Сыромолотов: Афган-тажик чек арасында 10 миңдей согушкер топтолгон
Афганистан менен Тажикстан чек арасындагы кырдаал тынчсыздандырууда. Бул тууралуу РФ тышкы иштер министринин орунбасары Олег Сыромолотов билдирди.
“Учурда афган-тажик чек арасындагы абал кооптуу, себеби ал жерде чек араны бузуп өтүүгө даяр болгон 10 миңдей согушкер топтолгон”, – деди ал терроризмге каршы күрөш боюнча конференцияда.
Сыромолотовдун айтымында, “Талибан” кыймылынын жетекчилери бардык афгандыктарды “ИШИМ” уюму менен күрөшүүгө чакырышты.
О.э. Афганистанда согушкерлердин орус тилинде сүйлөшүүчү 8 лагери бар болуп, алар Борбор Азияга коркунуч туудурууда. Аларда КМШ өлкөлөрүнөн жана Россиядан барган жарандар бар.
Комментарий: Росссиянын “ИШИМ” уюуму жөнүндөгү маалыматтары, болгону атайын көбүртүп көрсөтүлүп жаткан жасалма ызы-чуу. Себеби, бул уюмдун ал тургай кичинекей бир мамлекетти да басып ала турган кубаты жок. “ИШИМ”дин кубаты – куфрдун атайын күчтөрү анын атынан аймактарда ишмердүүлүк алып барып жаткандыгында. Куфр мамлекеттери дүйнөнүн түрдүү аймактарындагы террордук операцияларын “ИШИМ” уюмунун атынан ишке ашырып жатышат. Мисалы, Шри-Ланкадагы чиркөө жана мейманканаларда ишке ашырылган теракттарды “ИШИМ” уюму мойнуна алганы сыяктуу. Демек, колонизатор мамлекеттер өз кызыкчылыктары жолунда “ИШИМ” уюмунун атынан пайдаланып келишет.
Россия да өзүнүн Борбор Азияга аскерий колонизатордук жүрүшүндө эл аралык саясат тарабынан атайын пайда кылынган “ИШИМ” коркунучунан пайдаланмакчы. Ал азырынча маалыматтык чабуулдарды уюштурууда. Маалыматтык чабуулда ийгиликке жеткен соң, албетте материалдык ишмердүүлүккө киришет. Россия өзүнүн элчилканалары аркылуу уюштуруп жаткан теракттарды, ал тургай Европадагы ири мамлекеттер жана Түркия да токтотуп кала алган эмес.
Абдурахман
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…
Басма сөз баянаты Таң караңгылыкты жарып Суданда Англия-Америка колонизаторлук күрөшү болуп жатканын ачыктады Британия тарабынан…