Россиянын экономикалык өсүшү жалган экендиги маалым болду

411
0

Россиянын экономикалык өсүшү жалган экендиги маалым болду

“Коммерсантъ” гезити: “Росстат Россияда өнөржайдын өсүшү эки жылдан бери рекорддук  деңгээлге чыкканы жөнүндө кабар берди. Анын маалыматы боюнча, өнөржай ишканаларынын иштеп чыгаруусу 2019-жылдын  январь айындагы  1 пайыздан, февраль айындагы 4,1 пайызга чейин өскөн. Росстаттын отчёту экономисттерди таң калтырды, себеби өткөн үч айдын ичинде экономикада өндүрүштүн төмөндөөсү байкалган эле”, – деп жазды.

Басылманын билдиришинче, Росстаттын маалыматтары экономисттердин божомолу жана статистикалык мекеменин сурамжылоолоруна туура келбейт. Эксперттердин билдиришинче, герде сезондук жана календардык таасирлер эсепке алынса, анда жыл башынан бери өндүрүштүн өсүшү байкалган эмес.

Жогорку экономика мектеби “чийки” статистика негизинде отчёт даярдап, сезондук факторлорду эсепке алды жана 2019-жылдын февраль айында Россия экономикасында өсүш болбогонун аныктады. Жогорку экономикалык мектебинин отчётунда келишинче, 2019-жылдын февралында 2018-жылдын февраль айына салыштырмалуу жумушчу күнү бир күнгө көп болгон. Ошондуктан, иштеп чыгаруу көбөйгөндөй болуп көрүнгөн. Ошону менен бирге, эгерде эсептөөдө сезон жана календарь эсепке алына турган болсо, анда эки айда өндүрүштүн өскөнү эмес, тескерисинче, олуттуу көрүнүштө төмөндөгөнү белгилүү болот.

Росстат туура эмес отчёттору үчүн бир нече жолу сынга кабылган. Айрыкча, аталган мекеме 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча Россияда курулуш тармагынын өсүшү 5,3 пайыз болгонун кабарлаган, бирок, ноябрь айынын башында жылдык өсүш болгону 0,5 пайызга бааланган. Ушул жогорку көрсөткүчтөр, кийинчерээк Экономикалык өнүгүү министрлиги жыл жыйынтыгы боюнча ИДПнын өсүшүн божомол  кылынгандай 1,8 пайыз эмес, тескерисинче 2 пайыз деп баалашына шарт түздү. Эксперттер отчёттогу бул цифраларды сындап, аларды ойдон чыгарылган цифралар деп аташты. Росстат методологиясын биринчи вице премьер-министр, каржы министри Антон Силуанов да сындаган.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here