Рамазанда Тажикстан зынданында боордошторубуздун каны төгүлдү
Тажикстандын Вахдат шаарындагы түрмөлөрдүн биринде 19-майдын кечинде түрмө жетекчилигине нааразы болгон туткундар тополоң чыгарышты. ЖМКлар тараткан кабарларга ылайык, тополоңдун натыйжасында 3 түрмө кызматкери жана 29 туткун болуп, жалпысынан 32 адам өлгөн. Мындан тышкары, 80 туткун түрдүү деңгээлде жараат алган. А бирок медициналык бөлүмдүн кабарлашынча, өлгөндөрдүн саны 50 дөн ашат. Бул тууралуу Тажикстандын «Ахбор» сайты кабарлады.
«Ахбор» сайтынын кабарына таянсак, туткундар бир нече күндөн тынымсыз азапталышкан, аларды ыссык күндө тышкарыда күндүн аптабына, аба-ырайы бузулганда жамгырда тургузуп коюшкан. Кабарда келишинче, туткундардын тополоң чыгарышына ушул нерсе себеп болгон. Эң бир өкүнүчтүүсү, 19-майдын кечинде туткундарга тарових намазы учурунда чабуул кылышкан.
Эмомали Рахмон өткөн айда дыйкандарга орозо тутпастыкка «фатва» берген эле, бүгүнкү күнгө келип орозо кармап жаткан адамдарга карата жырткычтык кылмышты ишке ашырды.
Эмомали Рахмон жана анын малайлары канкор, фасыктар болушуп, алар дин жана Аллахтын душмандары болуп эсептелишет!
Аллахтын Өзү аларга кифая кылсын.
Биз шахид болгон мусулман боордошторубуздун жакындарына сабыр тилейбиз.
Аллах боордошторубузду Рахматына алсын. Аамийн.
إنا لله وإنا إليه راجعون
«Албетте, биз Аллахтын пенделерибиз жана албетте биз Ал Затка кайтуучуларбыз!»
Туркистон
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Исламдагы сыпааттардын негизи Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…
Эмне үчүн мусулмандар экономикалык маселелерин чечүү үчүн өз дининин өкүмдөрүн колдонушпайт?! Мусулман болбогон адамдар да…
Кыргызстан саясаты Кытайга таянабы? Кыргызстан президенти Садыр Жапаров 4-февралда Кытай лидери Си Си Цзиньпиндин чакыруусу…
﷽ Мына ошентип, яхудийлер Газада жасаган үрөй учурган массалык кыргындан жана ойрондулуктардан кийин, мусулман акимдери…
Исламда маркумдун органын алмаштырууга болобу? Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештеги жыйын учурунда көз…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Суроо-жооп Газа элинин көчүрүлүшү тууралуу Суроо: “Аль-Жазира” 2025-жылдын 26-январында өзүнүн сайтына төмөнкү…