Жетекчи топ, саясий чөйрө жана башкаруу системасынын мамлекеттеги орду
Кыргызстан бийлиги экономикалык кризистен кутулуу максатында дагы кайрадан министрлерди алмаштырмакчы болууда.
Ар кандай мамлекет башчы, ал гений же күчтүү диктатор болушуна карабастан, жетекчи топтун колдоосуна муктаж болот!
Жетекчи топ мамлекет башчыны бийликке алып келет, же алгач бийликти колго алып, андан соң мамлекет башчы дайындайт. Бул нерсе революция аркылуу түзүмдү кулатуу, же бийликти күч менен басып алуу жолдору менен болушу мүмкүн. Эки абалда тең бийлик жетекчи топко таянат. Мисалы, Умар ибн Хаттаб р. а. халифа болуп шайланганда сахабалардан жанында болууну о.э. мамлекеттик иштерде толук жардамдашууну талап кылган.
Ал эми саясий чөйрө (саясий элита) болсо, жетекчи топтон башкачараак болуп, анын ичинде ондогон жетекчи топ жана партиялар болушу мүмкүн. Алар бир саясий чөйрө ичинде болуп туруп, бири-бирине карама-каршы саясат жүргүзүшөт. Ошого карабастан, алар саясат жүргүзүү механизми, тартип системасы жана идеологиялык дүйнө карашта бирдей пикирлешет. Алардын ар биринин өз кызыкчылык, максат жана саясий көз караштары болгону менен, ушул дүйнө караштарынан келип чыккан максаттарын ишке ашырууда саясий чөйрөнүн чек арасынан сыртка чыга алышпайт.
Башкаруу системасы – бул мамлекеттин ичиндеги адамдар ортосундагы туруктуу алакаларды тартипке салуучу мыйзам-эрежелер негизи о.э. мамлекеттин башка мамлекеттер менен дипломатиялык мамилесиндеги тартиптер. Мамлекеттин башкаруу системасы эл аралык мыйзам жана укук-нормаларга көзкаранды. Эл аралык мыйзамды болсо, эл аралык саясатта таасири бар мамлекеттер иштеп чыгып, аны коргошот жана ишке ашырышат.
Кыргызстандын саясий мухитинде дагы кайрадан премьер-министрди алмаштыруу жөнүндө кеп-сөздөр башталды. Жетекчи топ бийликти колунда сактап калуу максатында дагы кайрадан министрлерди алмаштырмакчы болууда. Ал жаңы өкмөт элди жаңы реформалардан үмүттөндүрүп, бийликти жетекчи топтон тартып алышы мүмкүн болгон башка жетекчи топтордон убактылуу болсо да сактап турушунан үмүттөнүүдө.
Кыргызстандагы саясий чөйрө “эл аралык саясат таасири астындагы дүйнөлүк башкаруу системасы астында, ага ылайыкташуу менен саясат жүргүзүү керек” деген негизге курулган. Ошондуктан, Кыргызстанда бийлик кайсы жетекчи топтун колуна өтпөсүн, же президент, премьер-министрлер канча жолу алмашпасын айырмасыз, алар эл аралык башкаруу системасынын таасиринен чыгуу жөнүндө пикирлей алышпайт. Алар болгону эл аралык саясаттагы таасирдүү бир мамлекеттен кутулуп, андан да күчтүүрөөк же ыңгайлуураак башка мамлекеттин колуна өтүү тууралуу пикирлешет. Ошондуктан, бир эле саясий чөйрөнүн ичинде бир нече ири мамлекеттердин этегин кармаган түрдүү дүйнө караштагы жетекчи топтор пайда болууда. Натыйжада, алар бири-бири менен бийлик талашуу негизинде гана саясат жүргүзүшөт. Негизи, алар өз кызыкчылыктарын ойлоп, кайсы бир тышкы күчтөрдү өзүнө тартууну жана алардын жардамы менен бийликти алууну көздөшөт. Ушул башкаруу системасы астында болуп жаткан саясий күрөштөр мамлекетти кризиске батырып барууда.
Демек, Кыргызстан мамлекети кризиске жүздөнүшүнүн себеби, премьер-министрдин же жетекчи топтун алсыздыгында эмес. Мунун себеби, эл аралык саясаттын ички иштерибизге аралашуусуна мүмкүнчүлүк берген дүйнөлүк башкаруу системасынын ката негиздерине курулгандыгында. О.э. Кыргызстандагы саясий чөйрө ошол дүйнөлүк башкаруу системасын жан-үрөп коргоп жаткандыгында!
