Эгер, халифабыз болгондо жаңы зеландиялык террорист мындай кылмышка бармак эмес

Эгер, халифабыз болгондо жаңы зеландиялык террорист мындай кылмышка бармак эмес

«Ал-Жазира» сайты хижрий 1440-жылы 8-ражаб, миладий 2019-жылы 15-март күнү жарыялаган кабарда мындай делет:

«Крайстчерч шаарындагы эки мечитке жасалган куралдуу чабуул акыбетинде каза болгондордун саны 49га, жаралангандардын саны 50гө жетти, алардын арасында жаш балдар да бар. Премьер-министр Жасинда Ардерн чабуулду теракт деп атап, террористтик коркунуч жогору даражада деп жарыялады».

Премьер-министр: «Силерге алар зордукчул экстремизмдин курманы болушту деп айтуу өтө кайгылуу. Жыйырмадан ашык жаралангандар бар, алардын айрымдарынын абалы өтө оор. Азыр бул чабуулду теракт деп мүнөздөө ачык-айкын болуп турат», – деди.

Премьер-министр сөзүн улантып мындай деди: «Бул Жаңы Зеландиядагы кара күндөрдүн бири. Мамлекетте жүз берген бул окуя жөнөкөй зомбулуктардын бири эместиги жана бул сыяктуу окуя мурда болбогону баарына маалым».

«Ал-Жазира» кабарчысынын айтымында, бул канкор мурун мусулмандарды опузалап жүргөнү полицияга белгилүү болгон, бирок канкор бул кыргынды жасаганга чейин полиция анын коркутууларын терроризм же коркунуч деп эсептешпеген.

Роя гезити:

Жаңы Зеландияда намазкөйлөргө каршы жасалган бул кылмыш жаңылык эмес. Соңку жылдарда бул сыяктуу терактылар тынымсыз уланып жатат, муну акыркы окуя деп айтуу кыйын. Бир эле Европада 2015-жылы мусулмандарга каршы бул сыяктуу кылмыштуу чабуулдардын саны жети миңге жеткен.

АКШдагы акыркы шайлоо кампаниясы учурунда республикачылардан болгон көптөгөн талапкерлер мечиттерди жабууга, «террорчулардын» үй-бүлөлөрүн өлтүрүүгө, качкындарды кабыл алуу үчүн диний тесттерди күчөтүүгө чакырышты, мусулман качкындарды «кутурган иттер» деп аташты жана бардык мусулмандарга АКШга кирүүгө тыюу салууну талап кылышты.

Шек-күмөнсүз, мусулмандарга каршы мындай бетпактыктын жалгыз себеби – бул мусулмандардын коргой турган халифанын жоктугу. Андан тышкары, мусулман акимдеринин Исламга жана мусулмандарга каршы согушу кафирлерди мына ушундай арамза кымыштарды жасоого үндөөдө.

Бирок, ушунча азап-кыйынчылыктарды башынан өткөрүп жаткан болсок да, Аллахтын уруксаты менен, келечек Исламдыкы. Эртең рошид халифабыз мусулмандарга зыян жеткирүүгө аракет кылган ар кандай кимсеге: «Силерге каршы кошуунду жөнөткөнүмдү көрөсүң, анын башы силердин дарбазаңар алдында, арты биздин жерде болот», – деп өз жообун берет. Бул күн аны күтүп жаткан кишиге алыс эмес.

Роя гезити, №226, 2019-жыл 20-март.

turkistonkg

Recent Posts

Мужтахиддин сообу

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Мужтахиддин сообу Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн…

19 hours ago

Даъватты көтөрүп чыккандардын бири дүйнөдөн өттү

Таъзия Даъватты көтөрүп чыккандардын бири дүйнөдөн өттү Бул түндө Ислам жана мусулмандардын эр кишилеринин бири…

2 days ago

Судан коопсуздук кызматкерлери Хизб-ут-Тахрирдин мүчөсү устаз Фатих Абдуллахты камакка алды

Басма сөз баянаты Судан коопсуздук кызматкерлери Хизб-ут-Тахрирдин мүчөсү устаз Фатих Абдуллахты камакка алды Үч күн…

2 days ago

Эки жыл Исламсыз башкаруу: илахий аманатка кыянаттык

Басма сөз баянаты Эки жыл Исламсыз башкаруу: илахий аманатка кыянаттык Малайзия премьер-министри Анвар Ибрахим 2024-жылы…

2 days ago

Даъватты көтөрүп чыккандардын бири дүйнөдөн өттү

Таъзия Даъватты көтөрүп чыккандардын бири дүйнөдөн өттү ﴿مِّنَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ رِجَالٞ صَدَقُواْ مَا عَٰهَدُواْ ٱللَّهَ عَلَيۡهِۖ…

2 days ago