Жээнбеков ШКУнун башкы катчысын кабыл алды
Президент Сооронбай Жээнбеков 7-февралда Шанхай кызматташуу уюмунун башкы катчысы Владимир Норовду кабыл алды. Бул тууралуу, президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Жээнбеков Владимир Норовду ШКУнун башкы катчысынын кызматына дайындалышы менен куттуктап, анын жооптуу ишмердигине ийгиликтерди каалады. Президент белгилегендей, кыргыз тарап ШКУ төрагалыгы алкагында активдүү иш аткарууда, сүйлөшүүлөр жүрдү жана көптөгөн тиешелүү структуралар менен маселелер талкууланды.
Жээнбеков: “Бишкекте 2019-жылдын июнь айында өтө турчу ШКУга мүчө мамлекет башчыларынын Саммитине чейин биз бардык тиешелүү иш-чараларды жүргүзүп, кадырлуу меймандарды күтүүгө даярданабыз. Бүгүнкү күндө ШКУга мүчө мамлекет башчыларынын отурумунда кол коюуга пландалган жыйынтыктоочу документтер иштелип жатат. ШКУга мүчө мамлекеттердин элдеринин өнүгүүсү үчүн бирдиктүү аракеттер жыйындын негизги бөлүгүн сапаттуу толтуруп, чоң ийгиликтерге жетишебиз жана бул иш-чараны жогорку деңгээлде өткөрөбүз деп ишенем”, – деп баса белгилеген.
Владимир
Норов анын Башкы катчы катары биринчи сапары бул жылы ШКУда төрагалык кылган
Кыргызстанга болуп жатканын символикалуу деп белгиледи..
“Мен ызматка киришкенден берки башкы артыкчылыктуу
багыт катары мен өзүм үчүн ШКУнун Саммитин жана анын алкагындагы тиешелүү
иш-чараларды эң жогорку деңгээлде өткөрүүнү аныктадым. Кыргыз Республикасынын
тышкы иштер министри жана Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы,
жаштар кеңешинин жетекчиси жана ШКУнун ишкердик кеңеши менен жемиштүү
жолугушуулар өттү. Бул жолугушууларда биз Саммитке чейин чечиле турчу
маселелердин бардыгын кеңири талкууладык. Баарынан мурда – бул даярдала турган документтердин пакети», – деп
белгиледи Владимир Норов.
Президент Сооронбай Жээнбеков жана Владимир
Норов саясат, коопсуздук, маданий жана гуманитардык байланыштар жаатындагы
кызматташуу менен катар ШКУнун алкагында экономикалык потенциалды активдештирүү
мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.
Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет 20-январда ант берип, кайрадан…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адам досунун динине ээрчийт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…
18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…