Негизи, учурдагы дйнөлүк башкаруу системасы дүйнө жүзүн үч топко бөлдү.
1. Жетекчи мамлекеттер. Алар оор өнөржай жана аскердик өнөржайлары бар колонизатор мамлекеттер. (АКШ, Англия, Кытай…)
2. Бай мамлекеттер. Алар оор өнөржайы өнүккөн бай мамлекеттер. (Япония, Канада, Германия..)
3. Агрардык мамлекеттер: Сырьё жана айыл-чарба продукцияларын жеткирип берүүчү мамлекеттер.
Кыргызстан үчүнчү топтогу агрардык мамлекет болуп, саясий чөйрөсү да саясий мухитти жана калкты ушул алсыз агрардык абалга ыраазы кылуу негизине курулган. Бул саясий чөйрө эл аралык саясаттын жогорудагы зулумуна эч качан каршы чыга албайт. Бул саясий чөйрөнүн ичинен чыккан саясатчылар жана жетекчи топтор дүйнөлүк башкаруу системасы сызып берген чектен чыга алышпайт. Натыйжада, алар ар дайым тар чөйрөнүн ичинде деми кайтып, эч кандай ийгиликке жетише албаган чиновниктерди айыптуу кылып, аларды бирин экинчисине алмаштыруу менен чектелишет.
Тыянак кылып айтканда, Кыргызстан сыяктуу агрардык мамлекеттердеги абал – ушул башкаруу системасы жана ага көзкаранды саясий чөйрө өзгөрбөгөн соң – эч качан жакшы жагына өзгөрбөйт! Себеби, мамлекеттин экономикасы өнүгүшү үчүн жеңил өнөржай өнүгүшү керек. Жеңил өнөржай болсо, жалаң гана оор өнөржай менен башкача айтканда, станок чыгаруу, машина куруу сыяктуу тармактарды өнүктүрүү менен өнүгөт! Кыргызстандын саясий чөйрөсү болсо, эл аралык бузуку системага каршы туруп мамлекетте оор өнөржайды өнүктүрүү тууралуу пикирлөөгө батынбайт!
Демек, Кыргызстандагы саясий жана экономикалык проблемаларга, эл аралык башкаруу системасы биздин үстүбүздө ишке ашырып жаткан зулумдар себепкер. Эл аралык саясий абалды оңдомоюнча, же анын бузук чеңгелинен кутулмайынча, агрардык мамлекеттер эч качан саясий жана экономикалык жактан өнүгө алышпайт. Ал үчүн алгач бизди дүйнөлүк бузук системанын таасири астында кармап келе жаткан учурдагы саясий чөйрөнү өзгөртүшүбүз керек. Мунун бирден-бир жолу, дүйнөлүк башкаруу системасынынын негизи болгон демократия акыйдасынан келип чыккан капиталисттик мабдаънын ордуна, исламий мабдаий саясий чөйрөнү кубаттап, аны коомго алып кирүү! Мындан башка жолдордун бардыгы айланып келип, дагы кайрадан башталыш чекитине кайтып келе берет! Себеби, учурдагы саясий чөйрө ичинде ишке ашырыла турган ар кандай реформалар, колонизатор мамлекеттердин кызыкчылыгы жана таасири астында ишке ашырылат.
Абдураззак.
بسم الله الرحمن الرحيم АДЕП-АХЛАК Мазаммат кылынган хулктар (момундар жоготушу керек болгон хулктар) Кыянат, бапаасыздык:…
Түрк мамлекеттер уюму кимдин кызыкчылыгына кызмат кылат? Кыргызстанда 6-ноябрда Түрк мамлекеттери уюмунун XI саммити өтөт.…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Силерге аз гана илим берилген Урматтуу бир туугандар “Асыл…
Басма сөз баянаты Бир жыл болду, бирок 57 мамлекет эч бир чара көрүшкөн жок! Яхудийлердин…
Басма сөз баянаты ﴿وَٱلَّذِينَ قُتِلُواْ فِي سَبِيلِ ٱللَّهِ فَلَن يُضِلَّ أَعۡمَٰلَهُمۡ﴾ «Аллах жолунда (жихадда) өлтүрүлгөндөрдүн…
Басма сөз баянаты Убактылуу бийлик Хизб ут-Тахрир мүчөсүн камакка алуу менен шерменде үлгү көрсөттү 2024-жылы…