Бишкекте Борбор Азиядагы “экстремизм” менен күрөшүү стратегиясы талкууланды

Бишкекте Борбор Азиядагы “экстремизм” менен күрөшүү стратегиясы талкууланды

Бишкекте “Борбор Азиядагы “экстремизм” менен күрөшүү боюнча лидерлердин диалогу” долбоорунун алкагындагы жыйын болуп өттү. Аны Кыргызстандын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы уюштурду.

Дин комиссиясынан билдиргендей, Кыргызстан, Казакстан, Түркмөнстан, Тажикстан жана Өзбекстандын өкүлдөрү катышкан бул жыйын “радикализм жана экстремизмге” каршы региондо консультативдик жумушчу тобун түзүү максатында уюштурулган.

Акыркы жылдарда эл аралык саясатта Ислам жана мусулмандарга карата глобалдык өзгөрүүлөр жүз берүүдө. Анын ичинде, Орто Азия өлкөлөрүндө да, муътадил (мээлүүн) исламий мухит пайда кылуу жана аны мамлекеттер көзөмөлү астында башкаруу стратегиясы негизинде саясат жүргүзүп жатышат.

Алар мамлекеттеги диний жетекчилер, имам жана аалымдардын баарын каттоого алып, айрымдарын кызматташууга чакырган болсо, айрымдарын коомдон четтетип жиберишти. Максаты, мамлекеттик органдар менен менен диний лидерлер кызматташтыгында бузук исламий мухит пайда кылуу!

Алардын ушул максатына ыраазы болгон диний лидерлерге түрдүү шарттарды (стипендия, санаторияларга акысыз путёвкалар сыяктуу) түзүп беришти. Аларды атайын теологиялык негиздеги окутуу курстарында окутуп жатышат. О.э. динди таъвил кылууда (бурмалоодо) аларга тоскоолдук кылышы мүмкүн болгон бардык адам жана жамааттарды жок кылуу,же убактылуу четтетип туруу иштери күч түзүмүнүн кызматкерлерине жүктөлгөн.

Жогорудагы жыйында “муътадил Исламчылар” үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү пайда кылуу о.э. чыныгы (Мабдаъий) Исламий мухитке, аны көтөрүп чыгып жаткан калыс мусулмандарга каршы биргеликте аракет кылуу маселеси каралды. Башкача айтканда, Ислам даъватчылары үчүн тоскоолдуктарды өз мамлекеттеринде эле эмес, бардык Орто Азия мамлекеттеринде пайда кылуу аракети башталды. Мындан тышкары, алар өз ара консультативдик кеңеш түзүшүп, бузуку долбоорлорун ишке ашырууда бири-бири менен тажрыйба алмашууга жана кызматташууга келишип алышты.

Эй боордоштор, куфр менен Исламды аралаштыруу, же куфрду коргоодо Исламдан пайдалануу арам. Бул нерсе куфр деп этибар кылынат. Кээ бир исламий көрүнүштөрдөн таасирленип, ошол аркылуу куфрга ыраазы болуу менен ыйманыбыздан ажырап калуудан этият бололу. Себеби, куфр Ислам өлкөлөрүндө ачык аракет кыла албай калды. Ошондуктан, арзыбаган дүйнө матасы менен арабыздагы Ислам аркылуу абройго ээ болгон адам жана жамааттарды өзүнө тартып, ошолор аркылуу куфрдун биздин өлкөлөрдөгү өмүрүн узартмакчы болушууда. Чыныгы исламий ойгонуунун алдын алууда бизден курал катары пайдаланмакчы болушууда! Алар исламий рухий баалуулуктарыбызга кеңири шарттарды түзүп берип, мунун акысына саясий аң-сезимден чалгытууну талап кылышат. Негизи, Ислам турмушубуздун бардык тармактарын толук башкаруу үчүн Аллах тарабынан Расулуллах с.а.в аркылуу жиберилген дин! Ал Мабдаъ (дүйнөлүк башкаруу системасы)  болгондуктан, мындан башкача болушу мүмкүн эмес!

Абдураззак

turkistonkg

Recent Posts

Кыргызстанда бай-кедей ажырымы үч жылда эки эсе өстү

Кыргызстанда бай-кедей ажырымы үч жылда эки эсе өстү Кыргызстанда үч жыл мурун калктын эң бай…

1 day ago

Газа жалгыз калдыбы?!

Басма сөз баянаты Газа жалгыз калдыбы?! Кыргын, ойрондулук жана курчоо Газада кадыресе көрүнүшкө айланып калды.…

1 day ago

Шам тогутунун камактарында ачыкталган үрөй учурган көрүнүштөр Уммат перзенттеринин жүрөгүндө өкүмдарларды жок кыла турган жалынды алоолонтушу керек

Басма сөз баянаты Шам тогутунун камактарында ачыкталган үрөй учурган көрүнүштөр Уммат перзенттеринин жүрөгүндө өкүмдарларды жок…

1 day ago

Электрондук соода

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Суроо-жооп Электрондук соода Ассаламу алайкум уа рахматуллоохи уа баркатуху. Аллахым өмүрүңүзгө береке…

1 day ago

Бардык мусулмандарга, өзгөчө Шам калкына кайрылуу!!!

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Бардык мусулмандарга, өзгөчө Шам калкына кайрылуу!!!  Аллахка мактоолор, Расулуллахка жана Ал…

1 day ago

Жаңы жылды майрамдоо – харам

Жаңы жылды майрамдоо – харам! Мусулмандардын коргоочусу, шариятты колдонуучу Ислам мамлекети жок болгон бүгүнкү учурда Ислам…

2 days ago