куръани Каримди жана Расулуллах суннатын саясий, экономикалык, ижтимаий, таалим… сыяктуу бардык турмуштук тармакта мыйзамчылыктын жалгыз булагына айлантты. Адамдардын итикады, ички жана тышкы мамилелери ар түрдүү болушуна карабастан, алардын иштерин башкаруу жана проблемаларына чечим берүү ишин Куръан башкарды. Бүткүл адамзат кылымдар аша алтын кылым жана ойгонуу заманына күбө болду. Куръан башкаруусу исламий акыйда жана кеңири көлөмдүү Ислам түзүмү негизинде тикеленди. Ага чейин дүйнөдө бул сыяктуу башкаруу болбогон. Бүгүнкү күндө да бүткүл дүйнө пикирий, ахлакий, экономикалык, ижтимаий, саясий жана башка бардык тармакта төмөндүккө кептелди. Ырас, дүйнөдө зулум, бузукулук жана куфр өкүмдар болгон соң, динди адамдардын турмушунан бөлгөн илманий капиталисттик жарандык мамлекетте Аллах түшүргөн шарияттан башка мыйзамдар менен өкүм жүргүзүлүп, адамдар ушундай оор абалда калышы табигый. Аллах Таала айтат:
وَمَنْ لَمْ يَحْكُمْ بِمَا أَنزَلَ اللَّهُ فَأُوْلَئِكَ هُمُ الْكَافِرُونَ
«Кимде-ким Аллах түшүргөн дин менен өкүм кылбаса, анда алар кафирлер» [5:44]
وَمَنْ لَمْ يَحْكُمْ بِمَا أَنزَلَ اللَّهُ فَأُوْلَئِكَ هُمُ الظَّالِمُونَ
«Кимде-ким Аллах түшүргөн нерсе менен өкүм кылбаса, анда, алар залимдер» [5:45]
وَمَنْ لَمْ يَحْكُمْ بِمَا أَنزَلَ اللَّهُ فَأُوْلَئِكَ هُمُ الْفَاسِقُونَ
«Кимде-ким Аллах түшүргөн дин менен өкүм кылбаса, анда, алар фасыктар» [5:47]
إِنَّ هَذَا الْقُرْآنَ يَهْدِي لِلَّتِي هِيَ أَقْوَمُ وَيُبَشِّرُ الْمُؤْمِنِينَ الَّذِينَ يَعْمَلُونَ الصَّالِحَاتِ أَنَّ لَهُمْ أَجْراً كَبِيراً
«Албетте, бул Куръан эң туура жолго хидаят кылат жана жакшы амалдарды кылган муминдерге чоң ажр-сыйлык бар экенини(н) куш кабар(ын) берет» [17:9]
Демек, салтанат, башкаруу, Аллахтын шариятын колдонуу менен Куръан бири-бирине тыгыз байланыштуу. Аллах Таала айтат:
أَفَحُكْمَ الْجَاهِلِيَّةِ يَبْغُونَ وَمَنْ أَحْسَنُ مِنَ اللَّهِ حُكْماً لِقَوْمٍ يُوقِنُونَ
«Динсиздик өкүмдар болуусун каалашабы, ыйманы толо болгон коум үчүн Аллахтан да жакшы өкүм кылуучу ким бар?!» [5:50]
Мээримдүү, кудуреттүү Аллахтын башкаруусунан жакшы башкаруу жок. Аллах түшүргөн өкүмдөр менен башкарылса, адамдар ортосунда адилеттик жүзөгө чыгат, бүткүл адамзат туура жолдо болот. Негизи, адамзат күч-кудуреттүү, улуу жана үстөм адамзатка айланышы үчүн Аллах Субханаху ага ушул туура жолду ыраа көрдү. Аллах Таала айтат:
قَدْ جَاءَكُمْ مِنَ اللَّهِ نُورٌ وَكِتَابٌ مُبِينٌ * يَهْدِي بِهِ اللَّهُ مَنِ اتَّبَعَ رِضْوَانَهُ سُبُلَ السَّلَامِ وَيُخْرِجُهُمْ مِنَ الظُّلُمَاتِ إِلَى النُّورِ بِإِذْنِهِ وَيَهْدِيهِمْ إِلَى صِرَاطٍ مُسْتَقِيمٍ
«Мына, элчибиз силер китебиңерде жашырып келген көптөгөн нерселерди силерге баян кылып, көп нерселерди таштап келди. Силерге Аллах тарабынан нур жана ачык Китеп келди, Аллах ал себептүү Өзүнүн ыраазылыгын ээрчигендерди нажат жолуна хидаят кылат жана Өз каалоосу менен аларды караңгылыктан нурга чыгарат жана аларды Туура жолго хидаят кылат» [5:15-16]
Бул акыйкатты салафи солихтер жана мусулмандар акимдери өтө жакшы түшүнүштү. Ушул себептен улам, Исламга даъват кылуу жана аны бүткүл дүйнөгө жеткирүү үчүн Рамазан айында Халифалык мамлекети кошуун сапарбар кылуу менен фатхтарды кылды, жеңиштерге жетишти. Бардык мусулмандар Халифалык көлөкөсүндө Расулуллах ﷺдын роясы астында бир мамлекетте жашашты, өлкөлөрү ортосунда – колонизатор Батыш белгилеген – эч кандай чегара болбоду. Колонизатор Батыш белгилеген чегаралар бир дене-бир жан болгон Умматты бөлүп салды, мусулмандарды дин душманы болгон кафирлерге олжо кылып берди. Акыбетте, мусулмандардын орозосу да режимдердин саясий кызыкчылыгына ылайык ихтилаф менен башталып, ихтилаф менен аяктай турган болду. Куръан мамлекети жок кылынышы менен Рамазан жеке адам катары аткарыла турган ибадаттар, сооротуучу телеберүүлөр айына айланды, Рамазандын жамааттык жана дүйнөлүк шаңдуулугу калбады, Рамазан мусулмандардын кубатын жана биримдигин туюнтпай калды!
