Акчаны казына кылып сактоо жана анын өкүмү

767
0

Акчаны казына кылып сактоо жана анын өкүмү

Суроо: Ассаламу алейкум рахматуллоохи уа баракаатухуКазынанын вакыйын түшүнүктүү кылып аныктап бересизби? Айрыкча азыркы учурда капитализм системасы менен жашап жаткан учурда биздин жаныбызда дайым акча болуп турушун лаазым тутабыз. Анткени күтүлбөгөн учурлар чыгып кээде ооруп же сапарга чыгып калган учурларда акчага муктаждык жаралат. Дагы кээ бир каада-салттарда балдарын үйлөнтүү үчүн алтынды казына катары сактап коюшкандыктары кездешет. Ушул вакыйлыкты түшүнүктүү кылып бересизби. Бизге акчаны казына катары сактоого мүмкүнбү же аны сактабастан башкаларга берип туруубуз лаазымбы?Умм Эмаан – Пакистан

Жооп: Ва алейкум асалам рахматуллоохи уа баракаатухуСөз башында казына тууралуу экономика түзүмү китебинде келген аныктаманы берип кетүүнү туура көрдүм: Алтын жана күмүштү казына кылып сактоону тыюу.“…Үлкөн байлык анын ээлери үчүн чоң кирешелерди алып келет жана аны сактап турууга мүмкүнчүлүк жаратат. Үлкөн байлык бар жерде чоң акча бардыгын билдирет. Анткени акча акчаны алып келет. Кызматтардын байлыка ээ болууга жана акчанын келишине шарттарды жаратса да анын экономикага коркунучу жок. Тескерисинче ал кызматтар экономиканы өстүрөт ошондой эле жеке адамдын да байлыгынын өсүүсүнө шарт жаратат. Балким экономикага коркунуч үлкөн байлыка ээ кээ бир жеке адамдардын колунда акча казына катары сакталып калышында. Акчанын казына катары сакталып калышы кирешени төмөндөтөт жана жумушсуздукту келтирип чыгарат. Ошондой эле жакырчылыктын келип чыгышына шарт жаратат. Ошондуктан акчаны казына катары сактоо маселесин чечүү зарыл. Акча, акча менен акчанын, кызматтар менен акчанын, кызматтар менен кызматтардын ортосун айырбаштоочу каражат. Эгер ал базарда жетиштүү денгээлде болбой жоголуп кетсе, адамдардын колуна жетиштүү өлчөмдө жетпей калса экономика солгундайт…Билип койо турган нерсе бул көйгөй акчанын муктаждык үчүн эмес казына катары сакталып калышынан келип чыгат. Акчаны муктаждык үчүн топтоо бул экономиканын солгундашына шарт жаратпайт. Экономиканы токтотуп койо турган нерсе бул акчанын казына катары сакталып калышында. Акчанын муктаждык үчүн топтоо менен казына катары сакталып турушунун ортосундагы айырма: казына бул – муктаждыксыз эле акчанын сакталып турушун түшүндүрөт. Бул дегени базардан акчаны сууруп чыгып кеткендикти билдирет. Ал эми муктаждык үчүн топтоо мисалы: үй куруу үчүн же үйлөнүү үчүн же өнөр жай сатып алуу үчүн же соода жайын ачуу үчүн ж.б. муктаждыктар үчүн топтоону түшүндүрөт. Акчаны мындай түрдө топтоо базарга да экономикага да залакасын тийгизбейт. Анткени бул акчанын айлануусун токтотпойт. Балким ал муктаждыка иштетиле турган акча болуп бир убакта кайра айланууга чыгат. Ошондуктан акчанын муктаждык үчүн топтолуусунда эч кандай коркунуч жок. Коркунуч бул акчанын казына катары сакталып калышында. Башкача айтканда муктажсыздык эле акчанын сейфте же банктарда сакталып туруусу.