Патрушев: НАТО Афганистанда коопсуздукту камсыздоо боюнча бир да милдетти аткарбады
Россия Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев Советтик аскерлердин Афганистандан чыгарылышынын 30 жылдыгына байланыштуу берген интервьюсунда, “Советтик аскерлер Афганистанда 10 жылдан азыраак убакыт болгонун, НАТО болсо андан 2 эсе көбүрөөк убакыттан бери турганын ” белгиледи. Советтик аскерлер Афганистанда 1979-жылдын декабрь айынан 1989-жылдын февралына чейин болгон.
Патрушев: “Ушунча жылдан бери НАТО Афганистанда коопсуздукту камсыздабады, БУУнун Коопсуздук кеңешинин мандатында каралган милдеттенмелердин бирин да аткарбады ”, -деди.
Анын айтымында, учурда Афганистанда “ИШИМ” согушкерлеринин саны 4 миңге жетип калган. О.э. расмий өкмөт мамлекеттин 60 пайыздан көбүрөөк аймагын көзөмөлдөбөйт, наркотикалык заттарды өндүрүү болсо 43 эсеге көбөйгөн.
Патрушевдин билдиришинче, АКШ Афганистанда көптөгөн жылдарга калууну көздөйт. Ошондуктан, Вашингтон Кабулду АКШ куралына көз каранды кылууда.
“НАТО контингентиАфганистандан чыгарылышына келсек, биз мындай билдирүүлөрдү америкалык расмийлерден көп жолу укканбыз. Бирок, иш жүзүндө алардын бири да аткарылбай жатат. Биз АКШ Афганистанда көптөгөн жылдарга калуу үчүн бул мамлекетти АКШнын куралы жана аскерий техникаларына көз каранды кылуу системасын түзүп жатканына күбө болуп жатабыз”, – деп айткан Патрушев.
Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет 20-январда ант берип, кайрадан…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адам досунун динине ээрчийт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…
18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…