Сабрий Сайдам Фалестина программасы баскынчы яхудийлерге каршы багытталбаган деп сыймыктанууда
Хижрий 1440-жылы 16-жумадул-аввал, миладий 2019-жылы 22-январь күнү «Дуня ватан» сайты жарыялаган кабарда мындай делет:
«Фалестина таалим министри Сабрий Сайдам яхудий баскынчыларынын Фалестина улуттук программасына айып таккан сөздөрүн төгүнгө чыгарды.
Сайдам бул туурасында Британия парламентинин мүчөсү Стивен Твиг менен бирге өткөргөн жолугушууда айтты. Сайдам: «Баары үчүн таалим министрлигибиздин эшиктери ачык, Фалестина таалим программасы менен таанышуу жана баскынчы яхудийлердин айыптоолору жалган экенин көрүү мүмкүн», – деди».
Роя гезити:
Рамаллах өкмөтүнүн таалим министри Сабрий Сайдамдын бул сөздөрү ал эки жыл мурун Фалестина таалим программасына өзгөртүү киргизүү «таалим сапатын жакшылоого багытталган» деген сөздөрү жалган экенин ачык-айкын көрсөтүп турат. Бул өзгөртүү киргизүүдөн ыплас саясат т.а. Фалестина перзенттеринен баскынчы яхудийлер менен бирге жашоо түшүнүгү менен суугарылган муунду өстүрүп чыгаруу саясаты көздөлгөнү көрүнүп турат. Алар перзенттерибизди режим сыяктуу пикирлөөгө жана Фалестина жерин яхудийлер менен бөлүшүп, моюн сунуу чечимине ыраазы болууга тарбиялашмакчы. О.э. алар Фалестина жерин азат кылуу жана баскынчы яхудийлерди түп тамырынан кулатуу түшүнүгүн перзенттерибиздин зээнинен өчүрүп салышмакчы.
Роя гезити, №219, 2019-жыл, 30-январь.
Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет 20-январда ант берип, кайрадан…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адам досунун динине ээрчийт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…
18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…