Аббас Ислам Умматынан бөлүнүүнү улантууда

Аббас Ислам Умматынан бөлүнүүнү улантууда

«Кудс Арабий» сайты хижрий 1440-жылы 1-жумадус-саний, миладий 2019-жылы 6-февраль күнү жарыялаган кабарда мындай делет:

«Шаршемби күнү Фалестина жетекчиси Махмуд Аббас анын режими Сириянын Араб Мамлекеттеринин Лигасына кайткандыгын колдорун билдирип бул кадамды расмий түрдө алкыштаган араб мамлекеттеринин жетекчилеринин биринчиси болду.

Аббас «Спутник» маалымат агенттигине интервью берип: «Биз Сириянын Араб Мамлекеттеринин Лигасына кайтышын принципилдуу жактан колдойбуз. Келечекте мындай иш-аракеттер араб мамлекеттеринин кеңешүүсү менен ишке ашырылат деп үмүт кылабыз», – деди».

Роя гезити:

Аббасты бул билдирүүсү жаңылык да, таң калычтуу нерсе да эмес. Анын Ислам Умматынын душмандары менен достошкону жана мусулмандарды өлтүргөнү тууралуу тарыхы узун. Буга анын яхудий вужудуна берилгендиги о.э. анын коопсуздук жана башка кызматтары менен келишип иш алып барып жатканы жаркын далил. Аббастын бул билдирүүсү ал өзү жана режими Ислам Умматынан бөлүнгөнүн дагы бир жолу көрсөтүп турат. Аббас Американын исламий өлкөлөрдөгү өзүнүн малайларына кылмышкер Асад режимин суудан кургак чыгаруу жөнүндөгү буйругуна мусулмандарды баш ийдирмекчи. Негизи, бул кылмышкер режим порох бочкалардын жана химиялык куралдардын жардамында миллиондогон инсанды кыргын кылды, үй-жайларын ойрон кылып, он миллиондогонун качкынга айлантты. Мындай кылмыштарды жасаган режим тарыхта аз учурайт.

Аббас, анын режими жана анын позициясын кармангандар, шек-күмөнсүз, Фалестина элине да, Ислам Умматына да таандык эмес. Ислам өлкөлөрүндөгү акимдер, алардын уюмдары, Араб Мамлекеттеринин Лигасы Исламга жана мусулмандарга каршы согуш жарыялаган колонизатор мамлекеттердин колундагы куурчактан башка нерсе эмесин бүгүн Ислам Умматы түшүнүп калды. Андыктан, Исламий Уммат бул жуундукор режимдерди түп тамыры менен жок кылуудан жана Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты тикелөөдөн башка эч кандай нажат жолу жок деген катъий чечимге келиши зарыл.

Роя гезити, №221, 2019жыл, 13февраль.

turkistonkg

Recent Posts

Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет

Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет 20-январда ант берип, кайрадан…

1 day ago

Адам досунун динине ээрчийт

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адам  досунун динине ээрчийт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

2 days ago

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…

5 days ago

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

1 week ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

1 week ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

1 week ago