Өзбекстан ИИМинин кызматкерлери терроризмге каршы тренингге катышуусуна АКШ демөөрчүлүк кылды

Өзбекстан ИИМинин кызматкерлери терроризмге каршы тренингге катышуусуна АКШ демөөрчүлүк кылды

Өзбекстан Ички иштер министрлигинин 13 кызматкери АКШ Мамлекеттик департаментинин алдындагы “Терроризмге каршы күрөштө жардам программасы”нын алкагында терроризмдин алдын алуу боюнча эки апталык тренингге катышты. Аталган тренинг полиция жана башка укук коргоо органдарындагы кызматкерлердин террорчуларды жана террордук топторду жок кылуу боюнча эң акыркы изилдөө жана жандашууларын өнүктүрүүгө каратылган.

АКШнын Өзбекстандагы элчиканасы кабарлагандай, Кошмо штаттардын өкүлү Алан Мельцер тренингди жыйынтыктаган иш-чарага катышып, бардык катышуучуларга сертификат тапшырды.

Алан Мельцер: “АКШ Өзбекстандын аймактагы туруктуулук, коопсуздук жана тынчтыкты камсыздоодо өсүп бара жаткан ролун жогору баалайт. Эки өлкөнүн коопсуз жана бейпил келечеги жолунда коопсуздукка тиешелүү маанилүү эл аралык коркунучтарга, анын ичинде терроризмге каршы күрөштө Өзбекстан менен кызматташтыкты бекемдөөгө умтулабыз”, – деди.

Тренингдин катышуучулары – маалыматтын булагын аныктоо, күзөтүү иштерин алып баруу, террорчу жана уюшкан кылмыштуу топтун каржылык ыкмаларын түшүнүү, террордук чабуул болгондо тергөө жүргүзүү, шектүүлөрдү жана күбөлөрдү суракка алуу, террорчулар жана кылмышкерлерди куугунтуктоого көмөктөшүү максатында маалыматты күзөтүп баруу жана анализдөө системасын иштеп чыгуу боюнча жаңы билимдерге ээ болушту.

Белгилүү болгондой, АКШ Ислам жана мусулмандарга каршы күрөшүндө “терроризм жана экстремизм” атамаларын маска катары колдонуп келет.

turkistonkg

Recent Posts

Германиянын Борбор Азиядагы таасири канчалык?

Германиянын Борбор Азиядагы таасири канчалык? 17-сентябрда Астанада Борбор Азия өлкөлөрү менен Германиянын лидерлери катышкан С5+1…

1 day ago

Зыянкеч акимдерди жолдон алып салуу

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Зыянкеч акимдерди жолдон алып салуу Урматтуу бир туугандар “Асыл…

1 day ago

Саткындыктын жана чынчылдыктын байрагы

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Саткындыктын жана чынчылдыктын байрагы Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

2 days ago

Ачууланба

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Ачууланба Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы…

2 days ago

Аллахтын берешендигинде чек жок

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Аллахтын берешендигинде чек жок Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

4 days ago

Адилеттүүлүк

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адилеттүүлүк Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы…

6 days ago