Ташкентте Борбор Азиядагы коопсуздукка арналган конференция болуп өтөт

Ташкентте Борбор Азиядагы коопсуздукка арналган конференция болуп өтөт

 2019-жылдын 19-20-февраль күндөрү Ташкентте болуп өтүүчү эл аралык конференцияга 130гө чукул чет өлкөлүк эксперттер катышары белгилүү болду. Бул тууралуу Өзбекстан Тышкы иштер министрлиги кабарлаган. 

 “Борбор Азиядагы өз ара кызматташуу: чакырыктар жана жаңы мүмкүнчүлүктөр” деген аталышта болуп өтүүчү эл аралык конференцияга 36 мамлекеттин, эл аралык жана аймактык 9 уюмдун, 71 эксперттик борборлордун, 18 мамлекеттик уюмдардын жана парламенттердин өкүлдөрү катышары белгилүү болду. 

Жыйында эксперттер Борбор Азиядагы аймактык коопсуздук, соода-экономикалык, транспорт-коммуникациялык, суу жана экология, энергетика, туризм жана маданий-гуманитардык тармактарда кызматташуу маселелери боюнча пикир алмашышат.

Конференцияны уюштуруучулардын бири, ООНдун Борбор Азия үчүн превентивдик дипломатия аймактык борборунун жетекчиси Наталья Германдын сөзгө чыгары күтүлүүдө.

О.э. конференцияга Европа Союзунун Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Питер Буриан, Дүйнөлүк соода уюмунун башкы директорунун орун басары Алан Вульф, АКШнын тышкы саясат кеңешинин алдындагы Борбор Азия жана Кавказ институтунун жетекчиси Фредерик Старр, Кытайдын заманбап эл аралык алакалар академиясынын президенти Цзи Чжие, Афганистандын соода жана өнөржай министринин орун басары Камил Сиддики о.э. региондун проблемасына адистешкен таасирдүү эксперт жана серепчилер катышат.

turkistonkg

Recent Posts

Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет

Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет 20-январда ант берип, кайрадан…

1 day ago

Адам досунун динине ээрчийт

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адам  досунун динине ээрчийт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

2 days ago

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…

5 days ago

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

1 week ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

1 week ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

1 week ago