Хизб-ут-Тахрир–Тунис вилаяты козголоңду эскерип, кеңири көлөмдүү иш-чараларды өткөрүүдө
Хижрий 1440-жылы 8-жумадул-аввал, миладий 2019-жылы 14-январь күнү козголоңду эскерип козголоң болуп өткөн көчөлөрдө массалык демонстрациялар өткөрүлдү.
Иш-чараларда Хизб төрт семинар өткөрдү. Семинарда сүрөттөр көрсөтүлүп, Хизб өкүлдөрү баяндарды окушту.
Биринчи семинарда Хизб баштаган кампания ачыкталды. «Тунис колонизаторлордун мандаты астында… Ислам менен гана азат болобуз… Аллахтан да жакшы өкүм кылуучу ким бар» деп аталган бул кампанияда жогоруда айтылган иш-чаралар жөнүндө дисктер таратылды жана Умар Арабий бурадарыбыз кампания туурасында сөз сүйлөдү. Экинчи семинар эркиндик жана теңдик комитетинин токтомунда көрсөтүлгөн «мурастагы теңдикти» каралоо мазмунун камтыды. Бул жөнүндө инженер Вассам Атраш сөз сүйлөдү. О.э. Хизбдин бул токтомду каралаган китепчеси таратылды. «Хизб сакофаты» деп аталган үчүнчү семинарда Хизб адабияттарынын көргөзмөсү болуп өттү. Көргөзмөгө келгендер абдан таасирленишти, устаз Хатим Хиярий Хизб-ут-Тахрир сакофаты менен тааныштырды. Төртүнчү семинар «Ат-Тахрир» гезитине багышталды. Доктор Мурад Муалиж семинарга келгендерди гезит менен тааныштырып, анын соңку номурун таратты.
Ушуну өзгөчө баса белгилүү зарыл, Хизб-ут-Тахрир жигиттери козголоң болуп өткөн көчөлөрдү бойлоп адамдар менен ар тармактарда талкууларды алып барышты жана элдин колдоосуна жетишти.
Хизб-ут-Тахрир жетекчилигинде чоң жүрүш уюштурулуп, жүрүшкө катышкандар «Уят… уят… Колонизаторлукка каршы козголоңдон кийин абал ушундайбы», «Мухаммад алайхиссалам – түбөлүк жетекчибиз», «Эй кайраттуу Тунис жаштары, аракетке келгиле… өлкөнү илманийлик ыпластыгынан тазалайлы» деп кыйкырышты.
Кийин устаз Мухаммадали ибн Салим жүрүштүн катышуучуларына баян окуп, малай акимдер бүткүл өлкөнү колонизаторлук очогуна айлантышканын, Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекетин тикелөө аркылуу исламий жашоону кайрадан баштоонун убагы алда качан келгенин, ушул мамлекет гана учурдагы режимдердин карасанатайлыгына чекит коёрун баса белгиледи.
Андан соң устаз Хубайиб Карбака сөзгө чыгып, колонизатор мамлекеттер исламий өлкөлөрдөгү өз малайларынын жардамында ушул Халифалык даъватына тоскооодук кылууга урунуп жатышканын, азыр Умматтын заманы келгенин, коопсуздук жана армиядан турган күч-кубат ээлеринин табигый орду өз Умматы жана дини катарында экенин айтты!
Демонстрация соңунда устаз Тарик Рафи сөз сүйлөп, козголоңду эскерүү курулай ураан эместигин, бул саясий элита ийгиликсиз экенин, алар колонизаторлор минген улоо экенин ачыктоо эскерүүсү экенин баса белгиледи. О.э. бардык калыс инсандарды Тунисти малай акимдерден куткарууга чакырды.
Роя гезити, №218, 2018-жыл, 23-январь.
Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет 20-январда ант берип, кайрадан…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адам досунун динине ээрчийт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…
18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…