Борбор Азияда Кыргызстан эл аралык саясий кескиндиктер борборуна айланып барууда.
25-февраль күнү Кыргызстанга АКШ мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысынын милдетин аткаруучу Элис Уеллс келип, Бакиевдер чыгарып кеткен 4.6 миллион долларды мамлекетке кайтарды. Ал эртеси күнү Өзбекстанга барып, акыркы эки жылда АКШ Өзбекстанга каржылык жардамды 3 эсеге көбөйткөнүн айтты.
Мындан бир аз мурда Ташкентте, “Борбор Азиядагы өз ара кызматташуу: чакырыктар жана жаңы мүмкүнчүлүктөр” деген аталышта конференция өтүп, ал конференцияга 36 мамлекеттин, эл аралык жана аймактык 9 уюмдун, 71 эксперттик борбордун жана 18 мамлекеттик эмес уюмдун өкүлдөрү катышкан.
21-февраль күнү Ташкенттеги “Hyatt Regency Tashkent” мейманканасында Борбор жана Түштүк Азия өлкөлөрүнүн Башкы штаб башчыларынын кезектеги конференциясы болуп өттү. Ага Өзбекстан, Казакстан, Пакистан, Түркмөнстан, Тажикстан жана Афганистандын башкы штаб башчылары, ал эми Кыргызстандан башкы штаб башчысынын биринчи орунбасары, АКШдан болсо CENTKOMдун командачысы катышты.
Март айынын аягында Россия президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга расмий сапар менен келери күтүлүүдө. Учурда анын сапарына даярдык иштери жүрүп жатат. Март айынын башында кыргыз-орус өкмөттөр аралык конференциясынын 21-сессиясы болуп өтөт.
Борбор Азияда бир тараптан Батыш колонизаторлору жогорудагы конференцияларды уюштуруп жаткан болсо, экинчи тараптан Россия Кыргызстандын түштүгүндө дагы бир аскерий база курууну пландаштырууда. Борбор Азия өлкөлөрү эл аралык жетекчи мамлекеттердин кызыкчылыктары ортосунда, коркутуулар жана басымдар астында калууда. Борбор Азия ири мамлекеттердин кызыкчылыктары ортосунда, кооп-коркунуч жана басымдар астында калды. Эки тарап тең болгон мүмкүнчүлүктөрүн ишке салып, ушул мамлекеттерди өз кызыкчылыгы тарапка жүргүзүү максатында басым өткөрө баштады.
Борбор Азия мамлекеттери АКШ, Россия жана Кытайдын ортосундагы келишпестик жана кескиндиктерди чечүүдө, алар үчүн тирешүү майданына айланып барууда. Алар жасалма коркунучтарды пайда кылуу менен ар түрдүү конференцияларды уюштуруп, көздөгөн максаттары жолунда бул коркунучтардан пайдаланууга аракет кылышат! Бул коркунучтардын алдын алуу жөнүндөгү талкуулардан кийин, алар аскерий базаларды куруу, кен-байлыктар, аэропорт жана темир жол сыяктуу стратегиялык жерлерибизди талашуу сыяктуу бир катар стратегиялык кызыкчылыктарга ээ болууга аракет кылышат.
Акыркы кездерде, эл аралык саясаттын кесепетинен Өзбекстан менен Кыргызстандын алакасы муздай баштады. Кыргызстандын Россиянын таасиринен чыгып кетүү мүмкүнчүлүгү жок. Өзбекстан болсо табигый ресурстары жана геосаясий жактан стратегиялык жайгашуусу себептүү – Батыштын колдоосу астында – Россиядан алыстай баштады. Ал АКШ менен кызматташтыкта Афганистанда тынчтык орнотуу долбоорун активдүү ишке ашырууда. Аталган долбоор ишке ашса Өзбекстан Афганистан аркылуу өтүүчү транзит жолун өз таасири астына алат. Ал тургай, анын Борбор Азияда таасирдүү мамлекетке айланышы күтүлүүдө.
Бул долбоор Россиянын Орто Азиядагы кызыкчылыктарына тескери келгендиктен, Россия Кыргызстанга басым өткөрүп, Өзбекстан менен кескин мамиле кылууга мажбурлай баштады. Кыргызстандын коопсуздук кызматкерлери Өзбекстандан келген “террористти” кармаганы жөнүндө расмий кабар таратышты жана кошуна мамлекеттен кооп-коркунуч келип жаткандай мухит пайда кылууга аракет кыла башташты. Россия бул проблемасын жөнгө салуу үчүн кандай натыйжаларга алып баруучу фитналарды уюштура алышы азырынча белгисиз. Бирок, ал болгон мүмкүнчүлүктөрүн ишке салары анык. Россия региондо аскерий жана башка фитналарды уюштуруу менен иш алып барат. Себеби, анын башка мүмкүнчүлүктөрү дээрлик калбады.
