Трамптын Россия менен кызматташканы далилденбеди
АКШнын атайын прокурору Роберт Мюллер Дональд Трамп жана анын кызматкерлери 2016-жылдагы шайлоо кампаниясы учурунда Россия менен кызматташканын далилдөөчү фактыларды таба албады. Бул тууралуу РИА “Новости” кабарлады.
Атайын прокурор Роберт Мюллердин билдиришинче, АКШнын Демократиялык партиясына караштуу компьютерлердин бузулушуна Трамптын штабынын тиешеси болгон эмес. Прокурор бул айыптоо үчүн жоопкерчиликти “Россия өкмөтүнө караштуу хакерлерге” жүктөдү.
Мюллер эки жылдык иликтөө учурунда Россия эки ыкма менен шайлоого таасир өткөрүүгө аракет кылганын аныктады.
Атайын прокурор “Россиянын кийлигишүүсү ” боюнча отчётунда Трамп кылмыш кылганы аныкталбаганын, бирок, бул аны актабастыгын билдирди. Айрыкча, прокурор “Трамп адилеттүүлүк орнотууга тоскоолдук кылууга аракет кылдыбы” деген суроого жооп берүүдөн кыйналды.
АКШ юстиция министрлиги бул нерсе мыйзамга тескери эместигине көзү жеткенден кийин гана Мюллердин отчётундагы жаңы маалыматты жарыя кылуу боюнча чечим кабыл алат.
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Мужтахиддин сообу Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн…
Таъзия Даъватты көтөрүп чыккандардын бири дүйнөдөн өттү Бул түндө Ислам жана мусулмандардын эр кишилеринин бири…
Басма сөз баянаты Яхудий вужудунун ээн баштыгын жана Шам жерин бутага алган чабуулдарын исламий башкаруу…
Басма сөз баянаты Судан коопсуздук кызматкерлери Хизб-ут-Тахрирдин мүчөсү устаз Фатих Абдуллахты камакка алды Үч күн…
Басма сөз баянаты Эки жыл Исламсыз башкаруу: илахий аманатка кыянаттык Малайзия премьер-министри Анвар Ибрахим 2024-жылы…
Таъзия Даъватты көтөрүп чыккандардын бири дүйнөдөн өттү ﴿مِّنَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ رِجَالٞ صَدَقُواْ مَا عَٰهَدُواْ ٱللَّهَ عَلَيۡهِۖ…