بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيم
Суроо-жооб
Алжирдеги күчтүү каршылык митингдери
Суроо:
«Sky News» кабар агентиги 2019-жылы 17-мартта «Бир нече күн аралыгында… Алжирдеги митингдер бийликтин «баш оорусуна» айланды» деген аталышта жарыялаган макаласында ушуларды келтирди: «Алжирдеги эң ири көз карандысыз профсоюздук бирикменин лидери жакын күндөрдө жалпы энергетика тармагында, анын ичинде газ, мунай жаатында жалпы иш таштоону ишке ашыруу үчүн юридикалык кадамдарды жасагандыгын билдирди». 2019-жылы 11-мартта Бутефлика талапкерлигин кайтарып алды. Ал 18-апрелге белгиленген президенттик шайлоонун мөөнөтүн жокко чыгарды жана анын убактысын кайра аныктоо үчүн жалпы улуттук конференция долбоорун жарыялады. Бирок, эл анын бул кадамын өзүнүн азыркы төртүнчү мамбашчылык мөөнөтүн узартуу катары санап аны четке какты. 2019-жылы 15-март жума күнү 2019-жылы 22-февралда митинг башталгандан бери эң көп эл чогулган митинг болуп өттү, миллиондогон адамдар көчөгө чыгышты. Суроо: бул күчтүү митингдер – айрыкча мунай өндүрүш жаатында иш таштоо – жергиликтүү абалдан келип чыктыбы же мында чет мамлекеттердин колу барбы? Ушунун негизинде Алжирдеги саясий кырдаал өзгөрөбү? Бул каршылык митигдерине карабастан, Бутефлика өзүнүн акыркы токтомунун негизинде дагы бир жыл бийликте калабы?
Жооб:
Болуп жаткан окуяларга, чет мамлекеттердин колу бар экендигине жана суроодо келген башка жагдайларга жооб берүү үчүн төмөнкүлөргө назара салуу зарыл:
Анан тышкары, ошол суроо-жоопто буларга токтолгонбуз: «Британия Американын Алжирде таасир ээ болуу планына каршы күрөшүп жатат, бул күрөш жогорудагыдан айырмаланат…». Мисалы:
а) Испания 91 жыл колония кылып турган Батыш Сахарадан 1976-жылы чыгып кеткенден кийин Америка Батыш Сахаранын көз карандысыздыгы үчүн күрөшкөн «Полисарио» кыймылынан ыңгайлуу учурду көрдү. Америка Түндүк Африкага, айрыкча Алжирге башын тыгып алуу үчүн бул кыймылды шылтоо катары пайдаланды… Бирок, Алжирдеги британиячыл бийлик бул маселени байкап турган. Ал «Полисариону» чек ара тилкелери менен чектеп, аны өзүнүн тыңчылары менен курчоого алды, себеби, ал Америка бул уюмдун ичине өз тыңчыларын киргизишин билген. Америка БУУну көзөмөл кылып, анын Батыш Сахара жаатындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн бардыгына басым кыла алгандыгына карабастан, Алжирде таасир күчүнө ээ боло албады.
б) Америка Алжирде база жайгаштыруу максатында «Africom» деп аталган атайын бөлүктөгү куралдуу күчтөрдү терроризмге каршы күрөшүү шылтоосу менен Алжирге киргизүүгө аракет кылды. Бирок, муну Алжир четке какты, анткени анын артында турган Британия Америка бул базаны Алжирге жайгаштыруу менен анын ишине аралашууну пландап жатканын сезди. Ошондуктан, Алжирдин ТИМи 2007-жылы 3-мартта: «Алжир Американын Африка боюнча атайын бөлүктөгү «Africom» аскерлеринин штаб-квартирасын Алжирге жайгаштыруусуна кызыкдар эмес», – деген билдирүү берди.
в) Америка 2012-жылы 22-мартта Малидеги окуяларды пайдаланып, терроризмге каршы күрөшүүнү күчтөөнү жана терроризмдин чеги Алжирге да жетип калды деген шылтоону карманып, Алжир менен аны биргеликте терроризмге каршы күрөшүүдө кызматташуусу үчүн иш сапарларын уюштурду. Бирок, ошого карабастан Алжир жана анын артында турган Британия Американын планын четке какты. Бул иш сапарлардын көрүнүктүүсү Хилари Клинтондун 2012-жылы 29-октябрда Бутефлика менен болгон жоолугушуусу болду» цитата бүттү.
