АКШнын мамлекеттик карызы рекорддук чекке жетти

АКШнын мамлекеттик карызы рекорддук чекке жетти

АКШнын мамлекеттик карызы өлкөнүн тарыхында алгачкы жолу 22 триллион долларга жетти. Бул тууралуу АКШнын Каржы министрлиги кабарлады.

Кабарда келишинче, февраль айынын башынан бери эле карыздын үстүнө 90 миллиард доллар кошулуп, 22,012 триллион долларга жеткен.

Мындан тышкары, акыркы 11 айда мамлекеттик карыз 1 триллион долларга көбөйгөн.

 “USA Today” басылмасынын маалыматына ылайык, АКШнын мамлекеттик карызы Дональд Трамп президентикке келгенден бери күн санап өсүүдө. Буга бюждетке 1,5 триллион доллар чыгым келтирген салык реформасы жана коргонууга кеткен каражаттын көбөйүшү да себеп болууда.

Буга чейин, АКШнын бюджетиндеги дефицит 2018-жылы 17 пайызга өсүп, 779 миллиард доллар болгону кабарланган.

Туркистон:

АКШнын карызы алтында эмес, долларда. Доллар болсо, АКШнын эле эмес дүйнөдөгү бардык мамлекеттердин мамилесиндеги негизги өлчөө болуп эсептелет. Ал тургай, бүгүнкү күндө алтын да доллар менен баалана турган сыръёго айланып калды.

АКШ доллары дүйнөлүк экономиканын айырбаштоодогу негизги валютасы болуп эсептелет. Доллардын кунсузданышы же тескерисинче кубаттанышы, бай мамлекеттерде каржылык же экономикалык дисбаланстарды келтирип чыгарышы мүмкүн. АКШ дүйнө жүзүндөгү саясий жана экономикалык кызыкчылыктарын ишке ашырууда доллардын ушул макамынан курал катары пайдаланып келет. Мисалы: 2001-жылы 11сентябрь окуясынан кийин АКШ Афганистанга согуш ача турган болду. Ошондо БУУнун Коопсуздук кеңешине мүчө болгон Франция, Россия сыяктуу жетекчи мамлекеттер бул согушка каршы чыгып, Коопсуздук кеңешинде бул согушка каршы вето коймокчу болушту. АКШ буга каршы долларды дүйнө жүзү боюнча 30% га кунсуздандырып жиберди. Натыйжада, каршы чыгып жаткан бардык мамлекеттер коалицияга мүчө болууга мажбур болушту. Себеби, доллардын түшүп кетиши Европа мамлекеттеринин экспорту токтоп калышына алып барат эле. Бул болсо, жүздөгөн ишканалардын банкрот болушуна жана алардын мамлекетке саясий басымдарды өткөрүшүнө алып барат.

 Эгерде АКШ азыр өзүнүн карызын акча басып чыгаруу менен төлөй баштаса, бай жана жетекчи мамлекеттер буга каршы болушат. Себеби, бул нерсе дагы кайрадан ар түрдүү экономикалык кризистерди пайда кылышы мүмкүн. Экспорт жана импорт ортосундагы дүйнөлүк же аймактык дисбаланстарды пайда кылат.

Ошондуктан, АКШ өзүнүн карыздарын ушундай кооптуу көрүнүштө жарыя кылат. Себеби, ал өзүнөн өзү карыз десек да болот. АКШнын өзүн жана дүйнөнү башкаруудагы бул финансылык абалы, өтө кооптуу жана көйгөйлүү абал.

turkistonkg

Recent Posts

Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет

Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет 20-январда ант берип, кайрадан…

1 day ago

Адам досунун динине ээрчийт

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адам  досунун динине ээрчийт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

2 days ago

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…

5 days ago

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

1 week ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

1 week ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

1 week ago