Россияда 10 миңден ашык тажикстандык жаза өтөп жатат
Тажикстандын Россиядагы элчиканасынын отчётуна ылайык, учурда Россияда Тажикстандын 10 миңден ашуун жараны жаза мөөнөтүн өтөп жатат.
Элчикананын 26-январдагы отчётунда келишинче, учурда Россияда ондогон тажикстандыктын үстүнөн терроризм жана экстремизм айыбы менен сот иштери жүрүп жатат.
«Терроризм жана экстремизм айыбы менен кармалгандардын так саны белгилүү эмес, а бирок, акыркы 2-3 жылда ушул берене боюнча тынымсыз иш козголууда», – деп айтылат отчётто
Россия өкмөтүнүн маалыматы боюнча, учурда Россияда 1 млн чамалуу тажикстандык бар. Мындан бир нече жыл мурда тажик мигранттар наркотикалык заттарды ташуу (наркотрафик) айыбы менен сот жообуна тартылган болсо, 2013-жылдан бери Россиянын маалымат каражаттарында башка тема көтөрүлүп, эми тажик жарандары көбүнчө терроризм жана экстремизм айыбы менен кармалып жаткандыгы айтылууда. Кармалган тажикстандыктардын бир бөлүгү Россияда жаза мөөнөтүн өтөп жатса, калганы Тажикстанга экстрадиция кылынууда.
Укук коргоочулардын айтышынча, Россиянын күч түзүмдөрү көпчүлүк учурда терроризм айыбы менен кармалгандардын жакындарына окуя тууралуу кабар беришпейт. Кармалгандардын көпчүлүгүнө адвокат жалдоого да мүмкүнчүлүк берилбей, соттук жараян жабык эшиктер артында болуп өтөт. Россия мыйзамдарына ылайык, соттук жараянга элчикана өкүлдөрү катышуусу керектигине карабастан, элчиканадагылар кылмыш иши туурасында бирер маалымат ала алышпайт.
Акыркы жылдарда Россияда ишке ашырылган атайын операциялардын натыйжасында Орто Азиянын, анын ичинде Тажикстандын жүздөгөн жарандары кармалган.
Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет 20-январда ант берип, кайрадан…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адам досунун динине ээрчийт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…
18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…