АКШ Өзбекстан менен кызматташтык бекемделишинен үмүттөнүүдө

АКШ Өзбекстан менен кызматташтык бекемделишинен үмүттөнүүдө

АКШ мамлекеттик катчысынын  Түштүк жана Борбор Азия маселелери боюнча жардамчысы Элис Уэллс Өзбекстанга расмий сапар менен келет.

Мамлекеттик катчынын жардамчысы Уэллс Ташкентте Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов менен биргеликте АКШ менен Өзбекстандын ортосундагы жылдык эки тараптуу консультацияларды өткөрүү максатында АКШ өкмөтүнүн мекемелер аралык делегациясына башчылык кылат. 

Ал глобалдык жана аймактык коопсуздук, Афганистандагы тынчтык жараяны, экономикалык жана соода келишимдери, адам укуктары жана дин эркиндиги о.э. сот реформасы, билим берүү жана аялдардын укугу боюнча АКШ жана Өзбекстандын ортосундагы биргелешкен программаларды талкуулоо үчүн Өзбекстандын жетекчилери менен жолугушат. Бул президент Мирзиёевдин 2018-жылдын май айындагы АКШ-Өзбекстан стратегиялык өнөктөштүгү жаатында жаңы доорду ачып берген тарыхий сапарынан бери өткөрүлүп жаткан алгачкы эки тараптуу консультация болот.    
 
АКШ элчиканасынын маалымат кызматы тараткан билдирүүдө: “АКШ Мирзиёевдин реформаларын о.э. эки элдин ортосундагы эки тараптуу алакалардын өнүгүшүн колдоп, Өзбекстан менен кызматташтык мындан ары да бекемделишинен үмүттөнөт”, – деп айтылат.

turkistonkg

Recent Posts

Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет

Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет 20-январда ант берип, кайрадан…

1 day ago

Адам досунун динине ээрчийт

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адам  досунун динине ээрчийт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

2 days ago

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…

5 days ago

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

1 week ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

1 week ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

1 week ago