Хасинанын башкесерлери Исламга даъват кылганы үчүн соттолгон адамдын жубайын уурдап кетишти

Хасинанын башкесерлери Исламга даъват кылганы үчүн соттолгон адамдын жубайын уурдап кетишти

Хизб-ут-Тахрир–Бангладеш вилаяты Хасина режиминин башкесерлери жасаган жийиркеничтүү иш-аракетти кескин каралайт. Хасина режиминин башкесерлери мумин аялды өз үйүнөн уурдап кетишти, бул аял үч ай мурун соттолгон даъватчы кишинин жубайы эле. Дал ушул себеп менен бул даъватчынын иниси да уурдалды, анын каякта кармалып турганы дагы эле белгисиз. Партия аларды тезинен бошотууну талап кылды.

Хизб-ут-Тахрир билдирүүсүндө мындай делет: «Хасина колонитаторлордун колдоосу жана алдоо жолу менен кайрадан бийликке келгенден кийин ал өз кожоюндары астындагы карызын төлөөгө урунууда, алардын Исламга каршы согушуна толук кошулууда. Хасина рошид Халифалыкты тикелөө кыймылын саясий жол аркылуу токтото албаган соң, Халифалыкты тикелөө кыймылынын активисттеринин үй-бүлөлөрүнө каршы залимдиктин жийиркеничтүү аракеттерин колдоно баштады. Кафир колонизаторлор сыяктуу Хасина да мусулман аялдарды уялбастан куугунтуктоодо».

Хизб-ут-Тахрир Хасина жана анын режимине мындай кайрылуу жолдоду: «Тарых ырастап тургандай, эч ким эч убакта мусулмандарды кыйноого салуу аркылуу Исламды токтото албаган. Аллах – бүткүл муминдердин коргоочусу жана Ал – мушриктер каалабаса да – Өз динине жардам берет. Хасина билип койсун, мусулмандарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө – Исламга чакырышканы үчүн гана – зулум кылгандар жана куугунтуктагандар шексиз жеңилүүгө дуушар болушат. Тозоктон нажат табуунун жалгыз жолу – өз убагында тообо келтирүү жана рошид Халифалыктын жактоочуларына каршы бардык жийиркеничтүү кылмыштарды жасоону токтотуу».

Роя гезити, 2019-жыл, 6-февраль.

turkistonkg

Recent Posts

Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет

Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет 20-январда ант берип, кайрадан…

1 day ago

Адам досунун динине ээрчийт

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адам  досунун динине ээрчийт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

2 days ago

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…

5 days ago

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

1 week ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

1 week ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

1 week ago