Европадагы популист саясатчылардын Исламга каршы кампаниясы
Кече, бейшемби күнү Прагада Европадагы ашынган оңчул саясатчылар кампания баштап, миграцияны жана Исламды Европа үчүн эң чоң коркунуч деп баалашты. Бул кампанияны келерки айда өтө турган Европа парламентинин шайлоолорунан мурда элдин колдоосун алуу максатында уюштурушту.
Франциядагы оңчул улутчул партиянын жетекчиси Марин Ле Пен менен Голландиядагы Исламга каршы партиянын төрагасы Герт Вилдерс Вацлавская аянтында чогулган жүздөгөн демонстранттардын негизги жетекчилери болушту. Митингде Италия ички иштер министри (мигранттарга каршы Түндүк Лига партиясынын төрагасы) Маттео Сальвини видеокайрылуу жолдоду. Экстремисттик оңчул саясатчылардын баары миграцияны жана Исламды каралап, террористтик чабуулдарга миграция себепчи дешти, бул үчүн Европа Союзун сындашты. Алар Европа башкаруусун түптөн өзгөртүүгө келишишти. Ле Пен «Европа согушу башталганын» жарыялап: «Жашасын эгемендүү мамлекеттерден турган Европа», – деди. Ал Европанын мигранттардын баткагына батышына Евросоюз жоопкер экенин, себеби, мигранттар Европа мамлекеттери үчүн коркунуч эсептелишин баса белгиледи. Кийин Вилдерс Европаны «биздин улуттук мамлекеттерибизди жок кылууга урунуп жаткан демократиялык эмес иешеним», «бүгүн биз өз барлыгыбыз үчүн күрөшүп жатабыз, Ислам болсо, орто кылымдардан бери башкаларды эркиндиктен ажыратуучу ибадат», «Ислам менен эркиндик, өз ара келишпей турган нерсе», «биз бул жерде Исламды таптакыр каалабайбыз» сыяктуу сөздөрдү көп айтты. Полиция демонстранттарды четке сүрүп чыгаргандан кийин демонстрация тарады. Полиция бир нече киши камакка алынганын, жараат алгандар болбогонун билдирди. Эксперттер 28 мамлекеттен түзүлгөн Европарламенттин бул шайлоосу Европанын Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки саясатында өзгөрүү чекити болушу мүмкүндүгүн баса белгилешти. Солчул саясий күчтөрдүн колдоп-кубаттоону жоготушу, экстремисттик популист партиялардын болсо таасири дагы да күчөшү божомолдонууда. Бул популисттик кыймыл мигранттарга жана мусулмандарга каршы болгон жана Европа Союзунун Чехиядагы оппозициясы эсептелген партия. Европарламент кеңешинде 22 орунга ээ болгон бул партия Исламга каршы болуп, аны «жек көрүү идеологиясы» деп атайт. Партиянын төрагасы Томио Окамура Европарламенттин төрагасынын орун басары.
Роя гезити, №232, 2019-жыл, 30-апрель.
Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет 20-январда ант берип, кайрадан…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адам досунун динине ээрчийт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…
18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…