Ямандагы эл аралык күрөш жаңы баскычка кирдиби?!

Ямандагы эл аралык күрөш жаңы баскычка кирдиби?!

Шайиф Шарадий – Яман

Яман үстүндө ондогон жылдан бери уланып келген Британия-Америка күрөшү саясий да, аскерий да айла-амалдар колдонулгандыгы менен өзгөчөлөнүп турат. Соңку жылдарда, айрыкча, акыркы төрт жыл ичинде дагы да күч алган бул күрөш Яман калкына түрдүү кырсыктарды, балээлерди жана жугуштуу ооруларды алып келди. Америка менен Британиянын таасир талашуу күрөшүндө он миңдеген мусулмандын пакиза каны төгүлдү.

Ал жерде мурунтан эле таасир ээси болуп келген Британия Амирликтердеги жана Хадий өкмөтүндөгү өзүнүн малайлары аркылуу АКШга жана анын Хусий малайларына каршы күрөшүп, аскерий чечимге жетүүгө аракет кылып жатат. О.э. ал сүйлөшүүлөрдү бүлгүнгө учуратууга жана Американын Хусийлерге мыйзамдуулук түсүн берүүгө багытталган планын жокко чыгарууга урунууда. Бирок, Америка Хусий согушкерлери жана «Салман бороону» жардамында Британиянын пландарын кыйратып Ямандын картасын өзгөртүүгө жетишти. Бул болсо, Британияны өзүнүн аскерий чечиминен баш тартууга жана сүйлөшүүлөргө ыраазы болууга мажбур кылды. Хусийлер Санъа, Саъда, Имран, Хажжа, Махвит, Иб шаарларын көзөмөлгө алып, бекем жайгашып алышты, кийин дале согуш жүрүп жаткан Байзаны колго алуу үчүн күрөш алып барышууда. Хусийлер Хадидада жеңилүүсүнө аз калганда Америка Швеция келишими аркылуу аларды куткарып калды, кийин аларга Хадидада бекем орношуп алууну жана ал жерде Британия аракет кылып жаткан келишүү планына тоскоолдук кылууну кеңеш кылды. Британия Хусийлердин саясий чечимди артка сүрүшү аскерий чечимге кайтуу үчүн шылтоо деп көрсөттү жана келерки сүйлөшүүлөргө Хусийлердин үнү өчкөн көрүнүштө кирмекчи болду. Британия тышкы иштер министри Жереми Хант Хусийлерди Хадида портунан чыгып кетүүгө көндүүрүү үчүн Хусийлердин жетекчилери менен жолугушту. Ушул максатта Британия Амирликтерди жана анын тарапкерлерин Хадидада эл аралык байкоочулар аркылуу көзөмөлдөп келе жаткан аймактарда бекем жайгаштырууга аракет кылды. Британия өткөн айда БУУ комитетинен мурдагы эки аймакта (т.а. Яманды экиге бөлгөн аймакта) эмес, Хадидада күрөш линиясын бекемдөө үчүн 75 эл аралык байкоочуну жиберүү туурасында токтом чыгартып алууга жетишкен. Американын эки аймакты т.а. түндүк вилаяттарын түзүү планы бар, бул нерсе англистердин алты аймакты өз ичине алган планына тескери келет.

