Кыргызстандын Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Кытай менен кызматташууга даяр

Кыргызстандын Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Кытай менен кызматташууга даяр

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) экстремизмге каршы күрөштө Кытай менен кызматташууга даяр экендигин билдирди. Бул тууралуу, “Азаттык” радиосу  ЖАМКнын маалымат кызматына таянып кабарлады.

Кабарда келишинче, ЖАМКнын жетекчилери менен Кытайдын коопсуздук министрлигинин расмий өкүлдөрү ортосунда жолугушуу болуп, анда диний экстремизмдин алдын алууда кызматташуу маселеси талкууланган.

Кытайдын коопсуздук кызматы Чыгыш Түркстанда Ислам жана мусулмандарга каршы кандай күрөшүп жатканын дүйнө жүзү, айрыкча Кыргызстан жана Казакстандагы мусулмандар абдан жакшы билишет. Алар мусулмандарды Куран жана намаз окуудан, ал тургай, дуба кылуудан тыйып, бир миллиондон ашуун мусулманды лагерлерге камап, мажбурлап арам тамак жедирип, алардан Ислам дининен кайтууну талап кылууда. Туткундар арасында он миңдеген кыргыз жана казак улутундагы мусулмандар бар экендиги расмий түрдө тастыкталган. Кыргыз бийлиги камакка алынган кытайлык кыргыздардан кабар алууга да жарабады! Кытай тарап кыргыз бийлигинин ноталарына жооп берип да койбоду!

Кыргыз калкы “Кытай баскынчылыгына каршыбыз” деген аталышта масштабдуу акцияларды өткөрдү. Кыргыз калкы диний туйгулардан келип чыгып уюштурулган акция аркылуу дүйнөлүк коомчулукту Кытайдын зулумуна каршы аракеттенүүгө мажбурлай алды! О.э. бийликтин Кытай менен түзгөн бир катар  келишимдерине  – убактылуу болсо да – тоскоолдук кыла алды!

Убакыт өтүшү менен жараатыбыз унутулуп, Кытай тараптан күтүлүп жаткан материалдык, рухий жана моралдык кооп-коркунучтарга каршы аракеттер солгундай баштады! Мелис Турганбаев башында турган ЖАМК өкүлдөрү Кытайдын делегациясы менен Кыргызстан мусулмандарына жана Ислам динине каршы күрөшүү боюнча кеңеше баштады! Алар “экстремизм” деп атап алган куфр атамасы,  негизинен жалпы Ислам динин түшүндүрөт. Себеби, Кытай ачык эле Ислам дининин баалуулуктарына каршы күрөшүп жатканын көрүп турабыз. Муну, ал тургай дүйнөдөгү жетекчи уюмдар да моюнга алып, Кытайдан бул зулумдарды токтотууну талап кылышты.

Кытайдын атайын лагерлериндеги Ислам динине каршы күрөшүү долбоору эл аралык саясатта кызуу талкууланып жатат. Башкача айтканда, аларды Исламий мабдаъий өнүгүүнүн алдын алууда бул ыкма канчалык пайдалуу экендиги кызыктырууда. Мисалы, Россия да Кытайдын ушул жырткычтык ыкмасынан үлгү алып,  мыйзамсыз мигранттар үчүн токойлордо бир нече лагерлерди курду. Алардын бир тобун, көпчүлүгү мусулмандардан турган, эмгек мигранттары менен толтурду. Кыргызстан да алардын артынан ээрчип, жогорудагы сыяктуу жолугушууларды уюштура баштады!

Биз мусулмандар Кытай баскынчылыгы жана зулумдарына кайдыгер болуп, ага каршы күрөштү дээрлик токтотуп койдук. Эл аралык коомчулукка ишенип, исламий жамаъий рухту солгундатып койдук. Исламий жамаъий рух алсырап калган соң, куфр дүйнөсү Кытайдын исламга каршы күрөшүү долбооруна кызыга баштады. Куфр дүйнөсү Исламга каршы күрөштө демократия негиздери, демократия баалуулуктары жана принциптерин маска катары пайдаланып келет. Бирок, идеологиясы толук кризиске дуушар болуп, дүйнөдөгү калктарды алдай албай калгандыктан, алар да Кытайга окшоп зулумдарга толгон чыныгы жүзүн ачык эле көрсөтө башташты. Мисалы, алар Сирияга бастырып кирип, карапайым калкты массалык кыргын кылганда алардын чыныгы жүзү ашкере болду!

Демек, биз куфр зулумунан кутулууда экинчи тараптагы куфрдан үмүттөнүп, андан нажат жана нусрат күтүшүбүз туура эмес! Өздөрүн мусулман деп эсептеген Кыргызстан бийлигине о.э. ар бир ишке калк жана үммөттүн кызыкчылыктары чекитинен туруп жамаъий мамиле билдирип барышыбыз зарыл! Антпесек, Аллахтын алдында күнөөкөр болуу менен бир катарда, каапырлардын ички иштерибизге аралашуусуна шарт түзүп жаткан жетекчилерге шерик болуп калышыбыз мүмкүн (мындан Аллах сактасын). Натыйжада мамлекет жана калктын Кытайга же башка колонизаторго кулдугу күчөп бара берет. Ошондуктан, “Кытай баскынчылыгына каршыбыз” акциясын мөөнөтсүз жана үзгүлтүксүз уланталы. Кытай баскынчылыгына шарт түзүп бермекчи болуп жаткан саткын жетекчилерге каршы мухит пайда кылып, алардын жийиркеничтүү максаттарына тоскоолдук кылалы. Себеби, алар өз калкын, өлкөнүн кызыкчылыктары жана коопсуздугун арзыбаган дүйнө матасына сатып жибергени турушат!

Абдураззак.

turkistonkg

Recent Posts

Германиянын Борбор Азиядагы таасири канчалык?

Германиянын Борбор Азиядагы таасири канчалык? 17-сентябрда Астанада Борбор Азия өлкөлөрү менен Германиянын лидерлери катышкан С5+1…

1 day ago

Зыянкеч акимдерди жолдон алып салуу

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Зыянкеч акимдерди жолдон алып салуу Урматтуу бир туугандар “Асыл…

1 day ago

Саткындыктын жана чынчылдыктын байрагы

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Саткындыктын жана чынчылдыктын байрагы Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

2 days ago

Ачууланба

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Ачууланба Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы…

2 days ago

Аллахтын берешендигинде чек жок

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Аллахтын берешендигинде чек жок Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

4 days ago

Адилеттүүлүк

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адилеттүүлүк Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы…

6 days ago