Америка гезиттери Бутефликага каршы экени ачык-айкын болду. Бутефликанын токтому чыгары менен эле ага каршы позицияда «New York Times» гезититинин митингчилер арасындагы кабарчысы Алжир оппозициясы Бутефликанын бул кадамдарын айыптап, аны элди алдоо катары санап жаткандыгын жарыялады. Ошол эле маалда «Washington Post» гезити Бутефлика өз мөөнөтүн узартууга аракет кылып, бийликти өткөрүп ордун бошотуудан качып жатканын эскертти. Мына ушундайча негизде Америка Бутефлика менен бирге эмес позициясын гезиттери аркылуу ачыка чыгарды. Америка Алжирге таасирин киргизип алуу аракетинде митингдерди өз кызыкчылыгына пайдаланууга аракет кылып жатат. Биз жогоруда айтып өткөндөй, Америка ар бир өлкөдө ар кандай окуялардан өз максатына жетүү үчүн пайдаланууда. Ал Алжир элинин кызыкчылыгын ойлоп аракет кылган жок, себеби алардын кызыкчылыгын ойлосо – түздөн-түз болобу, же ыңкылаптар аркылуу болобу, же шериктеш мамлекеттер менен биргеликте болобу, же берилген малайлары аркылуу кылабы, айырмасыз – Мисир, Ирак, Сомали, Сирия, Ооганстан ж.б. өлкөлөрдүн калкын кордомок эмес.
Ушулардан көрүнүп тургандай, Франция бир туруп митингчилерди колдоого алса, ошол эле маалда Бутефликага карата чагымчылык кылбай, анын токтомун да кубаттады. Анткени, бул эки нерсеге таянат: биринчиси, бийликти капа кылып козутпай жеңил жол менен кийлигишүү. Экинчиси, Бутефликага каршы Америка менен бир катар болуп калуудан кыйгап өтүп, зарыл учурда өзүн Европанын бир бөлүгү катары көрсөтүүгө аракет кылууда. Эгер, Франция Алжирде Британиянын ордун баса алууга кудурети жетпей калса, анда Алжирде Америка таасиринин ордуна Британиянын таасири улануусун абзел көрөт.
Ал эми, Франциянын гезиттерине келсек, 2019-жылы 2-мартта «Франция 24» Франция гезиттеринин макаласын жарыялады, «Liberation» мындай дейт: «Алжир жаштары коомдук адилетүүлүккө жетүүгө жана өзгөртүүгө, айрыкча, Бутефликадан башка президентти билбегендерди өзгөртүүгө өтө ашык болушууда». Бул француз гезити дагы мындай деди: «Алжир жаштары мурункулардын кесепеттерин алар эмнеге көтөрүшү керектигин түшүнө албай жатышат. Бул жаштар чыныгы жасалма президенттин артына жашынган режимдин саясий өкүмдарлыгынан көбүрөөк нерсеге татыктуурак». Ал эми «Le Figaro» гезити Алжирдеги митингдер тууралуу «Алжир бийлигине каршы күчтүү митингдер толкуну» деп аталган макала жарыялады. Гезит мтингдерге «саясатчылар, Эркиндик партиясынын лидери Али бин Флис, президенттикке талапкер Рашид Нказ, мурунку өкмөт башчы Ахмед Бен-Битур, Бутефликаны биринчи мөөнөтүндө өз кызматтынан кетип калган маданият министири Абдел Азиз Рахаби сыяктуу саясатчылар» катышып жаткандыгын жазды. («Франция 24», 2019.03.02.).
а) Митингдер саясий жана экономикалык адилетсиздиктен улам, Бутефлика, анын чөйрөсү бийликти, байлыкты бүтүндөй ээлеп алуусу себептүү өз-өзүнөн табигый келип чыкты. Бутефлика тыңыраак баса албай, оңдуу сүйлөй албай жатып бешинчи мөөнөткө баруу айласын таппай төртүнчү мөөнөтүн узартуу аракетинде, ошондой эле анын саясий чөйрөсү өздөрүнүн каалоолоруна ылайык баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизишти. Ал жана анын саясий чөйрөсү жемкордук менен байлык топтоо камында. Алжир өзгөчө мунай жана газга бай болуп туруп элдер жакырчылыкта, кембагалчылыкта жашоо кечиришүүдө. Ал тургай, зарыл муктаждыктарына жете турган нерселерди да сатып ала алышпаган деңгээлге түшүп кетишти, жумушсуздук өз чегинен ашты. Бутефлика жана анын саясий чөйрөсү чет элдик компаниялар менен биргеликте элдин байлыгын тоноо аракетинде. Анын натыйжасында адамдар кыйын жашоо запкысын тартышууда.
