АКШ кансыз согуш доорундагы стратегияга кайтууга токтом кылды
Вашингтон кансыз согуш доорунда колдонулган – Европада аскерлерин өзгөчө кырдаалда күчөтүү стратегиясына кайтууда. Бул тууралуу, АКШ Коргоо министрлигинин расмий гезити болгон “Stars and Stripes”ге таянып, “Sputnik” кабарлады.
“Эми куралдуу күчтөрдүн кошуундарын күтүүсүздөн күчөтүү өнөр жайын кайрадан үйрөнүп, Пентагондун “Күчтөрдөн активдүү пайдалануу” катары белгилүү болгон жаңы стратегиясына ылайыкташууда. Бул стратегияга ылайык, аскерлердин өзгөчө кырдаалда аракеттениши аркылуу атаандаш күчтөр тең салмактуулугун кармап туруу керек болот”, – деп жазган басылма.
“Stars and Stripes” АКШ армиясынын жөө аскерлер батальону март айында Техастан Польшага көчүрүлгөнүн мисал кылып келтирген. Мындай чечимдер кансыз согуш доорундагы СССРге каршы туруу стратегиясын эске салат. Ошондо стратегиянын негизги артыкчылыктарынын бири америкалык бөлүктөрдү алдын ала эскертпей туруп мобилизациялоо болгон.
Аталган басылма, АКШнын Европадагы Улуттук гвардиясынын командачысынын орун басары генерал-майор Жон Гронскинин: “Бул нерсе үзгүлтүксүз күзөтүлөт. Биздин ар кандай атаадаштарыбызга, алар кайсы жерде болушуна карабастан, бул күтүүсүздөн жүз берет. Бул биздин улуттук коопсуздугубуз үчүн да жакшы болот. Негизгиси тизгиндеп туруу жана даярдык”, – деген сөздөрүн келтирген.
Буга чейин, Россия коопсуздук кеңешинин катчысынын орунбасары Михаил Попов “Красная звезда”га берген интервьюсунда, НАТО өз аскерлерин Россиянын чек арасына жакын жерлерге жайгаштырып жатканын айткан. Поповдун айтымында, альянс кансыз согуш доорундагы сыяктуу АКШ жана Канададан кошуундарды трансатлантикалык көчүрүү аркылуу күчөтүү системасын колдонуп жатат.
Поповдун билдиришинче, ыкчам “жооп кайтаруучу” альянс контингентинин саны эки жылдын ичинде 25 миңден 40 миңге чейин көбөйгөн.
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Исламдагы сыпааттардын негизи Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…
Эмне үчүн мусулмандар экономикалык маселелерин чечүү үчүн өз дининин өкүмдөрүн колдонушпайт?! Мусулман болбогон адамдар да…
Кыргызстан саясаты Кытайга таянабы? Кыргызстан президенти Садыр Жапаров 4-февралда Кытай лидери Си Си Цзиньпиндин чакыруусу…
﷽ Мына ошентип, яхудийлер Газада жасаган үрөй учурган массалык кыргындан жана ойрондулуктардан кийин, мусулман акимдери…
Исламда маркумдун органын алмаштырууга болобу? Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештеги жыйын учурунда көз…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Суроо-жооп Газа элинин көчүрүлүшү тууралуу Суроо: “Аль-Жазира” 2025-жылдын 26-январында өзүнүн сайтына төмөнкү…