2018-жылы милиция кызматкерлери тарабынан 7369 мыйзам бузуу катталган
Ички иликтөө жүргүзүү кызматынын жетекчисинин орун басары Конок Өскөнбаев Бишкекте өткөн маалымат жыйынында “бардык милиция кызматкерлерин жумуштан кетирүү керек” деген пикирге кошулбастыгын билдирди.
“Мен социалдык тармактарда кеңири жайылып жаткан “бардык милиция кызматкерлерин жумуштан кетирүү керек” деген пикирге каршымын. Аларды кетирүү үчүн негиз болуш керек. Биз алардын конституциялык укугун буза албайбыз. Калк талап кылгандай, биз бардык бир кызматкерлерди жумуштан кетире албайбыз. Ал үчүн негиз болуш керек. Ал үчүн өтө чоң каражат керек, аларга компенсация төлөнүшү керек болот”, – деди Өскөнбаев.
Жогорудагы органдагы кармалган кылмышкерлердин саны мамлекеттеги милиция кызматкерлеринин жалпы санынын жарымына жакын. Кармалбаган кылмыштары болсо, мындан бир топ эле көп!
Өскөнбаев туура айтты, ар бир кылмыщ үчүн адамдарга өзгөчө мамиле кылуу керек, башкача айтканда, негиз жана далилдер менен жандашуу керек. Бирок, бул мыйзам жана нормалар милиция, прокуратура, сот же өкмөткө каршы жалпы ишенбөөчүлүк көрсөтүүгө негиз болбогондой эле, Ислам жана мусулмандарга да тийиштүү болушу шарт эмеспи! Эмне үчүн исламий хизб же жамааттар үстүнөн жалпысынан соттун өкүмү чыгарылат. Алардын бир нече мүчөсү, же жалпы исламий даъват жана саясий аракеттери үчүн, кармала элек бардык мүчөлөрүнө “экстремист жана террорист” тамгасы басылып жатат. Негизи, алар ушул милиция кызматкерлерине иш берүүчүлөр болуп эсептелет го. Башкача айтканда, ар бир даъватчы мамлекетке салык жана башка төлөмдөрдү төлөшү менен бул орган кызматкерлерин жумушка жалдоочу болуп эсептелишет. Эмне үчүн мындай кош стандарттуу мамиле кылынууда!
Кыргызстанда сот Хизб ут Тахрир уюмунун үстүнөн “экстремисттик уюм” деген чечим чыгарды. Негизи, Хизб мүчөлөрү тарабынан бир да материалдык кылмыш катталган эмес! Дагы башка ондогон исламий жамааттарга карата соттун өкүмү менен бир тараптуу – т.а. ал тургай аларга кабар бербей, алардын катышуусуна шарт түзүп бербей туруп – “террорист жана экстремист” тамгалары басылды. Жакында ШКУ жана ЖККУ сыяктуу уюмдардын басымы астында “Таблиг жамааты” да “экстремист” тизмесине киргизилгени турат.
Өкмөт жана анын кол астындагы коопсуздук кызматкерлери болсо, уялбастан, “бизге ишенгиле, биз чыгарган өкүмдөргө кыңк дебей моюн сунгула, орган кызматкерларинин үстүнөн жалпы баа бербегиле” демекчи болууда. Негизи, алардын үстүнөн жалпысынан баа берсек да адашпайбыз! Алар башынан аягына чейин коррупцияга батып болушкан. Алар ушундай абалында да Ислам жана мусулманларга каршы күрөштү улантып жатышат.
Абдураззак.
Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет 20-январда ант берип, кайрадан…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адам досунун динине ээрчийт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…
18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…