Судан аскерий кеңеши: Мыйзамдар шариятка негизделиши керек

Судан аскерий кеңеши: Мыйзамдар шариятка негизделиши керек

Суданда башкаруу укугуна ээ болгон Өткөөл аскерий кеңеш өлкөдө жаңы мыйзамдар шариятка негизделиши керектигин билдирди.

Белгилүү болгондой, президент Умар ал-Башир бийликтен кулатылгандан кийин, мамлекетти башкаруу аскерий кеңештин колуна өттү. Оппозиция жетекчилери убактылуу өкмөт түзүү үчүн аскерий кеңешке айрым талаптарды коюуда. Алардын сунуштары «Эркиндик жана өзгөрүү альянсынын декларациясы” деген аталышта аскерий кеңешке сунушталган.

Аскерий кеңеш болсо бул сунуштарда “абдан көп тоскоолдуктар” бар экендигин билдирүүдө. Аскерийлер менен оппозиция ортосундагы сүйлөшүүлөр ийгиликсиз аяктаганы турат.

Өткөөл аскерий кеңештин өкүлү Шамсиддин Каббаши маалымат каражаттарына берген билдирүүсүндө оппозициянын сунуштары жөнүндө жалпы макулдашууга жетишилгенин, бирок декларацияда мыйзамдардын булагы көрсөтүлбөгөнүн билдирди. Анын ишара кылышынча, мыйзамдардын булагы шарият болушу керек.

Каббаши: “Биздин колго тийген документте мыйзамдардын булагы көрсөтүлгөн эмес. Судан Республикасындагы жергиликтүү ченемдер, каада-салттар жана ислам шарияты мыйзамдын булагы болушу керек деп эсептейбиз», – деген

Судандын учурдагы конституциясы да шариятты мамлекеттин негизги принциби деп эсептейт. Бирок, Башир доорунда Шарият эрежелерине дээрлик орун берилген эмес.

Мындан бир аз убакыт мурда Хизб ут-Тахрир Судан вилаяты Борбордук алакалар комитетинин  төрагасы Шайх Носир Ризо аскерий кеңештин мүчөлөрүн Шариятты өкүм чыгаруучу кылууга чакырган эле.

Хартум шаарында имамдар, аалымдар жана хатибдер катышуусунда болуп өткөн Судан аскерий кеңешинин жыйынында сөз сүйлөгөн Шайх Носир Ризо аскерий кеңешке шариятты негиз кылуу кандай болушун жана бул жаатта эмне кылуу керектигин кыска сөздөр менен ачык-айкын кылып жеткирген болчу.

turkistonkg

Recent Posts

Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет

Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет 20-январда ант берип, кайрадан…

1 day ago

Адам досунун динине ээрчийт

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адам  досунун динине ээрчийт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

1 day ago

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…

5 days ago

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

1 week ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

1 week ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

1 week ago