Кыргызстан бийлиги исламий кооп-коркунучтар жасалма экендигин жакшы билсе да, Россиядан коркуп, бул кооптуу мухитти пайда кылууда ага жардам берет. Себеби, Россия өз максаты жолунда мамлекетибизде террордук операцияларды уюштура алышын жакшы билет. Экономикалык, саясий тараптардан да эмгек мигранттарыбызга муктаж. Ошондуктан, Кыргызстандын Россия менен аягына чейин барары күтүлүүдө. Жогорудагы эл аралык саясий абалдын кесепетинен региондогу кошуна мамлекеттердин ортосу дагы кайрадан бузулары күтүлүүдө!
Жүз берип жаткан жараяндардын үммөткө же Борбор Азия жарандарына эч кандай пайдасы жок. Дүйнөлүк куфр башкаруусу негизиндеги эл аралык саясат региондогу бирер мамлекетти өз таасиринен чыгарып жибербейт. Демек, алардан көзкарандысыздык же кадыржамдык күтүүгө болбойт. Жакынкы Чыгышты карасак, күрттөргө ар дайым көзкарандысыздыкты убада кылып, алардан өз максаты жолунда пайдаланып келет. Күрттөр да ар дайым өз мамлекетине ээ болуу үмүтүндө куфрга жардам берип, Ислам жана мусулмандар кызыкчылыгына зыян жеткирип келишет! Ар кандай колонизатор бирер колониясын өз ыктыяры менен эгемендүү кылган эмес. Азаттык берилбейт, ал тартып алынат!
Ушул чекиттен туруп карасак, Борбор Азия өлкөлөрү дагы кайрадан айла-амал жана жалган жолу менен бара жатышат. Бийликтерибиз үммөттүн кызыкчылыктарын талап-тоноодо куфр менен биригип, саткынга айланышкан. Алар куфр мамлекеттери менен биргеликте өз калкын алдоо негизинде саясат жүргүзүшөт. Мисалы, керексиз долбоорлорго өз кызыкчылыктары үчүн Кытайдан карыз алып, үммөт кызыкчылыктарын, жер алдындагы жана жер бетиндеги байлыктарды ага берип жатышат.
Жогорудагы саясий кырдаал Борбор Азия мамлекеттерин бири-бирине каршы күрөшкө, балким согушка чейин алып барышы мүмкүн. Биз мусулмандар сергек болбосок, алар улуттар аралык, мамлекеттер же аймактар аралык согуш пайда кылууга аракет кылышат! Куфрдун айла-амалдарынан, бизди мабдаий исламий түшүнүктөн келип чыккан исламий боордоштук байламтасы негизиндеги Халифалык мамлекети гана сактап калышы мүмкүн!
Орган кызматкерлеринин куфр айла-амалдарына негизделген бардык фитналарынан сак бололу. Фитнанын эң чокусу, бир улуттун атынан экинчи улутка карата террордук операцияларды уюштурууга чейин жетип барышы мүмкүн. Булардын баары, колонизатор куфр мамлекеттердин кызыкчылыгы себептүү жүз бериши күтүлүп жаткан кооп-коркунучтар. Ошондуктан, сак бололу!
Хизб ут-Тахрир – Кыргызстан маалымат бөлүмүнүн мүчөсү Абдураззак
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Мужтахиддин сообу Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн…
Таъзия Даъватты көтөрүп чыккандардын бири дүйнөдөн өттү Бул түндө Ислам жана мусулмандардын эр кишилеринин бири…
Басма сөз баянаты Яхудий вужудунун ээн баштыгын жана Шам жерин бутага алган чабуулдарын исламий башкаруу…
Басма сөз баянаты Судан коопсуздук кызматкерлери Хизб-ут-Тахрирдин мүчөсү устаз Фатих Абдуллахты камакка алды Үч күн…
Басма сөз баянаты Эки жыл Исламсыз башкаруу: илахий аманатка кыянаттык Малайзия премьер-министри Анвар Ибрахим 2024-жылы…
Таъзия Даъватты көтөрүп чыккандардын бири дүйнөдөн өттү ﴿مِّنَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ رِجَالٞ صَدَقُواْ مَا عَٰهَدُواْ ٱللَّهَ عَلَيۡهِۖ…