Үмүтсүздүккө түшпөгүлө, чечим даяр

572
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيم

Үмүтсүздүккө түшпөгүлө, чечим даяр

Устаз Халид Саид Хизб-ут-Тахрир–Фалестина маалымат бөлүмүнүн мүчөсү

Газа секторунда арты-артынан келип жаткан кризистерди чечүүгө аракет кылып жаткандардын көпчүлүгү эч бир ийгиликке жетише албай, таң калып туруп калышууда. Биринин үстүнө башкасы келген бул кризистер турмуштун кайсы тармагы болбосун, баарын өз иримине тартпай койбоду. Таалим, саламаттыкты сактоо жана кызмат көрсөтүү өтө төмөн абалда. Мисалы, суу адамдардын керектөөсүнө жараксыз, муну жергиликтүү да, эл аралык изилдөөчүлөр да аныкташкан. Электр жарыгы болсо, адамдар анын дээрлик унутушту. Бир жактан, күйүүчү май продукцияларын камсыздоо проблемасы болсо, башка жактан, электрди жеткирип берүү кудум рулеткага окшойт. Дагы бир жактан, Газа өкмөтү менен Рамаллах өкмөтү ушул проблема үстүндө бири-бирин айыптоодо. Жумушсуздук даражасы 50 %га жетти – статистикага ылайык – кембагалдык даражасы да кудум ушундай. Маяналар эң төмөн даражада. Кыскасы, проблемаларды санап бүтө албайсыз.

Кээ бирөөлөр бул проблемаларды – баарын же кээ бирин – моюнга алгысы келбей жатат жана проблема жоктой көрсөтүүгө урунуп жатат. Дагы кээ бирөөлөр чечим чыгарууга урунуп, бирок, проблеманы дагы да татаалдаштырып жатышат. Башка бирөөлөр болсо, вакиъни соода-сатык жайына айлантып, акча табуу үчүн убакытты колдон чыгарбоого урунуп жатат. Ушул орунда баса белгилөө керек, оор абалды алганда Батыш Жээктеги абал Газадагы абалдан калышпайт.

Проблеманын себептерин издесек, табигый болгондой, Газа блокадасы айыптуу болуп чыгат, бийликтеги тарапкечтик, топтор ортосундагы талаштар да проблемаларга себеп болушу мүмкүн. О.э. проблеманын бир бөлүгү катары, административдик жана финансылык коррупцияга да көз жумбоо керек. Себептерди канчалык табууга аракет кылбайлы, бул себептердин баары экинчи даражалуу себеп же негизги себептен келип чыккан. Негизги себеп – бул яхудийлердин баскынчылыгы. Фалестина дагы эле баскынчылык астында, анын калкы зулум-кыйынчылык акыбетинде эң оор азаптарды тартышууда. Турмуш «бул азап-кыйынчылыктар качан бүтөт» деген суроого такалып калган. Мамлекет куруу же эгемендүү болуу сыяктуу ар кандай сөз адашуу жана адаштыруудан башка нерсе эмес.

Яхуд вужудуна келсек, кээ бирөөлөр алар менен соодалашууга, өкүлдүк ролун ойноого урунуп жатат, мисалы, Фалестина режими сыяктуу. Бул режим мындан кырк жыл мурда атасыз туулган наристедей дүйнөгө келди, Азаттык кыймылы менен яхудийлер ортосунда жаралып, жан берүүнү жана Фалестина маселесин жок кылууну өнүктүрүштү. Буга далил келтирүүгө кажет жок, жетекчилик мусулмандарды Фалестинаны азат кылуу жолунан чалгытуу максатында «яхудийлер менен сүйлөшүү өткөрүүнү» өзүнүн негизги ураанына айлантты, Фалестина маселесин өткүнчү талаптарга жана күнүмдүк жашоо таризи сыяктуу соодалашууларга чектеп койду. Бул режим яхудийлердин коопсуздугун коргогон режим болууну ылайык көрдү. Акыбетте, эл аралык колонизатор күчтөр жана аларга караштуу уюмдар, мусулман өлкөлөрүндөгү акимдер душмандар эмес, ортомчу болуп калышты. Буга жаркын далил, ар ирет Газага чабуул кылынышы артынан Мисирдеги саткын малай режимге таянылып жатканына күбө болуудабыз. Газа калкын блокадага алууда негизги шерик болгон, ушул аркылуу Фалестина режими менен яхудий вужуду ортосунда ортомчулук кылган бул режим бүгүн Газа режими менен нажас баскынчылар ортосунда ортомчулук кылып жатат. БУУ жана башка эл аралык уюмдарды аралашууга үндөгөн чакырыктар, Фалестина жетекчиси Фалестина калкын коргоо үчүн эл аралык күчтөрдү кайра-кайра чакырышы… булардын баарынан максат – яхудий вужудун бекемдөө, Фалестина калкын яхудийлердин баскынчылыгына кошумча, эл аралык аралашууга моюн сундуруу жана колонизатор мамлекеттердин мубарак Фалестина жериндеги өкүмдарлыктарын бекемдөөгө мүмкүнчүлүк жаратуу.

