Жээнбеков:Кыргызстанда уран казылбайт
Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанда уран казып алынбастыгын убада кылды. Президент бул тууралуу Конституциялык палатанын судьялары менен жолугушуу учурунда билдирди.
Буга чейин, Кызыл-Омполдогу геологиялык чалгындоо иштери жөнүндөгү маалыматтардан кийин уран кенин казууга каршы акциялар болуп өткөн. 22-апрелде премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ал жердеги бардык иштерди токтотууга көрсөтмө берген.
“Биз кийинки муунга ынтымагы бекем коомду, укуктук мамлекетти калтыруубуз зарыл. Урпактарга ата-бабадан калган таза табиятты, жашыл жаратылышты жеткирүүгө милдеттүүбүз. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып айта кетейин, Ысык-Көлдө Кызыл-Омполдо уран казуу маселеси коомдо кызуу талкууланып, элибиз кабатыр болуп жатат. Так кесе айтам — Кыргызстанда уран казылбайт!” – деген Жээнбеков.
Жээнбековдун айтымында, ал 2018-жылы лицензия берүүнү кылдат анализдеп, инвентаризация кылууну сунуштаган. Башкача айтканда, лицензияларды берүүгө мораторий жарыяланган.
Периздент Кызыл-Омполдогу абалды кен казуу тармагындагы башаламандыктын, өзүмбилемдик саясаттын жыйынтыгы деп баалады. Жээнбековдун айтымында, эгемендик жылдарында жалпысынан жер казынасын пайдаланууга 2, 5 миӊден ашык лицензия берилген. Акыркы 8 жылдын ичинде тоо-кен тармагына тийиштүү жүзгө жакын кылмыш иши козголгон, бирок көпчүлүгү аягына чыгарылган эмес. Бул багытта Коопсуздук кеңишинин чечимине ылайык учурда жумушчу топ иштөөдө.
Президент: “Дагы кайталайм, Кызыл-Омполдо уран казылбайт. Ачыгын айтканда, Өкмөттүн бул маселеге болгон кайдыгер мамилесинен улам коомчулук дүрбөлөң түштү. Баса белгилеп айтам, жөн жерден дүрбөлөңгө түштүк. Керемет Ысык-Көлүбүз кезектеги туристтик сезонго даярдык көрүп жаткан кезде мындай дүрбөлөң туризм тармагына балта чапкан кыянаттыкка барабар. Ошондуктан, мекендештериме, жарандык коом, массалык маалымат каражаттарына айтаарым, тынчсызданууга эч негиз жок”, – деди.
Кыргызстанда бай-кедей ажырымы үч жылда эки эсе өстү Кыргызстанда үч жыл мурун калктын эң бай…
Басма сөз баянаты Газа жалгыз калдыбы?! Кыргын, ойрондулук жана курчоо Газада кадыресе көрүнүшкө айланып калды.…
Басма сөз баянаты Шам тогутунун камактарында ачыкталган үрөй учурган көрүнүштөр Уммат перзенттеринин жүрөгүндө өкүмдарларды жок…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Суроо-жооп Электрондук соода Ассаламу алайкум уа рахматуллоохи уа баркатуху. Аллахым өмүрүңүзгө береке…
بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Бардык мусулмандарга, өзгөчө Шам калкына кайрылуу!!! Аллахка мактоолор, Расулуллахка жана Ал…
Жаңы жылды майрамдоо – харам! Мусулмандардын коргоочусу, шариятты колдонуучу Ислам мамлекети жок болгон бүгүнкү учурда Ислам…