Жээнбеков cоттук-укуктук реформаны чечкиндүү ишке ашырарын билдирди
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков өлкөдөгү соттор реформа жүргүзүүгө тоскоолдук кылышууда деп эсептейт. Ал Кыргызстан сотторунун курултайында ушундай билдирүү менен чыкты.
Президент: “Өлкөбүздө жүрүп жаткан олуттуу реформаларды ишке ашыруу — сот системасынын адилеттүүлүгүн камсыз кылууга барып такалды. Бир катар жакшы демилгелер соттордун адилетсиздигинен улам токтоп калган учурлар бар. Коомчулук, албетте, мындай кырдаалды кескин өзгөртүүнү катуу талап кылат, талап кылууда. Ошондуктан, соттук-укуктук реформаны чечкиндүү ишке ашырабыз ”, – деди.
Ал кыйынчылыктарга карабастан сот реформасын “аягына чыгарарын ” билдирип: “Кандай гана реформа болбосун, кыйынчылык менен ишке ашат. Биз мындай оор реформаны алгачкы ирет ишке ашырып жатабыз”, – деди.
О.э. Жээнбеков судьяларга хадистен бир мисал келтирип : “Пайгамбарыбыз “Сот үч түрлүү болот. Экөө тозокто, бирөө бейиште” деп айткан. Акыйкатты билип, чындык менен өкүм чыгарса, анын орду бейиште. Ал эми маселени билбей туруп өкүм чыгарган, же акыйкатты билип туруп, бирок туура эмес өкүм чыгаргандар тозокто болот деп айткан”, – деди.
О.э. “Бирок ушуну унутпайлы, бул өмүр кыска. Кийин Кудайдын астына барганда баарына жооп беребиз” деди.
Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу27-декабрда башталат Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу 27-декабрда башталат. Бул тууралуу 20-декабрда президент…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Мужтахиддин сообу Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн…
Таъзия Даъватты көтөрүп чыккандардын бири дүйнөдөн өттү Бул түндө Ислам жана мусулмандардын эр кишилеринин бири…
Басма сөз баянаты Яхудий вужудунун ээн баштыгын жана Шам жерин бутага алган чабуулдарын исламий башкаруу…
Басма сөз баянаты Судан коопсуздук кызматкерлери Хизб-ут-Тахрирдин мүчөсү устаз Фатих Абдуллахты камакка алды Үч күн…
Басма сөз баянаты Эки жыл Исламсыз башкаруу: илахий аманатка кыянаттык Малайзия премьер-министри Анвар Ибрахим 2024-жылы…