О.э. яхудий вужуду аскерий топторду аракети кыскарган, реакция гана бидирип турууга чектелген жана «баскынчылыкты чечимдин бир бөлүгү, баскычма-баскыч чечиле турган нерсе» деп билген топторго айлантууга жетишти. Мунун себеби ушунда, ушул топтордо саясий аң-сезим жок, регионалдык күчтөрдүн оюнуна да, регион мамлекеттери ортосундагы күч талашууларга да ыраазы болушкан. Негизи, алардын күч талашуусу эл аралык күрөшкө тыгыз байланыштуу. Батыш мамлекеттери араб мамлекеттеринин жардамы менен Фалестина Азаттык кыймылына кыянаттык тонун кийгизишти. Акыбетте, ал яхудий вужудун тан алды жана Фалестинанын төрттөн үч бөлүгүнөн баш тартты ж.б.у.с. Ушуну баса белгилемекчибиз, колонизатор мамлекеттер Азаттык кыймылына кыянаттык тонун кийгизишкен соң, эми малай акимдердин жардамында Фалестинадагы калган топторго ушул тонду кийгизбей койбойт. Себеби, Фалестина үстүндө ушундай үлкөн фитна жана үрөй учурган кыянаттык уюштурулууда, саткындыкта Осло келишиминен да, акимдердин 1967 жана 1948-жылдагы саткындыктарынан да калышпайт. Жада калса, кылмыш жана кыянатта алардан да жаман. Бул кыянаттардын сап башында Мисир, Иордания жана Сауд Арабия акимдери турушат, аларга Фалестинадагы арамза чиновниктер шерик болушат.

Өкүнүү пайда бербей турган абалга түшүп калбоо үчүн бардык топторго насаат кылабыз: Тигил саткын малай режимдерден силерге кыйроо келет. Демек, этият болгула, алардын тузагына илинип калбагыла. Алар менен алакаңарды үзгүлө жана алардан да, Батыш долбоорлорунан да баш тарткыла. Исламдан гана өкүм сурагыла жана Фалестина маселесин Ислам Умматына кайтаргыла. Халифалык мамлекетин тикелөө жана өтмүштөгү калыс жетекчилер кылгандай Фалестинаны азат кылуу үчүн Уммат армияларынан нусрат талап кылгыла.

Биз ишенебиз, эгер мусулмандара Аллахты, Расулун жана момундарды дос туткан калыс жетекчилик болгондо Америка Куддусту яхудий вужудунун борбору деп жарыя кылууга жана өзүнүн «эл аралык мыйзамдарын» тебелеп-тепсеп болсо да Жуланды яхудий вужудунун көзөмөлү өткөрүп берүүгө батынмак эмес. Ушул күндөрдө мусулман акимдери арасында баарын коркутуп коё турган бир да эр жүрөк эркек чыкпаганы үчүн Америка Фалестина маселесин жок кылууга каратылган келишимин жарыя кылууга даярдык көрүп жатат. Бул акимдердин баары малайлык жана саткындыкта бирдей. Муътадилдери да, кескиндери да бирдей, айырмаланышпайт. Фалестинага жардам көрсөтүп жатканы да, жардам көрсөтүүнү каалабай жатканы да, яхудийлердин баскынчылыгын каралоочу да, четке кагуучу да, эч нерсе дебей сүкүттү туура деп билип жатканы да, бул вужуд менен мамилелерди жашыруун нормалдаштырып жатканы да, мамилелерди ачык-ашкере нормалдаштырып жатканы да, баары бири-биринен айырмаланышпайт… Америка Фалестина маселесин жок кылуу жана яхудий вужудун бекемдөө планын ишке ашыруу үстүндө иштеп жатат. Мусулман акимдери ага жардам беришүүдө.

Эй мусулмандар!

Бүгүн алдыбызда эки вариант бар: Аллах сактасын, Фалестинадан баш тартабыз же бекем турабыз. Андан баш тартышыбыздын акысына бизге болбогур күкүмдөр гана берилет, аны турмуш таризибиз үчүн жакшы деп кабыл алабыз, каалоо-эрки тартып алынган кор абалда кала беребиз. Бекем туруу, сабыр кылып, сабырга чакыруу, Аллахтан коркуу, Анын буйругуна моюн сунуу, Расулу Aдын Исро жерин бекем кармоо акысына Аллах Субханаху ва Тааладан чексиз сыйлык алабыз.

Мусулман армияларындагы офицер жана аскер перзенттерибизге айтоор сөзүбүз ушул, кече ата-бабаларыбыздын армиялары Бадр, Кодисия, Ярмук, Хиттинде эрдик көрсөткөн, Константинополду фатх кылышкан, бүгүн да ошол армиялардын эрдиги – Аллахтын урухсаты менен – албетте уланат. Биз армияларыбыздын даярдыгын жана кубатын жакшы билебиз жана исламий акыйдадан ажырабаган аскерий анттарына ишенебиз, алардан эч качан үмүт үзбөйбүз, алар Аллахка, Расулуна жана пенделерине нусрат-жардам берип, эки кибланын биринчиси, эки харами шарифтин үчүнчүсү болгон мубарек жерди азат кылууларына ишенебиз. Ал күн качан келет деп суралса, балким, өтө жакын дейбиз.

وَلَيَنصُرَنَّ اللَّهُ مَن يَنصُرُهُ إِنَّ اللَّهَ لَقَوِيٌّ عَزِيزٌ

«Аллах Өзүнө жардам бергендерге албетте нусрат-жардам берет. Шек-күмөнсүз Аллах күчтүү, кудуреттүү» [22:40]

Роя гезити

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here