Саййидибиз жана жетекчибиз Мухаммад Мустафа ﷺ жана аны ээрчиген сахабалар, кийинки халифалар көпчүлүк казаттарды Рамазан айында кылууну өтө бекем кармашкан. Себеби, алар Куръан тилават кыла турган жана аны жер жүзүндө колдоно турган кубаттуу мамлекетте эки улуу ибадат: орозо жана жихаддын бир болушун каалашкан. О.э. мусулмадар кандай абал жана натыйжа болсун, нусрат же шейиттик үчүн чыгып, Роббиге таат, тообо, кечирим жана рахмат күндөрүндө жолугууну каалашкан. Улуу Бадр казаты, Мекке фатхы, Хиттин согушу, Салахиддин командачылыгы астында Куддусту кресттүүлөрдөн кайтарып алуу, Расулуллах ﷺ башарат кылгандай султан Мухаммад Фатих Константинополду фатх кылышы… сыяктуулар Рамазанда болгон маанилүү казаттардан эсептелет. Шексиз, ушул нусраттар Ислам жана мусулмандар тарыхындагы ийгиликтер болуп, бир гана абалда жүзөгө чыкты. Т.а. Исламдагы Халифалык башкаруусу амалий таризде жана Расулуллах ﷺдын тарыйкаты негизинде колдонулганда гана ишке ашты. Бүгүн да кудум ушундай эле, эгер козголоңдорубуздун ийгиликке жетишин кааласак, Куръан мамлекетин тикелөөгө аракет кылуу менен гана Ислам Умматын жабыр көрсөтүүчү залим куфр түзүмдөрүнүн кишендеринен куткара алабыз.
Шарият өкүмдар болгон жана мусулмандардын халифасы жетекчилик кылган замандарда мусулмандар Расулуллах ﷺдан үлгү алып, мубарак Рамазан айын ажайып нусрат жана фатхтар менен өткөрүштү. Бүгүн да мусулмандар Рамазан айын халифа тикелөө, жеңишке жетүү, Ислам душмандарын жеңүү айына айлантуу менен кайра дагы нусратка жетишүүлөрү керек. Зулумга каршы козголоң көтөргөн калыс момундар да Аллахтын калимасын бийик кылуу үчүн олуттуу аракет кылуулары шарт. Аллахтын калимасы Куръан жана Суннатты бийлик жана мыйзамчылыкка, дастур жана мыйзамдарга негиз кылууну талап кылат. О.э. Аллахтын калимасы залим султандын алдында хак сөздү айтуу, кафир Батыштын мусулман өлкөлөрүндөгү малай тогуттарын кулатуу менен бийик болот. Муну менен бирге, козголоңчулар Ислам системасына тескери келген жана мусулмандарды колонизатор кафир Батышка көз каранды кыла турган бардык чет элдик чакырыктарды четке кагуулары зарыл.
Биз бул Рамазан шарифтен изгиликти, шаттыкты жана куш кабарды күтүп жатабыз, Аллах Субханаху ва Таалага дуа кылып сурайбыз: Аллахым, баарыбызды Рамазанга жеткирүү менен бирге бизге анын нусратын да тартуу кыл, ушул мубарак айды Аллахтын адилеттүү шариятысыз өткөрүп жаткан рамазандардын акыркысы кылгын. Аллахтын адилеттүү шарияты Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекетинде кадыржамдыктын жана коопсуздуктун негизи болот.
Роя гезити, №233, 2019-жыл, 8-май.