Судан калкынын каршылыгы Аллахтын шариятын бийликке алып келүү козголоңуна айлансын
Иброхим Усман (Абу Халил)
Хизб-ут-Тахрирдин Судандагы расмий сүйлөөчүсү
Судандагы бийликке каршы көтөрүлгөн демонстрациялар төртүнчү аптага кирди, мунун тушунда саясий күчтөр бул демонстрацияларды өз пайдасына бурууга урунуп жатышат. Башында бул элдик кыймыл тышкы түрткүсүз өз-өзүнөн келип чыкты. Өлкөдөгү баалардын күндөн-күнгө көтөрүлүшү, күйүүчү май продукцияларынын таңсыктыгы, маяналар өз маалында берилбегендиги акыбетиндеги зулум бул козголоңго себеп болду. Жада калса, май куюучу бекеттер, нан дүкөндөрү, кассалар алдында узундан-узун кезек күтүүлөр кадыресе көрүнүшкө айланды. Өкмөт болсо, бул проблемаларды чече албай жатат, адамдарды сабырга чакырып, аларга курулай убадаларды берүүдө. Ошентип, адамдардын сабыры бүттү, жарылып нааразылык демонстрацияларына чыгышты. Ушул жерде, саясий партиялар жана оппозициялык күчтөр пайда болуп, демонстрация жетекчилигин колго алууга уруна башташты. Майданга илманий агым чыгып, зулумга жана коррупцияга каршы көтөрүлгөн козголоңду уурдоого жана козголоңдун ураандарын Умар Баширди кулатуу, эркиндик, адилеттик, тынчтык сыяктуу ураандарга өзгөртүүгө киришти. Режим бул козголоңдордун кооп-коркунучун сезип, Хазро (Жашыл) аянтка өзүнүн колдоочуларын сапарбар кылып, режим дале күчтүү, ага жардам бере турган күчтөр көп деген мазмунда бүткүл дүйнөгө жана оппозицияга «кайрылуу» жолдоду. Умар Башир: «Айрым күчтөр Суданга каршы тил бириктирип, аны чөгөлөтүүгө аракет кылууда», – деди. Кийин ал: «Суданды ойрон кылууга урунуп жаткан чет элдик күчтөр бар. Өкмөткө каршы көтөрүлгөн демонстранттар бүгүн Суданга душман болгон мамлекеттер тарабынан башкарылууда», – деп кошумчалады. Бирок, аракет токтогон жок, бирде алга умтулуп, бирде чегинип демонстрация уланды. Демонстрация учурунда өлгөндөр жана жаралангандар болду. Козголоң демонстрацияга түрткү болгон себептерди жоё албаган, өзүнүн куру убадалары менен адамдарды тажаткан бул режимди эсинен тандырды көрүнөт. Анткени, өкүмдар партиянын айрым жетекчилери коркутууга өтүштү. Президенттин мурунку орун басары жана Исламий Кыймылдын мурунку башкы катчысы Али Усман Мухаммад Таха: «Биздин топтор режимди коргоого даяр турушат», – деди. Андан кийин Улуттук Конгресс партиясынын пикир жана маданият боюнча катчысы Фатих Иззуддин демонстранттарды опузалап, демонстрацияга курал менен келгендердин башын жулам деп коркутту. Бир күн да Ислам менен өкүм жүргүзбөгөн бул режим адамдардын туйгусуна жаккан сөздөрдү айтууга адаттанган. Фатих Иззуддин дагы мындай деди: «Биз Аллах үчүн аракет кылабыз, андан кымындай да четке чыкпайбыз. Биз, мусулман катары, баарыбыз ага-инилербиз. Аллахтын алдына жүрөгүбүздө мунафыктык сактаган абалда эч качан барбайбыз».
Судан башка мусулман мамлекеттериндей эле малай режим. Ал саясат, экономика, бардык тармакта колонизатор кафир Батышка кызмат кылып, анын пландарын жүзөгө чыгаруудан башка ойу жок. Бул өлкө кен байлыктарга абдан мол экенине карабастан, жакыр ахвалда калууда. Буга Судан калкына мажбурлап колдонулуп жаткан саясат себеп. Мисалы, бул режим саясий тармакта англис колонизаторлорунан калган республикалык башкаруу менен өкүм жүргүзөт. Судан режиминин негизги ташбиши Батыш саясий уюмдары аркылуу тыгыштырган саясатты жүзөгө чыгаруу. Бул пикирибизге далил келтирүү үчүн алыска барбай, «улуттук диалог» жана андан алынган мыйзамдарды алсак, алар АКШнын ушул өлкөдөгү планы болуп эсептелет. Америкалык өкүлдөр бул диалог кантип аткарылып жатканын байкоо үчүн диалог боюнча комиссия иштерин акырына чейин күзөтүштү. Андан мурун АКШ Судан режиминин колу менен Судандын түштүгүн бөлүп салды. Умар Башир өзү да түштүктү Америка бөлгөнүн моюндады! Саясатты күзөтүп жаткандар муну билишет. Бирок, Батыш бул иште кимдерден пайдаланды? Шек-күмөнсүз, Батыш Судандын түштүгүн бөлүүдө Умар Башир менен түштүк козголоңчуларынан пайдаланды жана ошолордун жардамында Судандын калган бөлүктөрүн да бөлүүгө даярдап койду. Экономикалык тармакта болсо, белгилүү болгондой, Судан мамлекети үчүн экономикалык саясатты Дүйнөлүк Банк белгилеп берген. Бул саясатты Эл аралык Валюта Фонду өзүнүн кырсыктуу пландары менен толуктап жатат. Алардын саясаты жана пландары өлкөнү ушул ахвалга салды. Америка Судан байлыктарын жана ресурстарын көзөмөлгө алуу үчүн ушул экономикалык кризисти иштеп чыкты.
