Борбор Азияда эл аралык саясий кырдаал курчуп барууда
Бишкекте “Борбор Азиядагы интеграциялык процесстер: бирдиктүү экономикалык мейкиндик жана бирдиктүү коопсуздук мейкиндиги” аттуу жыйын өттү.
Аталган жыйын Борбор Азиядагы француз институтунун жыйындар залында уюштурулду. Жыйынга Өзбекстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Казакстандан саясий эксперттер катышты. Эксперттер кошуна өлкөлөр коопсуздук жана экономика боюнча чогуу саясат жүргүзсө эл аралык саясатта чоң күч болорун белгилешти. Булак, “Азаттык” радиосу.
Мындан бир аз мурда Ташкентте, “Борбор Азиядагы өз ара кызматташуу: чакырыктар жана жаңы мүмкүнчүлүктөр” деген аталышта конференция өтүп, ал конференцияга 36 мамлекеттин, эл аралык жана аймактык 9 уюмдун, 71 эксперттик борборлордун, 18 мамлекеттик уюмдардын жана парламенттердин өкүлдөрү катышты.
21-февраль күнү Ташкенттеги “Hyatt Regency Tashkent” мейманканасында Борбор жана Түштүк Азия өлкөлөрүнүн Башкы штаб башчыларынын кезектеги конференциясы башталды. Ага Өзбекстан, Казакстан, Пакистан, Түркмөнстан, Тажикстан жана Афганистандын башкы штаб башчылары, ал эми Кыргызстандан башкы штаб башчысынын биринчи орунбасары, АКШдан болсо CENTKOMдун командачысы катышты.
Жогорудагы иш-чараларды Батыш колонизаторлору уюштуруп жаткан болсо, экинчи тараптан Россия да Кыргызстандын түштүгүндө дагы бир аскерий база курууну пландаштырып жатат. Борбор Азия ири мамлекеттердин кызыкчылыктары ортосунда, кооп-коркунуч жана басымдар астында калды. Эки тарап тең болгон мүмкүнчүлүктөрүн ишке салып, ушул мамлекеттерди өз кызыкчылыгы тарапка жүргүзүү максатында басым өткөрө баштады.
Борбор Азия АКШ, Россия жана Кытайдын ортосундагы келишпестик жана кескиндиктерди чечүүдө, алар үчүн тирешүү майданына айланып барууда. Алар жасалма коркунучтарды пайда кылуу менен ар түрдүү конференцияларды уюштуруп, көздөгөн максаттары жолунда бул коркунучтардан пайдаланууга аракет кылышат! Бул коркунучтардын алдын алуу жөнүндөгү талкуулардан кийин, аскерий базаларды куруу, кен-байлыктар, аэропорт жана темир жол сыяктуу стратегиялык жерлерибизди талашуу сыяктуу бир катар кызыкчылыктарга ээ болууга аракет кылышат.
Эл аралык саясаттын кесепетинен акыркы кезде Өзбекстан менен Кыргызстандын алакасы муздай баштады. Кыргызстандын Россиянын таасиринен чыгып кетүү мүмкүнчүлүгү жок. Өзбекстан болсо табигый ресурстары жана геосаясий жактан стратегиялык жайгашуусу себептүү, Батыштын колдоосу астында, Россиядан алыстай баштады. Ал АКШ менен кызматташтыкта Афганистанда тынчтык орнотуу долбоорун активдүү ишке ашырууда. Аталган долбоор ишке ашса Өзбекстан Афганистан аркылуу транзит жолун өз таасири астына алат. Ал тургай, анын Борбор Азияда таасирдүү мамлекетке айланышы күтүлүүдө.
Бул долбоор Россиянын Орто Азиядагы кызыкчылыктарына тескери келгендиктен, Россия Кыргызстанга басым өткөрүп, Өзбекстан менен кескин мамиле кылууга мажбурлай баштады. Кыргызстандын коопсуздук кызматкерлери Өзбекстандан келген “террористти” кармаганы жөнүндө расмий кабар таратышты жана кошуна мамлекеттен кооп-коркунуч келип жаткандай мухит пайда кылууга аракет кыла башташты. Россия бул проблемасын жөнгө салуу үчүн кандай натыйжаларга алып баруучу фитналарды уюштура алышы азырынча белгисиз. Бирок, ал болгон мүмкүнчүлүктөрүн ишке салары анык. Россия региондо аскерий жана башка фитналарды уюштуруу менен иш алып барат. Себеби, анын башка мүмкүнчүлүктөрү дээрлик калбады.
Кыргызстан исламий кооп-коркунучтар жасалма экендигин жакшы билсе да, Россиядан коркуп, бул кооптуу мухитти пайда кылууда ага жардам берет. Себеби, Россия өз максаты жолунда мамлекетибизде террордук операцияларды уюштура алышын жакшы билет. Экономикалык, саясий тараптардан да эмгек мигранттарыбызга муктаж. Ошондуктан, Кыргызстандын Россия менен аягына чейин барары күтүлүүдө. Жогорудагы эл аралык саясий абалдын кесепетинен региондогу кошуна мамлекеттердин ортосу дагы кайрадан бузулары күтүлүүдө!
Жүз берип жаткан жараяндардын үммөткө же Борбор Азия жарандарына эч кандай пайдасы жок. Дүйнөлүк куфр башкаруусу негизиндеги эл аралык саясат региондогу бирер мамлекетти өз таасиринен чыгарып жибербейт. Демек, алардан көзкарандысыздык же кадыржамдык күтүүгө болбойт. Жакынкы Чыгышты карасак, күрттөргө ар дайым көзкарандысыздыкты убада кылып, алардан өз максаты жолунда пайдаланып келет. Күрттөр да ар дайым өз мамлекетине ээ болуу үмүтүндө куфрга жардам берип, Ислам жана мусулмандар кызыкчылыгына зыян жеткирип келишет! Ар кандай колонизатор бирер колониясын өз ыктыяры менен эгемендүү кылган эмес. Азаттык берилбейт, ал тартып алынат!
Ушул чекиттен туруп карасак, Борбор Азия өлкөлөрү дагы кайрадан айла-амал жана жалган жолу менен бара жатышат. Бийликтерибиз үммөттүн кызыкчылыктарын талап-тоноодо куфр менен биригип, саткынга айланышкан. Алар куфр мамлекеттери менен биргеликте өз калкын алдоо негизинде саясат жүргүзүшөт. Мисалы, керексиз долбоорлорго өз кызыкчылыктары үчүн Кытайдан карыз алып, үммөт кызыкчылыктарын, жер алдындагы жана жер бетиндеги байлыктарды ага берип жатышат.
Жогорудагы саясий кырдаал Борбор Азия мамлекеттерин бири-бирине каршы күрөшкө, балким согушка чейин алып барышы мүмкүн. Биз мусулмандар сергек болбосок, алар улуттар аралык, мамлекеттер же аймактар аралык согуш пайда кылууга аракет кылышат! Бизди мабдаий исламий түшүнүктөн келип чыккан исламий боордоштук байламтасы гана сактап калышы мүмкүн! Орган кызматкерлеринин куфр айла-амалдарына негизделген бардык фитналарынан сак бололу. Фитнанын эң чокусу, бир улуттун атынан экинчи улутка карата террордук операцияларды уюштурууга чейин жетип барышы мүмкүн, сак бололу!
Абдураззак.
Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет 20-январда ант берип, кайрадан…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адам досунун динине ээрчийт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…
18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…