Жылуулук электр борбору кайрадан суроолор туудурду…
25-январда Бишкектин айрым кичи райондоруна жылуулук жана ысык суу берилбей калды. Себеби, 26-январь түнү “Электр станциялары”нын пресс-катчылыгы кабарлашынча, Бишкек жылуулук борборунун суу түтүктөрүндө бузулуулар катталган. Расмий маалыматка ылайык, түтүктөрдүн бузулуусу ЖЭБди модернизациялоо иштеринде кеткен кемчиликтерден улам болгон.
Эске сала кетсек, Бишкек ЖЭБди модернизациялоо иши 2014-1017-жылдар аралыгында Кытайдын ТВЕА компаниясы тарабынан жүргүзүлгөн. Ал Кытайдын “Эксимбанкы” берген 386 млн. доллар сүткор кредит менен каржыланган. Кредит 2033-жылга чейин 480 млн. доллар болуп кайтарылышы керек.
2018-жылдын 26-январында ЖЭБде авария болуп, анын кесепеттери баарыбыздын эсибизде. Бирок, “авария” иши коррупцияга каршы күрөш алкагына сиңдирип жиберилип, ал тургай, ички саясий күрөшкө курал кылып алынып, анын артындагы зор маанилүү иштер этибардан качырылды. Козголмокчу кеп жемкорлук тууралуу болбогондуктан, ток этер кепке өтөбүз.
ЖЭБ модернизациясы тууралуу изилдөө жүргөндө, кытай компаниясы сатып алынган буюмдарды өтө кымбат көрсөткөнү аныкталган (мис: бир кычкач 600$). Бирок, биздин мамлекет ал компаниянын каражатты кандай иштеткенине кийлигише албайт. Анткени, келишимде ошондой каралган. Ошондо 250млн. долларлык иш 386 млн. болуп бааланып калганы ачыкка чыккан. Суроо туулат: Эмнеге биз карыз болуп жаткан каражатты кытай компаниясы өзү каалагандай иштетиши керек? Алар каалагандай сапырган акчаны эмнеге биз төлөшүбүз керек?
Ошол кезде айрым депутаттар модернизация боюнча келишим Жогорку Кеңештен сметасыз, техникалык-экономикалык негиздемеси жок туруп ратификацияланып кеткенин айтып чыгышкан. Ага президент кол койгон. Айрым депуттар болсо, келишим караларда ТВЕА компаниясы 30 депутатты Кытайга алып барып “ойнотуп” келгенин да айтышкан. Суроо туулат: Эмнеге мындай шектүү келишимдер түзгөн адамдардын айынан үйүлгөн карыздар биздин мойнубузга илиниши керек?
Булардан сырткары, кытай компаниясы жасап кеткен сапатсыз иштердин кесепетин да биз тартып, алар үчүн кайрадан каражат сарптап жатабыз.
Ошондуктан, мындай шектүү келишимдер жана алардын аткарылышы акыбетинде мойнубузга илинген карыздарды эл төлөбөшү керек.
«لاَ ضَرَرَ وَلاَ ضِرَارَ»
«Зыян көрүлбөсүн, зыян жеткирилбесин»
О.э. сүткор кредиттердин сүткорлук файыздары да төлөнбөшү керек.
Аллах Таала айтат:
وَأَحَلَّ اللَّهُ الْبَيْعَ وَحَرَّمَ الرِّبَا
«Алла сооданы адал, сүткордукту арам кылды», [2:275]
Абдун-Наср
بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Казандагы БРИКС саммити жана анын Батыш гегемондугунан чыгуудагы ийгилигинин даражасы Устаз…
بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Яхудийлердин Ливанга каршы согушундагы өзгөрүүлөр Мухандис Муждий Али Болжол менен бир…
بسم الله الرحمن الرحيم АДЕП-АХЛАК Мазаммат кылынган хулктар (момундар жоготушу керек болгон хулктар) Кыянат, бапаасыздык:…
Түрк мамлекеттер уюму кимдин кызыкчылыгына кызмат кылат? Кыргызстанда 6-ноябрда Түрк мамлекеттери уюмунун XI саммити өтөт.…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Силерге аз гана илим берилген Урматтуу бир туугандар “Асыл…
Басма сөз баянаты Бир жыл болду, бирок 57 мамлекет эч бир чара көрүшкөн жок! Яхудийлердин…