Эгер, түпкү чечим туурасында пикирлебестен, иштер ушул таризде кете берсе, биз алтымыш жыл жашаган доордо дагы калабыз. Т.а. партиялык өкмөт, аскерий төңкөрүш, козголоң, кайра дагы партиялык өкмөт, аскерий төңкөрүш, дагы элдик козголоң, партиялык өкмөт, аскерий төңкөрүш жана дагы кайра козголоң көрүнүшүндө калабыз.
Түпкү чечим Уммат мабдасына т.а. улуу Ислам мабдасына негизделген анык саясий мафкурада камтылган. Ислам мыйзамдары – бүткүл адамзаттын жаратуучусу болгон Аллах Тааланын өкүмдөрү.
أَفَحُكْمَ الْجَاهِلِيَّةِ يَبْغُونَ وَمَنْ أَحْسَنُ مِنَ اللَّهِ حُكْماً لِقَوْمٍ يُوقِنُونَ
«Динсиздик өкүмдар болуусун каалашабы, ыймандары толо болгон коом үчүн Аллахтан да жакшы өкүм кылуучу ким бар?!» [5:50]
Исламда аким өзү же бирер инсан иштеп чыккан мыйзам менен өкүм жүргүзбөйт, Аллахтын шарияты менен өкүм жүргүзөт. Т.а. аким – шарияттын аткаруучусу жана Умматтын кызматкери. Ал Умматтын иштерин Ислам өкүмдөрү негизинде башкарат. Исламда башкаруу – бул үзүп жей турган май токоч эмес, Расулуллах A айткандай, ал жоопкерчилик жана аманат:
«وَإِنَّهَا أَمَانَةُ وَإِنَّهَا يَوْمَ الْقِيَامَةِ خِزْيٌ وَنَدَامَةٌ إِلا مَنْ أَخَذَهَا بِحَقِّهَا وَأَدَّى الَّذِي عَلَيْهِ فِيهَا»
«Башкаруу – бул аманат, Кыямат күнүндө шерменделик жана өкүнүч. Бирок, ким андан акысына жараша алса жана өз мойнундагы аманат акысын аткарса, шерменде болбойт жана өкүнбөйт». (Муслим).
Ошондуктан, бүгүнкү күндө Судан режимине каршы козголгон адамдар Аллахтын шарияты менен өкүм жүргүзүүнү талаб кылышы керек. Антпесе, 1964-жылы октябрда жана 1985-жылы апрелде коррупциячыл режимге каршы козголуп бирок алданышкандай, бүгүн да алданып калышы турган кеп. Аллахтын шариятын өкүмдар кылуу бул дүйнөдө жыргал жашоого, акыретте Аллахтын ыраазылыгына алып барат. Хизб-ут-Тахрир жигиттери Судан калкы менен бирге жана силердин араңарда, алар силерди пайдалуу нерсеге жетектөөдө. Андыктан, чыныгы өзгөрүү үчүн алар менен бирге аракет кылгыла. Ушул өзгөрүү үчүн аракет кылуу – Ислам менен жашоо үчүн баарыбызга Аллах тарабынан буйрулган фарз амал. Аллах Таала айтат:
فَلا وَرَبِّكَ لا يُؤْمِنُونَ حَتَّى يُحَكِّمُوكَ فِيمَا شَجَرَ بَيْنَهُمْ ثُمَّ لا يَجِدُوا فِي أَنْفُسِهِمْ حَرَجاً مِمَّا قَضَيْتَ وَيُسَلِّمُوا تَسْلِيماً
«Жок, Роббиңе ант, тээ алар өз ортолорунда чыккан келишпестиктерде сени өкүм чыгаруучу кылышмайынча жана сен чыгарган өкүмдөн дилдеринде эч кандай мүчүлүштүк таппай, толук моюн сунушмайынча эч качан момун боло алышпайт » [4:65]
وَعَدَ اللَّهُ الَّذِينَ آمَنُوا مِنْكُمْ وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ لَيَسْتَخْلِفَنَّهُمْ فِي الْأَرْضِ كَمَا اسْتَخْلَفَ الَّذِينَ مِنْ قَبْلِهِمْ
«Аллах силерден ыйман келтирген жана жакшы амалдар кылган заттарга, кудум мурунку өткөн (итикаддуу) заттарды халифа кылгандай, аларды да жер жүзүндө халифа кылууну убада кылды» [24:55]
Расулуллах A айтат:
«… ثُمَّ تَكُونُ خِلافَةً عَلَى مِنْهَاجِ النُّبُوَّةِ»
«… кийин Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык болот».
Роя гезити, №217, 2018-жыл, 16-январь.
Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет 20-январда ант берип, кайрадан…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адам досунун динине ээрчийт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…
18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…