Кыргызстан бийлиги элге салынган салык жана айып пулдарды көбөйтүү менен менен бюджетти толтурумакчы болуп жатабы?
Кыргызстан өкмөтү салык жана айып пулдарды көбөйтүү менен казынаны толтурмакчы болуп жатат. Бирок, жаңы долбоордо белгиленген төлөмдөр, элдин жашоо деңгээлинен жана кирешесинен бир нече эсеге көптүк кылат. Терс натыйжаларга алып баруучу бул долбоорду ишке ашыруу аракеттеринен кандай максат көздөлгөн болушу мүмкүн?
Кыргызстан бийлиги акыркы кездерде экономикалык кризис абалына түшүп, Кытай менен мамилеси жана андан келиши күтүлүп жаткан кезектеги карыздар траншы токтоп калды. Калк Кытайдын карыз берүүсүнүн артында колония кылуу максаты турганын түшүнүп жетти жана бийликке каршы коомдук пикир пайда болду. Элдин бул жамаий туйгуларына кошумча, Кытай баскынчылыгына каршы болгон Батыш да мамлекетке басым өткөрө баштады. Булардын бардыгы бийликти оор абалга кептеп койду.
Депутаттар тездик менен 5 негизден турган кодекс долбоорун – ал тургай толук окуп чыкпай туруп – кабыл алышты. Бул долбоор Атамбаев доорунда иштелип чыккан долбоор болуп, ушул кезге чейин ишке ашырылбай келген. Эми депутаттар, “президент суранып жатат, тез кабыл алып бербесек болбойт деген кабар келгени себептүү, ал тургай жакшылап талкуулабай дароо кабыл кылган элек” деп актанып жатышат. Айрымдары “бул долбоорду кабыл алып, дүйнөгө уят болдук” деп, аны кайрадан талкуулай башташты.
Негизи иш алар айтып жаткандай эмес. Жаңы кодекс элди чалгытуу максатында, атайылап чийки бойдон кабыл алынды. Бул долбоор себептүү эл козголушун бийлик жакшы билген. Учурда бул мыйзамдардагы салык жана айып пулдарды элден өндүрүп алуу кыйын экендигин да өтө жакшы билишет. Буга кошумча, ички иштер органдарынын көптөгөн ыйгарым-укуктары кыскартылды. Демек, бул долбоорлордон башка кызыкчылыктар көздөлгөн.
Эки абалда тең – саясий кризистик абалдан чыгууда элдин атынан алынган же алынышы күтүлүп жаткан карыздарды тергеп-тескөө позициясынан элди чалгытып, башка тарапка буруп жиберүү максатын көздөйт. Эми өз алдынча пикири болбогон депутаттар министрлерди айыптап, ал тургай популисттик менен мыйзам долбоорун кайрадан көтөрүп жатышат. Батышчыл эксперттер да, “бул долбоор өзү жакшы эле, бирок, анда көрсөтүлгөн айып пулдардын көлөмү өтө эле ашыкча” деген позицияны карманышты. Демек, жаңы өзгөртүлгөн кодекстердин ишке ашуусу, биздин миллиарддаган карыздарыбызга дагы миллиарддар кошулушуна алып барат.
Абдураззак.
بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Казандагы БРИКС саммити жана анын Батыш гегемондугунан чыгуудагы ийгилигинин даражасы Устаз…
بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Яхудийлердин Ливанга каршы согушундагы өзгөрүүлөр Мухандис Муждий Али Болжол менен бир…
بسم الله الرحمن الرحيم АДЕП-АХЛАК Мазаммат кылынган хулктар (момундар жоготушу керек болгон хулктар) Кыянат, бапаасыздык:…
Түрк мамлекеттер уюму кимдин кызыкчылыгына кызмат кылат? Кыргызстанда 6-ноябрда Түрк мамлекеттери уюмунун XI саммити өтөт.…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Силерге аз гана илим берилген Урматтуу бир туугандар “Асыл…
Басма сөз баянаты Бир жыл болду, бирок 57 мамлекет эч бир чара көрүшкөн жок! Яхудийлердин…