Эмомали Рахмон жана В.Путин биргелешкен билдирүү беришти

Эмомали Рахмон жана В.Путин биргелешкен билдирүү беришти

Россияга иш сапары менен барган Тажик президенти 17-апрель күнү Орусия президенти В.Путин менен жолугушту. Эки өлкө башчылары жабык эшик артында 1 саат сүйлөшүү жүргүзгөндөн кийин ЖМКга биргелешкен билдирүү беришти.

 Билдирүүрдө В.Путин, “Жыл сайын эки өлкөнүн соода алакасы туруктуу өсүүдө. Үстүбүздөгү жылы 25%га өсүп 900млн долларга жетти. Тажикстандын нефтепродуктуга болгон муктажыгын дээрлик толугу менен Россия камсыздайт”, деди.

 Ал сөзүн: “Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө коопсуздук маселесин да тыкыр талкууга алдык.  Борбор азиядагы тынчтыкты сактоо, Афганистандан келип жаткан коркунучка каршы туруу о.э. терроризмге, маңзатка каршы күрөшүү жана аскердик-техникалык тармактарда тыгыз иштешүүгө келиштик”, – деп жыйынтыктады.

Өз кезегинде Тажикстан президенти, Орусияда эмгектенип жүргөн тажик жарандарына миграциялык мунапыс берилишине үмүт артарын жана өз жарандарынын каттоого туруу жана патент алуу жол-жобосун жөнөкөйлөтүүнү суранарын билдирди.

Тышкы иштер министрлери Тажикстандан Россияга кирип жаткан товарлардын фитосанитардык талаптары туурасында жана баңгизаттар соодасына бөгөт коюу жаатында келишимдерге кол коюшту.

Рахмон бул иш сапарга Орусия президентинин чакыруусу менен барды.

Эскерте кетсек, СССРдин мураскору катары калган Россия Орто Азияны өз колониясы деп билет. Ошондуктан бул аймактагы саясий, экономикалык абалды ар дайым көзөмөлдө кармоого аракет кылат.

Акыркы учурда Кытайдын регионго экономикалык жактан кирип келүүсү бул аймакта жаңы геосаясий кырдаал жаратты. О.э. акырындык менен бул мамлекеттерде Кытайга ыктаган саясатчылар да пайда болуп барууда.  

Ушундай абалдарга байланыштуу, Россия президенти жакында Кыргызстанга масштабдуу иш сапары менен келип кетти. Андан соң, Казакстан президентин чакыртты. Мына эми Тажикстан президентин иш сапары менен келип кетүүгө чакырды.

Али Мауранахрий

turkistonkg

View Comments

Recent Posts

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

3 days ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

4 days ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

4 days ago

Амирлик (экинчи бөлүк)

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

4 days ago

Асыл хадис менен

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…

4 days ago

Таң караңгылыкты жарып Суданда Англия-Америка колонизаторлук күрөшү болуп жатканын ачыктады

Басма сөз баянаты Таң караңгылыкты жарып Суданда Англия-Америка колонизаторлук күрөшү болуп жатканын ачыктады Британия тарабынан…

5 days ago