Кыргызстан менен Өзбекстандын милициясы кызматташат
2019-жылдын 15-май күнү Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары милициянын полковниги Мирлан Каниметов менен Өзбекстан Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары милициянын генерал-майору Даврон Назармухамедовдун эки тараптуу жолугушуусу өттү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.
Аталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын ИИМдин Укуктук камсыздоо жана Эл аралык кызматташтык башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Мирлан Карачалов, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын башчысы милициянын полковниги Нурбек Абдиев, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын башчысынын орун басары милициянын полковниги Кудиритила Охуновдор катышкан.
Жолугушуунун жүрүшүндө кызматташуунун приоритеттүү багыттары болгон мамлекеттин тынчтыгына терс таасир эткен кылмыштуулук менен күрөшүүнү күчөтүүнү бириктирүү жана координациялоо маселелери талкууланды. Тараптар кызматташууну улантууга, коопсуздукту бекемдөө боюнча иштерди жүргүзүүгө, эл аралык терроризмге, диний экстремизмге, киберкоркутууларга, улуттар аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү боюнча кызматташууга даяр экендигин билдиришти.
Мирлан Каниметов, кандай гана мамлекет болбосун, анын ийгиликтүү өнүгүшү элинин коопсуз жашоосу эсептелинет. Бир гана коопсуз мамлекетте экономикалык, социалдык, маданий жана инвестициялык өнүгүү жөнүндө сүйлөшүүгө мүмкүн экендигин баса белгиледи.
Мындан ары кызматташууну өнүктүрүүнү улантуу маселелери боюнча пикир алмашуулар болду. Тараптар түзүмдөрдүн, ыкчам кызматтардын жана аймактык бөлүмдөрдүн жетекчилеринин катышуусунда координациялык жолугушууларды өткөрүүнү макулдашышты. Жолугушуунун аягында, Мирлан Каниметов эки мамлекеттин ортосундагы көп жылдык достук мамиле эки тараптуу кызматташунун өнүгүшүнө жана бекемдөөсүнө түрткү болоорун билдирди.
Кыргызстанда бай-кедей ажырымы үч жылда эки эсе өстү Кыргызстанда үч жыл мурун калктын эң бай…
Басма сөз баянаты Газа жалгыз калдыбы?! Кыргын, ойрондулук жана курчоо Газада кадыресе көрүнүшкө айланып калды.…
Басма сөз баянаты Шам тогутунун камактарында ачыкталган үрөй учурган көрүнүштөр Уммат перзенттеринин жүрөгүндө өкүмдарларды жок…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Суроо-жооп Электрондук соода Ассаламу алайкум уа рахматуллоохи уа баркатуху. Аллахым өмүрүңүзгө береке…
بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Бардык мусулмандарга, өзгөчө Шам калкына кайрылуу!!! Аллахка мактоолор, Расулуллахка жана Ал…
Жаңы жылды майрамдоо – харам! Мусулмандардын коргоочусу, шариятты колдонуучу Ислам мамлекети жок болгон бүгүнкү учурда Ислам…