Ислам алтын жана күмүштүн муктаждык үчүн топтолуп туруусуна уруксат берген. Мукаатиб кулдун өзүн азат кылуу үчун акча топтоосуна, үйлөнө турган адамдын махр үчүн акча топтоосуна, ажылыка баруу үчүн акча топтоо сыяктуу иштерде акча топтоого уруксат берген. Ислам бул топтолгон акчалардын эгер нисобко жетип бир жыл болсо андан зекет гана берүүгө милдеттендирген башка эч нерсе милдеттентирген эмес. Алтын менен күмүш ал экөөнүн казына катары сакталуусун арам кылган аят түшкөн учурда ал экөө монета же слиток түрүндө болсун пайда жана кызматтарды айырбаштоо катары иштетилип турган. Ошондуктан тыюуу алтын жана күмүшкө каратылган. Ал эми алтын менен күмүштүн казына катары сакталуусунунун арамдыгы ачык аят менен арамдыка чыгарылган. Аллах айтат: (“алтын жана күмүштү Аллах жолунда сарптабастан казына кылып сактагандарга жан чыдагыс азап бар”… (тообо 34)). Алтын жана күмүштү казына кылып сактагандарга карата жан чыдагыс азап менен эскертүү Аллахтын алтын жана күмүштү казына кылып сактоону арам кылып жаткандыгына жазм катий далил болот” (Цитата бүттү) Ушуга көңүл койуп окууңуз зарыл, анткени жооп да ушуга таянуу менен берилет. Бул тууралуу 2014.01.13тө суроо-жооп чыккан. Анда мындай келген: 1) Казына кылып сактоо бул акчаны муктажсыз эле казына кылып сактоо болот. Эгер үй куруу же жер сатып алуу же өнөр жай куруу же үйлөнүү же балдарын окутуу же унаа сатып алуу ж.б.у.с. иштер үчүн акча топтосо бул муктаждык үчүн болот да казына катары эсептелбейт. Акчаны мындай түрдө топтоо адал, эгер ал нисобко жетип бир жыл айланса анын зекети гана берилет. Ал эми этияттык үчүн деп акча сактоо арам. Мисалы, эгер жер титиреп үй урап калса кайрадан үй курганга деп акча сактоо же келерки жыйырма жылдык керектөөлөр үчүн деп акча сактоо арам болот! 2) Эгер бир жылдык керектөөсү үчүн акча топтосо ал арам эмес. Пайгамбар с.а.в. момундардын энелерине (жубайларына) бир жылдык нафакаларын берген. Муслим риваяты Умар р.а. дан айтты: “Мусулмандардын согушу жок эле Бану Надирдин малдарын Аллах Пайгамбарына олжо кылып берди. Бул олжо Пайгамбар с.а.в га гана таандык эле. Пайгамбар с.а.в. бул олжодон жубайларынын бир жылдык нафакаларын берди. Андан ашканын курал жарак жана Алла жолунда жихад үчүн керектөөлөрүнө алып калды”. Навааи сахих Муслимдин шархында “Бир жылдык нафакасы дегенде бир жылдык керектөөлөрүн бөлүп берген бирок марттык негизде жыл бүтө электен мурун эле берген…”. Ошондуктан ушуга негизделип бир жылдык нафака акчасын топтоо казына топтогонго кирбейт. Болгону андан эгер нисобко бир жыл толсо анын зекетин гана берет. 3) Эгер аял күйөөгө чыгуу үчүн акча жыйнаса ал казына топтоого кирбейт. Ошондой эле ал балдарын окутуу үчүн же башка керектөөлөрү үчүн акча жыйнаса ал казына болуп эсептелбейт. Болгону андан эгер нисобко бир жыл толсо анын зекетин гана берет.4) Ошондой эле эркек да үйлөнүү үчүн акча жыйнаса ал казына топтоого кирбейт. Ошондой эле ал балдарын окутуу үчүн же башка керектөөлөрү үчүн акча жыйнаса ал казына болуп эсептелбейт. Болгону андан эгер нисобко бир жыл толсо анын зекетин гана берет. 5) Этияттык үчүн күтүлбөгөн нерселер үчүн акча топтоо башкача айтканда адаттан тышкары абалдар үчүн акча топтоо арам болот. 6) Кимге Аллах ырыскысын кең кылып бир жылдык нафакасынан да тышкары акчасы болуп башка муктаждыгы жок болсо, анда ал акчасын өнөр жай, соода, айыл чарба же жетимдерге каралашуу же жакшылык иштерине жумшоосу керек. Ал акчасын казына катары сактабоосу зарыл. Эгер аны казына катары сактай турган болсо анда ага аяттагы арамдык өкүмү түшүп калат. Бул мен туура көргөн пикир. Туурасын Аллах билүүчү. Ушул жетиштүү деп ойлойм

Бир тууганыңар Ато бин Холил абу Рушта. 1440 14-жумаадил уула. 2019.01.20

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here