б) Бутефлика өлсөм да бийликтен кетпейм деген негизде бийликке жармашып алды. Армия аны колдойт, ошондой эле британиячыл саясий чөйрө да аны колдойт. Анткени, Британия саясий чөйрөдө таасирге ээ. Ошондуктан, ал саясий чөйрөнү сактап калуу аракетинде. Алжирде өзүнө ыктаган малайлардын бийликке калуусу Британиянын Түндүк Африка боюнча иштеринде Америкага каршы туруу үчүн маанилүү. Алжир Ливияда Америка малайы Хафтарга каршы турат, Америка тарабынан колдоого алынган «Полисарио» кыймылын ооздуктоого салым кошот.
в) Франция Алжирде саясий, сакофий, экономикалык жактан колонизаторлук кызыкчылыгы бар, илгерки Алжирди колония кылып келген дымагы аны шыкактап турат. Америка таасири жайылышына каршы турууда 1965-жылдагы Бумедьен ыңкылабынан бери Алжирде Британия таасири орногон жана Франция Британия менен ымалага келишип алган, ошондой эле, Батыш колонизаторлугунан кутулуу үчүн умтулуп, Ислам адилетүүлүгүн орното турган туура жолдогу Халифалык мамлекеттин тикелөөгө аракет кылган мусулман өлкөлөрүндөгү кыймылдарга да биргеликте каршы туруу үчүн келишип алышкан. 1992-жылы франциячыл саясатчылар төңкөрүш жасашты, натыйжада жүз миңдеген адамдар өлүп, Алжирдин боштондугу үчүн күрөштө миллиондогон алжирликтерди кыргын кылган Францияны эске салды. Ага карабастан, каршылык толкунун тизгиндөө үчүн франциячыл саясатчылар митингдерге катышты, бирок, айтып өткөнүбүздөй, этияттык менен аралашышты….
г) Америка митинг кырдаалынан пайдаланып Алжирге башын тыгып алууну көздөп жатат. Ал өзү жамандыктын жарчысы болуп туруп өзүн адилетсиздикке, тирандарга каршы туруучу жана адам укуктарын сактоочу катары көргөзөт. Тескерисинче, аны зулум, адилетсиздик, тирандык эч качан тынчсыздантпайт. Ал тургай, ал өзү зулум менен адилетсиздикти жер жүзүнө жаят, айрыкча, мусулман өлкөлөрүндө тиран түзүмдөрдү колдоого алат. АКШ Саудияда Салманды жана анын баласын колдоого алды, Мисирде канкор Сисини, Иракта Ирак режимин колдоого алды, Сирияда түздөн-түз жана кыйыр түрдө малайлары, шериктештери аркылуу зулумду жайды. Американын камы Алжир элине жардам берүү эмес, тескерисинче ал Батыш Африка жана Сахара түштүгүндө Франция таасирин сүрүп чыгып, анын ордун ээлеп алуу максатында Алжирде өзүнө караштуу атайын бөлүктөрү үчүн түзүлгөн «Africom» куралдуу күчтөрүнүн базасын жайгаштырууну жана ал аркылуу Алжирге таасир өткөрүүнү каалап жатат. Американы Алжир байлыктарына ээлик кылып калуудан бөлөк, Хафтардын Ливия батышын көзөмөлдөөсүнө Алжир тоскоолдук жаратап жатканы кыжаалат кылып жатат.
д) Ал эми, Алжир эли болуп жаткан окуяларды толук кандуу аңдай алышат. Алар «Биздин мамбашчыны Вашингтон же Париж эмес, биз тандашыбыз керек» деген урандарды көтөрүп чыгышты. Ошондуктан, алар чет элдик кийлигишүүлөрдү, алардын максаттарын аңдай алышат. Алжир элинин колонизатор мамлекеттер өзүлөрүнүн жемкор малайларынын артына туруп, алар менен биргеликте кылган кылмыштарын анык сезе алышат жана бул жаатта чоң тажрыйбаны баштарынан өткөрүшкөн. Алар өзгөрүүгө карай умтулуп жатышат, Исламдын келишине аракет кылышууда. 1991-жылы Исламды бийликке алып келебиз дегендерди элдин 84%ы шайлаган. Жума намазынан кийин мечиттерден агылып чыккан миллиондогон адамдардын жүрүш кылуусу элдердин арасында Исламий туйгу канчалык экендигин көргөзүп турат. Митингдерде катышып жаткан илманийлер мечиттердеги намаз окуган мусулмандардын ири агымына нааразылык билдиришти.
