Кыргыз өкмөтү Кызыл-Омпол уран кени боюнча комиссия түздү

442
0

Кыргыз өкмөтү Кызыл-Омпол уран кени боюнча комиссия түздү

Тоң районунун Көк-Мойнок айыл аймагындагы Кызыл-Омпол уран кениндеги чалгындоо иштерине байланыштуу өкмөттүк комиссия түзүлдү. Анын курамына министрлер,мекеме башчылары, өкмөттүн Ысык-Көлдөгү ыйгарым укуктуу өкүлү, аким, тийиштүү айыл өкмөт башчылары киришти.

Комиссияга Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Эмил Осмонбетов төрагалык кылат.

Буга чейин Көк-Мойнок айыл аймагынын башчысы Майрамгүл Кыдыралиева уран кенинде азырынча чалгындоо иштери гана жүрүп жатканын билдирген.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин маалыматына ылайык, лицензия 2010-жылдын 18-ноябрында берилген . Лицензиянын мөөнөтү 2020-жылдын 31-декабрында бүтөт.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here