«Нахза» кыймылы илманийлик менен Ислам ортосунда (1)

«Нахза» кыймылы илманийлик менен Ислам ортосунда (1)

Хамд Табиб

Тунисте 2010-жылы 17-декабрда элдик козголоң башталган, бул окуяга сегиз жыл болду. «Нахза» кыймылы ушул жылдары бир нече өкмөткө катышты. «Нахза» 2011-2014-жылдары «үчтүк өкмөтүнө» т.а. Жабалий жана Ариз өкмөтүнө үчүнчү партия катары, 2014-жылы Хабиб Сайд өкмөтүнө, 2016-жылы Юсуф Шахид өкмөтүнө кирди. Бирок, ал саясий вакиъдеги карама-каршылык жана жалгандарды, абал жамандашып жатканын жана саясий вакиълик кафир мамлекеттерге малайлык кылуу баткагына малынганын ачык айтпады. «Нахза» кыймылы адамдарга Тунис өкмөтүнө кирген же парламентте отурган бардык партиялар Исламга алакасы болбогон жана саясий Исламга каршы күрөшкөн солчу жана илманий партиялар экенин, Тунис проблемалары бир гана Аллахтын өкүмү аркылуу чечилишин айтышы керек эле. Тескерисинче, «Нахза» кыймылы саясий күрөш жарышына бекем жабышып алды. Кыймылдын жооптуулары өкмөттүн креслосу үчүн күрөшкө кирерин билдиришти. Кыймыл жетекчиси Рошид Ганнуший 2019-жылы 12-январда Стратегиялык жана дипломатиялык изилдөөлөр борборунда «Сегиз жылдан кийинки козголоңдун багыты. Пикир жана көрүнүштөр» деп аталган баяндамада мындай билдирүү берди: «Нахза кыймылы 2019-жылдын аягында өтчү президенттик шайлоого катышат». Рошид Ганнуший өзүнүн талапкерлигин көрсөтүүгө кызыкдар эмесин баса белгиледи. «Нахза» кыймылынын вакиъси бүтүндөй карама-каршылыктуу жана анын өлчөөлөрү өзгөрүп турат. Кыймыл Аллахтын динине каршы күрөшүп жаткан, Тунис калкын алдап жаткан жана малайлык баткагына малынган илманий партиялар менен бирге өкмөттө катышууда. Ошондой болгон соң, жалпысынан Тунис элине, өзгөчө «Нахза» кыймылындагы калыс кишилерге ушул чындыктарды жеткиребиз:

