Иордания коопсуздук кызматы Халифалык конференциясына тыюу салды
Иордания коопсуздук кызматы хижрий 1440-жылы 29-ражаб, миладий 2019-жылы 5-апрель жума күнү Хизб-ут-Тахрир–Иордания вилаятынын Амманда ижарага алган конференция залын жаап койду жана зал ээсин конференция өткөрүүдөн тыйды. Хизб бул залда бир катар конференция өткөрүү үчүн зарыл болгон бардык даярдыктарды аткарды. Өткөрүлө турган конференция «Ражаб айы – Халифалык айы» деп аталган эле.
Хизб-ут-Тахрир–Иордания вилаяты Иордания режиминин мындай кылмышы жөнүндө билдирүү чыгарды:
«Британия бул режимди пайда кылган тартып ал жана анын репрессиячыл коопсуздук кызматы Аллахка, Анын динине жана даъватын жеткирип жаткандарга каршы күрөшүүдө. Режим куфрга жана кафирлерге берилип, чөгөлөп кызмат кылып, Аллахтын дини болгон Исламга каршы согушуп келет. Бул режим түн жарымда үйлөргө бастырып кирип, үйдүн кол тийгистигин бузуу, камакка алуу, таяктоо сыяктуу кылмыштар аркылуу даъватты жеткирип жаткандарды тынымсыз кысымга алууда. Устаз Валид Хижазаттын камакка алынышы – режимдин кезектеги кылмышы. Коопсуздук кызматы устаздын үйүнө бастырып кирип, перзенттерин таякташкан, жада калса устаздын перзенттерин да үй камагына алуу жөнүндө өкүм чыгарылды».
Роя гезити, №229, 2019–жыл, 10–апрель.
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…
Басма сөз баянаты Таң караңгылыкты жарып Суданда Англия-Америка колонизаторлук күрөшү болуп жатканын ачыктады Британия тарабынан…