Габриэль: Европа өз коопсуздугун өзү камсыздашы керек
Германиянын мурдагы тышкы иштер министри Зигмар Габриэль АКШнын Чыгыш Европадагы Россияга каршы коргонуу риторикасына ишенүүгө болбостугун баса белгиледи. Анын айтымында, Европа АКШга таянбастан, өз коопсуздугун өзү камсыздашы керек. Ал үчүн Германия жыл сайын ИДПнын 1,5 пайызын коргоо тармагына ажыратып, бул каражаттын 0.5 пайызын же 200 миллиард долларды Польша жана Прибалтика мамлекеттерин Россия коркутууларынан коргоого ажыратуу керек.
Расмий Вашингтон Берлинден НАТО үчүн ИДПнын 2 пайызын ажыратууну талап кылып келет.
Габриэлдин айтышынча, Европа бул милдетти АКШ аткарышына ишенбөөсү керек. Себеби, Вашингтон көптөн бери Европанын милдеттенмелеринен качууга аракет кылууда.
“Дүйнө өзгөрүп бара жатканын түшүнүшүбүз керек. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки дүйнөлүк тартип Германия үчүн өтө ыңгайлуу эле. АКШ жана Франция башка маселелерди чечкен убакта, биз өз проблемаларыбыз менен алек болдук. Эми болсо, абал өзгөрдү”, – деди Габриэль.
О.э. Германия Чыгыш Европа мамлекеттеринин коопсуздугун камсыздоо жаатында чоң үлүштү АКШнын колунан алышы керектигин өзгөчө баса белгиледи.
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…
Басма сөз баянаты Таң караңгылыкты жарып Суданда Англия-Америка колонизаторлук күрөшү болуп жатканын ачыктады Британия тарабынан…