Европа мамлекеттери, негизинен, Британия Ямандагы өзүнүн таасирин жалаң гана акимдер жана алардын куйруктары жардамында бекемдөөнү каалабады. Британия буга кошумча интеллигенттер, журналисттер, уламалар, белгилүү адамдар, соодагерлер жана уруу башчыларынан турган топту пайда кылды. Негизинен, бул иш өз кожоюну болгон Британиянын таасирин Яманга кайра орнотуу үчүн күрөшүп жаткан Амирликтердин колу менен ишке ашты. Белгилүү болгондой, Британия армия жана согушкерлер аркылуу өз таасирин кайра тикелөөгө аракет кылды, бирок, Американын чоң басымдары себептүү мунун өтөөсүнөн чыга албады. Мына ошондо Британия күрөшкө жаңы жол ачты. Уруулар мүнөзүндөгү бул иште эски саясий чөйрө жана Салихтин тарапкерлери эсептелген уруулар козголоң кылышы керек эле. О.э. Хужур уруусу да Хажжа шаарынын мэриясында Амирликтер жана анын тарапкерлери тарабынан аракеттендирилип, үлкөн иштерди пландашкан. Планга ылайык, башка урууларды да аракетке келтирүү каралган. Бул болсо, Хусийлерди кекиртектен алып, алдан тайдыра турган нерсе. Мына ошондо башка уруулар да аларга каршы көтөрүлүп, баары бир болуп Хусийлердин башкаруусуна чекит коюшат. Хужур уруулары Хусийлердин зомбулугуна каршы бир нече апта катуу турду. Бирок, Хусийлер Америка түзүп берген ыплас пландардын негизинде, түрдүү ыкмалар жардамында Байза, Нахам жана Хадида сыяктуу алоолонгон фронтторду өчүрүүгө жетишти. Бул нерсе Хусийлер Хужурга жарып кирип, кыйратуу үчүн миңдеген адамдарды ал жерге киргизүүсүнө мүмкүнчүлүк берди. Саудия да өзүн Хужур урууларына жардам берип жаткандай кылып көрсөттү жана аларга күчтөрүн жөнөттү. Хусийлер шаарга бастырып кирип, урууларды өлтүрүүгө даяр билинген көргөн соң, каршылык кыймылына уруулардан баш тартуу жана аларды жардамсыз калтыруу кеңеши берилди. Акыбетте, уруулар кыргын, өч алуу жана куугунтуктоо менен «сыйланышты». Ушинтип башка урууларга да Хусийлерге каршы козголоң кылуунун акыбети ушундай болот деген сабак берилди. Кийин Саудия адаттагыдай кеңири көлөмдө аба соккуларын жаадырып, кожоюну Американын планын ишке ашырды, канкор башкесерлерди эмес, өлтүрүлүп жаткандарга зыян жектире баштады.

Келечекте Яманда абал мурдагыдан да жаман болушу мүмкүн. Күрөш аянычтуу түрдө уланып баардык тарапты кыйратууда. Мындай абалдын артынан ойрондулар гана калат, күрөш тизгини АКШ менен Британиянын колунда.

Бул ыплас оюндарды, Яман коомунда ага-инилер ортосундагы байланыштарды үзгөн бөлүнүүлөрдү токтотуунун бир гана жолу бар. Ал да болсо, Яман калкы бир нерсени жакшы түшүнүп алуулары зарыл, кутулуунун бир жолу – бул дин арканын бекем кармап, Роббини ыраазы кылуу, душмандарды токтотуу максатында алардын малайларынан баш тартуу жана Хизб-ут-Тахрир айланасында биригүү. Хизб Яман калкын душмандардын пландарынан эскертип, рошид Халифалыкты тикелөөгө чакырууда. Бул Халифалык Роббинин шарияты менен өкүм жүргүзөт жана Пайгамбарлык минхажы негизинде аракеттенет. Айла-амалдары тоолордун жемирилишине алып келген кафирлер тоскоолдук кылышса да, Халифалыкты тикелөө ишке ашкыс нерсе эмес.

Эй Яман калкы!

Согушту токтоткула, акыры мындай пайдасыз согушта өз перзенттериңердин каны төгүлүүдө, өлкөңөр урандыга айланууда, душмандарыңардын пландары ишке ашууда. Жетишет, ата-бабаларыңар алгачкы Ислам мамлекетинин ансарлары болушкандай, силер да Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалык мамлекетинин ансарлары болгула. Ушул көздөлгөн максатка жетүү кыйын иш эмес. Себеби, муну убадасына тескери иш кылбаган Аллах Субханаху убада кылды, нафси-каалоодон келип чыгып сүйлөбөгөн Расулуллах ﷺ башарат берди. Силердин Үммөтүңөр тирүү Үммөт. Бул Үммөт бүткүл дүйнө ага чабуул кылса да, жоготууларга тынымсыз учурап жатса да, алсыздыкка моюн сунбады.

Ушул Үммөттөн өсүп чыккан Хизб-ут-Тахрир – силердин хизбиңер. Ал убакыт-сааты жакындашып калган экинчи рошид Халифалыкты тикелөө үчүн күндү түнгө улап аракет кылууда.

إِنَّهُمْ يَرَوْنَهُ بَعِيدًا وَنَرَاهُ قَرِيبًا

«Алар аны алыс деп ойлошот, Биз болсо анын жакындыгын билебиз» [70:6-7]

Роя гезити, №227, 2019-жыл, 27-март.

turkistonkg

Recent Posts

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

2 days ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

4 days ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

4 days ago

Амирлик (экинчи бөлүк)

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

4 days ago

Асыл хадис менен

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…

4 days ago

Таң караңгылыкты жарып Суданда Англия-Америка колонизаторлук күрөшү болуп жатканын ачыктады

Басма сөз баянаты Таң караңгылыкты жарып Суданда Англия-Америка колонизаторлук күрөшү болуп жатканын ачыктады Британия тарабынан…

5 days ago