Чет өлкөлүк дипломаттар мусулмандарды кайра тарбиялоо борборуна барышты

Чет өлкөлүк дипломаттар мусулмандарды кайра тарбиялоо борборуна барышты

 “Bloomberg” агенттиги: “Мусулман калкы бар болгон 12 өлкөнүн дипломаттары жана кээ бир чет өлкөлүк ЖМКлардын өкүлдөрү Синьцзянга барышты. Буга Кытайдын түндүк-батышындагы мусулман-уйгурлар катуу кысымга кабылып жатканы жөнүндөгү кабарлар себеп болду”, – деп жазды.

“Синьхуа” агенттигинин кабарына таянсак, дипломаттар Россия, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Индия, Пакистан, Индонезия, Малайзия, Афганистан, Тайланд жана Кувейттен келишкен.

Дипломаттар борбордун студенттери менен жолугушуп, алардын жашоосу жана окуусу жөнүндө баарлашып, алардын борбордогу жашоосу менен таанышкан.

Мындан бир аз мурда, Кытай расмийлери мусулмандар жашаган Синьцзян-Уйгур автономиялуу облусундагы экстремизмге каршы күрөштүн багыттарын белгилеген документти жарыя кылышты. Анда “кайра тарбиялоо лагерлери” бар экендиги моюнга алынган. БУУ эксперттеринин маалыматына ылайык, “кайра тарбиялоо лагерлеринде” 1 миллиондой адам соттун өкүмүсүз, белгисиз мөөнөткө чейин кармалат. Бул лагерлер расмий түрдө “кесипке үйрөтүү жана тажрыйба ашыруу борборлору” деп аталат.

 Туркистон:

Кытай өкмөтү ондогон жылдардан бери Чыгыш Түркстандагы уйгур боордошторубузду куугунтуктап, аларды камакка алып, үй-жайларын мажбурий көчүрүп, диний ибадат жана ырасымдарына тыюу салып келген. Кудайсыз Кытай өкмөтү муну менен эле чектелип калбастан, мусулман уйгурлардан арак ичип, чочконун этин жегенди жана ишениминен кайтууну талап кылып, муслима карындаштарыбызды нажас хань кытайлары менен турмуш курууга мажбурлай баштады. Миллиондогон уйгур боордошторубузду атайын “кайра тарбиялоо” лагерлерине камап, жүздөгөн мусулмандарды жок кылды … Дүйнөлүк куфр системасы жана эл аралык коомчулук болсо Кытайдын мындай иштерин көрмөксөн болуп жаткан болсо, мусулман өлкөлөрдүн башчылары сүкүт сактоо менен ыраазылык билдиришүүдө.

 Ибн Умар розияллоху анхудан риваят кылынат:
 Расулуллах с.а.в.: Мусулман – мусулмандын боордошу. Ага зулум да кылбайт, аны тек таштап да койбойт. Кимде-ким боордошунун кажетин чыгаруу жолунда болсо, Алла анын кажетин чыгаруу жолунда болот, кимде-ким бир мусулмандын капалыгын таркатып жиберсе, Алла кыямат күнүндө анын бир капалыгын таркатып жиберет, кимде-ким бир мусулмандын айыбын жапса, Алла кыямат күнүндө анын бир айыбын жабат” , деген. (Бухарий жана Муслим риваяты).

Кудайсыз Кытай өкмөтүнүн мусулман боордошторубузга каршы куугунтугуна кайдыгер болуу биз үчүн арам! Биз болгон мүмкүнчүлүгүбүздү ишке салып, расмий бийликтерден Кытайга басым өткөрүүнү, аны менен соода-сатык иштерин жана ар кандай алакаларды токтотууну о.э. мусулман боордошторубуздан ыплас колун тартууну талап кылалы.

turkistonkg

Recent Posts

Мазаммат кылынган хулктар

 بسم الله الرحمن الرحيم  АДЕП-АХЛАК  Мазаммат кылынган хулктар (момундар жоготушу керек болгон хулктар) Кыянат, бапаасыздык:…

2 hours ago

Түрк мамлекеттер уюму кимдин кызыкчылыгына кызмат кылат?

Түрк мамлекеттер уюму кимдин кызыкчылыгына кызмат кылат? Кыргызстанда 6-ноябрда Түрк мамлекеттери уюмунун XI саммити өтөт.…

15 hours ago

Силерге аз гана илим берилген

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Силерге аз гана илим берилген Урматтуу бир туугандар “Асыл…

15 hours ago

Бир жыл болду, бирок 57 мамлекет эч бир чара көрүшкөн жок!

Басма сөз баянаты Бир жыл болду, бирок 57 мамлекет эч бир чара көрүшкөн жок! Яхудийлердин…

3 days ago

«Аллах жолунда (жихадда) өлтүрүлгөндөрдүн амалдарын (Аллах) эч качан текке кетирбейт»

Басма сөз баянаты ﴿وَٱلَّذِينَ قُتِلُواْ فِي سَبِيلِ ٱللَّهِ فَلَن يُضِلَّ أَعۡمَٰلَهُمۡ﴾ «Аллах жолунда (жихадда) өлтүрүлгөндөрдүн…

3 days ago

Убактылуу бийлик Хизб ут-Тахрир мүчөсүн камакка алуу менен шерменде үлгү көрсөттү

Басма сөз баянаты Убактылуу бийлик Хизб ут-Тахрир мүчөсүн камакка алуу менен шерменде үлгү көрсөттү 2024-жылы…

3 days ago