ИИМ интернеттеги социалдык тармактардагы даават жана чакырыктарга каршы күрөшөт

ИИМ интернеттеги социалдык тармактардагы даават жана чакырыктарга каршы күрөшөт

“Азаттык” радиосунун 10-февралдагы чыгарылышында, Ички иштер министрлиги улут аралык, диний кастыкты козуткан жана аймактык ажырымга алып келген чакырыктарга жана чагымчыл материалдарга каршы күрөштү күчөткөнү кабарланды.

ИИМдин экстремизмге каршы аракеттенүү кызматынын бөлүм башчысы Эрлан Бакиев интернет аркылуу коомду козгоп жаткан жашыруун акаунттар аныкталып жатканын билдирди.

О.э. улуттук коопсуздук маселеси боюнча эксперт, генерал-майор  Марат Иманкулов да социалдык тармактардагы болуп жаткан чакырыктар башаламандыкка алып барышынан эскертти. Алар бул тармактарда иш алып барып жаткан адамдарды аныктоо иштери активдешкенин о.э. аларга каршы мыйзамдар да күчөтүлгөнүн айтып өтүштү.

Акыркы жылдарда дүйнөдө интернет тармагы аркылуу пикир таратуу массалык түс алып, маалымат каражаттарынын башка тармактарын артта калтырууда. О.э. Ислам жана мусулмандардын да, жүз берип жаткан окуяларга интернет тармактары жардамында исламий көз караштан туруп мамиле жана саясий пикирлерин билдириши массалык урфка айланып барууда. Кыргызстандагы мусулмандар социалдык тармактар аркылуу ишке ашырып жаткан саясий иш аракеттер саясий күрөш деңгээлине чыкты! Муну жогорудагы чиновниктердин сөздөрүнөн түшүнүп алууга болот.

Саясий күрөш – бул жарандар кызыкчылыгына кол салып жаткан бийлик жана жетекчи топторго каршы багытталган аракеттер болуп, залимдердин зулумун ашкере кылуу о.э. ошол иштер үчүн негизги кызыкчылыктуу тараптарды баян кылып белгилеп баруу. Элдин кызыкчылыгына тескери келип жаткан бардык саясий иштерди, келишимдерди, элдик мүлктөр чет өлкөлүктөргө кыянаттык менен сатылып жатканын ашкере кылуу о.э.  бийликтин өзүнө караштуу маалымат каражаттары аркылуу жалган маалыматтарды таратып жатканын ашкере кылуу сыяктуу иштердин бардыгы саясий иш, же саясий күрөш деп этибар кылынат. 

Кыргыз бийлигинин бардык былыктары дал ушул интернет тармагы аркылуу ачылып жатат. Бийлик Россия жана Кытай сыяктуу колонизатор мамлекеттердин пайдасына түзгөн келишимдерди ишке ашырууда кыйналып калды. Демек, интернет тармагы аркылуу ишке ашырылып жаткан даават иштери алардын чыккынчылыгына бир аз болсо да тоскоолдук кыла алды. Бул болсо, Кыргызстанда интернет тармактарында саясий күрөш пайда кыла алганыбызды о.э. үммөт кызыкчылыктарын ач көз бийлик жана куфр кызыкчылыктарынан бир аз болсо да коргой алганыбызды көрсөтүп турат! О.э. жетекчи топтун былыктарын жарандарга ачып берүү жана ошол тармактын туура, пайдалуу жана исламий чечимдерин баяндап берүү менен үммөттүн ойгонуп барышына салым кошо алганыбызды билдирет, инша Аллах!

Жогорудагы ИИМ кызматкери  жана генерал эксперттин максаты айтып жаткан сөздөрүнүн артына жашырынган. Т.а. алар атайылап жалган билдирүү таратуу менен бизди коркутмакчы болуп жатышат. Интернет тармагындагы исламий аудиториябызды коркутуу аркылуу, ал жердеги исламий мухитти алсыратмакчы болушууда. Алар жасалма исламий коркунучту аатайын козгоп, анын артынан өзүнө жакпаган, оппозициялык күчтөр алып барып жаткан маалыматтык күрөшкө сокку бермекчи болушууда.

Жаз мезгили жакындап, Кыргызстанда дагы кайрадан саясий оюндар күчөшү күтүлүүдө. Президент мамлекеттин тагдырын дагы кайрадан Россияга тапшырмакчы болууда. Ошондуктан, бийлик коопсуздук тармагында кайрадан эски жетекчилер менен бириге баштады. Турганбаев, Суваналиев сыяктуу бир катар генералдар коопсуздук тармагындагы кызматтарга дайындалышты, ал эми Иманкулов сыяктуу отставкадагы генералдар тышкарыдан туруп иш алып барышат. Эсиңиздерде болсо, Атамбаевдин тушунда да, генерал Токон Мамытов башчылыгындагы топ жасалма диний коркунучтарды пайда кылуу менен мамлекетте Атамбаевчилер диктатурасын орноткон эле. Жээнбеков да мурунку президенттин жолун тандадыбы?

Демек, алар биздин провокацияга алдырып, кандайдыр ката кетиришибизди күтүшөт. Куфр тарыйкатындагы светтик топтор талашып жаткан креслолордун бизге кереги жок. Алардын бирер тарабы ошол креслону ээлеп алышына да жардам бербейбиз. Биз коомду мындай ыплас оюндар менен куфр мамлекеттерине кул кылып, элдин мүлкүн талап-тоноп жаткан куфрчул топтордун бири эмеспиз. Биз коомду куфр тузагынан куткарып, аны Ислам нуру менен жыргал жана кадыржам жашоого алып чыгууну максат кылган дааватчыларбыз! Ушул жолдо жалган жалаадан жана жаманатты кылуучунун жаманаттысынан коркпостон, жашообуз үчүн дааватты негиз кылып, интернет Аллахтын ушул жолдогу берген неъматы экенин унутпай иш-аракетибизди улантабыз, инша Аллах!

Абдураззак.

turkistonkg

Recent Posts

Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет

Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет 20-январда ант берип, кайрадан…

1 day ago

Адам досунун динине ээрчийт

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адам  досунун динине ээрчийт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

2 days ago

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…

5 days ago

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

1 week ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

1 week ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

1 week ago