Эмне үчүн Европа иммигранттарга абдан муктаж


Эмне үчүн Европа иммигранттарга абдан муктаж

Испаниянын «El País» гезити «Демографиялык жактан өзүн өзү өлтүрүп жаткан Европа» деген аталышта макала жарыялады, макалада мындай делет:

«Европа демографиялык жактан өзүн өзү өлтүрүү жолуна түшкөнүнө көп болду. Учурда Евросоюзда 511 миллион адам жашайт, бирок 2015-жылдан тарта өлүм абалдары төрөлүүдөн үстөм келүүдө. Азырынча Европа калкынын саны азайганы байкала элек, мунун бир гана себеби бар, анткени, Европага жылына 1,3 миллион иммигрант келет. <…> 1900-жылы Европада дүйнө калкынын 20%ы жашаган, 1960-жылы 13,5%, 2015-жылы бул сан 6,9%га чейин төмөндөдү, божомолдорго ылайык, 2040-жылы бул көрсөткүч 5%дан да төмөндөйт. Мындай абал Европанын тирүүлүгүнө жана өндүрүшүнө аябай таасир кылат. Демографиялык кризиске эки фактор себеп болууда: өмүрдүн орточо узактыгы көбөйүп, 81 жашка жетти жана төрөлүү кризиси пайда болду. Калктын санын кармап туруу үчүн төрөлүүнүн коэффициенти бир аялга 2,1 бала туура келиши шарт. Азыр Европадагы орточо көрсөткүч – 1,5. <…> Эгер, ушундай абал сакталса жана иммиграциялык эшиктер жабылса, анда 2050-жылга барып Евросоюздун калкы 49 миллион кишиге азаят. Эмгекке жарамдуу адамдардын саны кыскарышы экономикалык өнүгүүгө таасир кылат. <…> Мына ошондо 17 миллион пенсионерди ким камсыздайт? <…> Абалды көрүп үрөйүң учат. Калктын өсүүсүн камсыздоо үчүн бизге үлкөн иммиграциялык агымдар керек». Цитата бүттү.

Бул жерде комментарий берүү ашыкча болсо керек. Ошондой болсо да, ушуларды айтабыз, мындай кризиске Америкадан тартып Японияга чейин, дээрлик бардык өнүккөн өлкөлөр кириптер болушкан, Россия да мындан сартта эмес. Мамлекеттин эң негизги кубатынын бири – бул жарандары. Жогоруда айтылгандай, калктын азайуусу экономикага аябай таасир кылат.

О.э. жогорудагы өлкөлөрдүн колониялык саясаты сындалса, «сен ал жердин тузун жеп атасың, ага каршы сүйлөбө» дегендер да жок эмес. Андайларга айтарыбыз: керек болсо сен ал өлкөлөргө эмес, алар сага муктаж. Ал өлкөлөр «мигранттар басып кетти», «мигранттар арасында кылмыштуулук күчөп бара жатат» деп атайы дүрбөлөң көтөрүп мигранттарды кул жана үчүнчү сорттогу адамдар катары кармап турууну көздөшөт. Ошентип, байкуш мигрант ар-ар жерде болбогур акчага иштөөгө мажбур. Негизи, үчүнчү дүйнө мамлекеттериндеги согуштардын себепчилери да, үчүнчү дүйнө мамлекеттериндеги ресурстарды талап-тоноп жаткандар да – ушул колонизатор мамлекеттер. Капитализм адамдарды ушинтип тайпаларга бөлүп салат. Бул кулчулуктан кутулуунун жалгыз жолу – капитализмди кулатып, өзүбүздүн ыйманыбызга, динибизге, Исламыбызга кайтуу.

Абдулхак

turkistonkg

Recent Posts

Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет

Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет 20-январда ант берип, кайрадан…

18 hours ago

Адам досунун динине ээрчийт

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адам  досунун динине ээрчийт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

21 hours ago

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…

5 days ago

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

1 week ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

1 week ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

1 week ago