е) Бул кыймылдан күтүлө турган натыйжага келсек, Алжирде негизги токтомдорду кабыл алуучу саясий чөйрө – бул британиячыл саясий чөйрө. Ал эми, франциячыл саясий чөйрө жокко эсе, айрыкча Бутефлика бийликте туруп жыйырма жылдан ашык өкүм жүгүзгөн мезгилде франциячыл саясатчыларды негизги токтомдорду кабыл алган чөйрөдөн бир топ алыстатып койгон. Ошондуктан, алар британиячыл саясий чөйрө менен негизги эмес маселелерде гана шериктеш иш алып баруу үчүн гана жарышат. Алардын мындан аркы абалы учурдагы митигдерден кандай ийгиликтүү пайдалана алышат, ошого жараша болот.
Ал эми, Американын Алжирде таяна турган саясий чөйрөсү жок. Ал адатынча мындай учурда армияга ыктайт. Бирок, азыр армия бийликти кубаттап жатат. Башкача айтканда, учурдагы митингдер Британияга малай саясий режимди Францияга же Америкага буруп жибере турган деңгээлде эмес.
ё) Ал эми, Бутефлика дагы бийликте кала береби же жокпу дегенге келсек. Ал учурда өкүм жүргүзө ала турган абалда эмес, өкүмдү анын айланасындагы британиячыл саясий чөйрө жүргүзөт. Каршылык митингдери күчөшү чындыктан алыс эмес, эгер толкундоо күчөп мунай жана газ тармагына коркунуч жаралса, Британия адатынча кара өзгөй саясий айлакерлигине салып Бутефликаны бийликтен кетирүүгө ыктайт. Башкача айтканда Британия бир Бутефликаны кетирип, өңү-жүзү башка, тили сайраган башка бир Бутефликаны бийликке алып келет!
ж) Бирок, режим Аллахтан жана Анын Расулунан алыс болсо, элди кыйынчылыктан чыгарып жыргал жашоого алып келбейт. Зулум жана жемкордуктун башаты болгон Батыштын капиталисттик түзүмү өкүм жүргүзгөн жерде эч качан кембагалчылык, жакырчылык, жумушсуздук жоюлбайт. Тескерисинче, көйгөйлөр, кыйынчылыктар кемчиликсиз Аллахтын түзүмү менен гана чечилет. Көпчүлүгүн мусулмандар түзгөн каршылык митингдериндеги элдер өз көйгөйлөрүн «Пайгамбарлык жолундагы Халифалык мамлекетин» тикелөө аркылуу чечүүгө аракет кылуулары лаазым. Халифалык менен гана бул дүйнө жана акырет бакытына кайтышат. Дүйнөнүн булуң бурчуна адилетүүлүк нуру жайылат, бактысыз жашоого чек койулат. Аллах айтат:
فَمَنِ اتَّبَعَ هُدَايَ فَلَا يَضِلُّ وَلَا يَشْقَى * وَمَنْ أَعْرَضَ عَنْ ذِكْرِي فَإِنَّ لَهُ مَعِيشَةً ضَنْكاً
«Ким менин хидаятыма ээрчисе ал адашапайт жана бактысыз да болбойт. Ким менин зикиримен жүз үйрүсө ага машакаттуу жашоо болот» [20:123-124]
12-ражаб, 1440-х.
21-март, 2019-м.
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Исламдагы сыпааттардын негизи Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…
Эмне үчүн мусулмандар экономикалык маселелерин чечүү үчүн өз дининин өкүмдөрүн колдонушпайт?! Мусулман болбогон адамдар да…
Кыргызстан саясаты Кытайга таянабы? Кыргызстан президенти Садыр Жапаров 4-февралда Кытай лидери Си Си Цзиньпиндин чакыруусу…
﷽ Мына ошентип, яхудийлер Газада жасаган үрөй учурган массалык кыргындан жана ойрондулуктардан кийин, мусулман акимдери…
Исламда маркумдун органын алмаштырууга болобу? Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештеги жыйын учурунда көз…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Суроо-жооп Газа элинин көчүрүлүшү тууралуу Суроо: “Аль-Жазира” 2025-жылдын 26-январында өзүнүн сайтына төмөнкү…