  1. Тунисте жүз берген козголоң жаман саясий абалга каршы козголуп, бактысыз турмуштан, көз кандылыктан кутулууга калыс умтулган о.э. амалий турмушта Исламга карай багыт алган эле. «Нахза» кыймылы 2011-жылы өткөрүлгөн уюштуруу кеңешине болгон шайлоолордо 217 орундун 89 орунун ээледи. Башкача айтканда, жалпы шайлоочулардын 42% т.а. 1,5 миллион кишинин добушун алды. Бул Тунис калкынын Исламга болгон сүйүүсүнүн амалий далили.
  2. Тунистеги колонизаторлуктун куралдарына каршы өткөрүлгөн козголоңдон сегиз жыл өтүп саясий вакиъ өзгөрбөдү. Тескерисинче, экономикалык, саясий жана социалдык тармактардын баарында бузгунчулук күчөдү. Расмий уюмдар жана адистер көрсөткөн сандар буга далил. Тунис улуттук статистика институтунун башчысы айтышынча, жумушсуздук 15%дан ашкан, айрым аймактарда мындан да жогору. Жумушсуздардын саны 640 миңден көбүрөөк кишини түзөт, жакыр жашап жаткандардын саны 1 миллион 694 миң кишинин тегерегинде. Акыйкатта болсо, айыл чарба үчүн жарактуу аянттар үлкөн, табигый байлыктар, өзгөчө сланец нефтиси өтө көп. Тунистин карызы болжол менен 76,165 миллиард динар болуп, ал ички дүң продукциянын 71,45%ын түзөт. Анын 22,523 миллиард динары ички карыз жана 53,840 миллиард динары тышкы карыз, бул жалпы карыздын 70,7%ын түзөт.
  3. Тунистеги саясий чөйрө Умматка да, анын пикирине да жакын эмес, тескерисинче, дининин өкүмдөрүнөн бүтүндөй алыс. Себеби, бул чөйрө мурдагы режимдин калдыктары болуп эсептелет. Эгер, ал Умматка жакын болсо козголоңдон кийинки биринчи шайлоодо т.а. 2011-жылдагы шайлоодо Уммат каалаган Исламды колдонмок. Бул шайлоодо Тунис калкынын чоң бөлүгү «Нахза» кыймылында көөдөлөнгөн Исламды тандашты. О.э. бул чөйрө Умматка жакын болгондо Исламды колдонууну айтып жаткан калыс Тунис перзенттерине каршылык кылбаган, аларды террорист жана экстремист деп атабаган болор эле, аларды камакка таштабаган, теңдик, аял эркиндиги, гейлер жөнүндөгү мыйзамдарды, мас кылуучу ичимдиктерге уруксат берүү, ачык кийинүү жана Аллахтын дининен чыгуу сыяктуу Ислам динине тескери мыйзамдарды иштеп чыкпаган болор эле.
  4. «Нахза» кыймылы, анын негиздөөчүлөрү билдиргендей, жашоону Ислам менен өзгөртүү үчүн түзүлгөн. Мурун «Нахза» кыймылы дегенде исламий жамаат түшүнүлгөн. Себеби, ал Тунистин мурдагы президенти Хабиб Буркиба коомду заманбапташтыруу үчүн алып барган иштерине каршы түзүлгөн. Буркиба диндин, мечиттин жана даъваттын ролун четке сүрүп койгон. Мунун натыйжасында эркиндик жана батышча жашоо таризин кабыл алуу көрүнүштөрү кеңири түс алган. Бирок, бул исламийлер муну коомдун тилдик жана диний өздүгүнө коркунуч туудурган бузулуу деп эсептешти. Тунистеги көпчүлүк мусулмандар бул жаатта «Нахза» кыймылына ээрчиген. Бирок, «Нахза» кыймылы өз тарапкерлерин алдады, колонизаторлорго сатылды, Исламга тескери мыйзамдарды кабыл алуу менен колонизаторлорду ыраазы кылды, солчул жана илманий партиялардын кучагына жүгүрдү. Ал Европа жана Америка күрөшкөн «терроризмге» каршы күрөшүп жатканын айтуудан уялбады. «Нахза» 2019-жылы 27-мартта Тунисте терроризмге каршы эл аралык жүрүшкө катышарын жарыялады. Максат тунистиктер бул коркунучка каршы тилектеш экенин, мамлекетти, козголоңду жана эркиндикти коргоого бекем экенин көрсөтүү болгон. Кыймыл билдирүү берип өз тарапкерлерин жана мүчөлөрүн ушул иш-чарага кошулууга чакырды. О.э. кыймыл өзүнүн онунчу конференциясында Исламдын түпкү маңызынан алысташканын жарыялап мындай деди: «Нахза – исламий түстөгү демократиялык жана илманий партия». Кыймыл жетекчиси Ганнуший ушул конференцияда: «Саясий Ислам термини Тунисте өзүн актабады, азыр «демократиялык мусулмандар» деп айтуу абзелирээк». О.э. кыймыл заманбап улуттук мамлекетке ылайыкташууга тоскоол болуп жаткан маселелерде Исламдын түпкү маңызынан жана өзгөргүс өкүмдөрүнөн алысташты жана чегинди. Бул маселелерге илманий мамлекет, саясий плюрализм, жарандык укуктар, эркиндиктер, аялдар маселеси, шариятты колдонуу, исламий мамлекет, зомбулук, дин менен мамлекеттин байланышы ж.б. кирет. Ал тургай, кыймылдын көптөгөн тарапкерлери минтип суроо сала башташты: «Ганнушийдин, Абдулфаттах Моронун жана башка кыймылдын өкүлдөрүнүн сөздөрүндөгү жана амалдарындагы Ислам кайда калды?». Көпчүлүк тунистиктер минтип сурап жатышат: «Бүгүн Тунис туш болуп жаткан маанилүү маселелерин чечүүдө «Нахза» кыймылы менен башка илманий партиялардын ортосунда кандай айырма бар?».
  5. Тунис калкынын өкмөткө кирген бардык партияларга карата ачуусу күчөдү. Ошондуктан, алар зулумга, жакырчылыкка, саясий малайлыкка жана эл байлыгы уурдалышына, саясий чөйрөдөгү ууру акимдерге каршы козголоң кылууга ачык чакыра башташты. Адамдар Тунис жумушчуларынын жалпы профсоюзу 2019-жылы 19-январда өткөргөн, бүткүл өлкөнү шал абалга алып кеген жумуш таштоого кошулганы буга жаркын далил. Бул демонстрациялар көпчүлүк региондордо дагы эле уланууда. Келечекте мындан да масштабдуу жумуш таштоолор болушу күтүлүүдө.

Биз Тунис башына түшкөн ушул ачуу чындык, кыйынчылык, жакырчылык, саясий туруксуздук, Исламдын түпкү маңызынан чегинүү, Умматтан жана анын нур тарыхынан алыстоо, ал эми Батыштын сасык демократиясына жана илманийлигине жакындашуу алдында биз ушуларды баян кылабыз…

Уландысы бар

Роя гезити

turkistonkg

Recent Posts

Имамдарга айлык акы кандай максатта берилет?

Имамдарга айлык акы кандай максатта берилет? Өлкө боюнча төрт миңге жакын мечиттин имамдарына март айынан…

5 minutes ago

Калкка чыныгы Исламды ким жеткирет?

Калкка чыныгы Исламды ким жеткирет? Массалык маалымат каражаттары 19-декабрда Жалалабад шаарында Хизб-ут-Тахрир исламий саясий партиясынын…

13 minutes ago

Жалал-Абаддагы окуя: Дааватты коргоо ар бирибиздин жоопкерчилик

Жалал-Абаддагы окуя: Дааватты коргоо ар бирибиздин жоопкерчилик Жалал-Абад облусунда 26-ноябрда Хизб жигиттери тарабынан “Дин тутуу…

8 hours ago

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу 27-декабрда башталат

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу27-декабрда башталат Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу 27-декабрда башталат. Бул тууралуу 20-декабрда президент…

1 day ago

Мужтахиддин сообу

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Мужтахиддин сообу Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн…

2 days ago

Даъватты көтөрүп чыккандардын бири дүйнөдөн өттү

Таъзия Даъватты көтөрүп чыккандардын бири дүйнөдөн өттү Бул түндө Ислам жана мусулмандардын эр кишилеринин бири…

3 days ago