Лавров Кыргызстанга келип кетти
Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 3-февралда Кыргызстанга келди. Ал Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен жолугуп, РФ президентинин март айына пландаштырылган расмий сапарына даярдык иштерин талкуулашкандыгы айтылды. Лавров жолугушуу учурунда Афганистандагы кырдаал о.э. аскерий технологиялар жөнүндө сөз болгондугун билдирди. Анын белгилешинче, Кыргызстанда жаңы аскерий база куруу маселеси кыргыз тараптын демилгеси болгон. Ал бул тууралуу ушул жерге келгенде билгендигин айткан. Мындан бир аз мурда, Кыргызстандын Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов “өлкөнүн түштүгүндө Россиянын аскерий базасы болушу, Афганистан тараптан күчөп жаткан коркунучтун алдын алышы мүмкүн” деген эле.
Демек, Россия бул долбоорду – эл аралык саясаттын алдында Кыргызстандын демилгеси менен ишке ашып жаткандай көрсөтүп – тымызын ишке ашырууга аракет кылууда. Максаты эмне?
Кыргызстандын түштүгү Кытай, Өзбекстан жана Тажикстан менен чектеш болгондуктан, стратегиялык жактан өтө маанилүү регион. Россия Кыргызстандын түштүгүнө аскерий база орнотуп алса, Афганистан эле эмес, Кытай жана Өзбекстан тараптарга да таасирин күчөтүп алышы мүмкүн. Россиянын бул тактикасы АКШнын Борбор Азия үчүн Афганистан аркылуу жаңы транзиттик жол ачуу стратегиясына каршы багытталган. АКШ “Талибан” менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө. Алар бир чечимге келе алышса, бир нече тармактар аркылуу нефть, газ жана башка транзиттик жолдордун ачылышы күтүлүүдө. Бул болсо, Россиянын стратегиялык жана экономикалык колония абалына катуу сокку берип, анын эл аралык саясаттагы абалын ого бетер начарлатат! Ошондуктан, Россия Тажикстандагы аскерий базасына жакын жерде экинчи базаны Кыргызстанга онотмокчу болууда. Бул аркылуу Афганистан тараптан келе жаткан жасалма коркунучтарды күчөтүп, Өзбекстан жана Кыргызстанды коркунучта кармап турууну максат кылат. О.э. бул база Афганистан жана Кыргызстанда турган же эми калыптанышы мүмкүн болгон куралдуу күчтөрдү аскерий жактан колдоп жиберүү мүмкүнчүлүгүн күчөтөт. Бул абалдар региондо өтө чоң коркунучтарды пайда кылышы мүмкүн экендигинин өзү Өзбекстан жана Кыргызстандагы жетекчи топторду коркууга салат.
Демек, Россия Борбор Азияда аскерий колония абалын күчөтүү аркылуу болсо да, аны өз таасири астында кармап калмакчы болууда. Себеби, анын АКШ сыяктуу экономикалык жактан жана эл аралык саясат аркылуу таасир өткөрүү кубаты жок.
Ушундан келип чыгып күтүлүп жаткандай, Орто Азия өлкөлөрү Батыш дүйнөсү менен жакындашууну күчөтө берсе, Россия да өзүнүн ыплас фитнакечтик операцияларын күчөтөт. Бирок, бул өлкөлөр Батыш дүйнөсү сунуштап жаткан мүмкүнчүлүктөрдөн баш тартышса, алардын экономикалык абалы күндөн-күнгө начарлай берет. Россия болсо, өзү менен бирге бизди да экономикалык кризис сазына тартып бара берет. Демек, Россия бизди коркутуу жолу менен, экономикалык начар абалда болсо да өз таасиринен чыгаргысы келбейт. Эми жогорудагы Кыргызстан жетекчилеринин өлкөбүзгө аскерий база ачууну суранып жаткандыгына келсек, кыргыз элитасы жана өкмөтү ушул кыянатта Россия менен шерик экендигине күбө болобуз!
Абдураззак.
Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет 20-январда ант берип, кайрадан…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адам досунун динине ээрчийт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…
18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…