Россия АКШны эскертти
РФ тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков: “Россия АКШны Венесуэланын ички иштерине аскерий аралашуудан эскертет, бул абал кыйроого алып барышы мүмкүн”, – деди. Бул тууралуу РИА “Новости” кабарлады.
Буга чейин Венесуэлада оппозиция лидери, парламент төрагасы Хуан Гуайдо өзүн убактылуу президент деп жарыялап, президент катары ант бергени жана аны АКШ президенти Дональд Трамп мыйзамдуу президент катары тааныгандыгы кабарланган.
Ошол эле учурда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган да Венесуелада жүз берип жаткан нааразылык акциялары фонунда венесуелалык кесиптеши Николас Мадурону колдой турганын билдирди. Бул тууралуу Түркия президентинин расмий өкүлү Ибрахим Калын твиттердеги баракчасында кабарлаган.
Анын айтымында, Эрдоган Венесуэла президенти менен байланышып, аны колдой турганын билдирген.
Калын Эрдогандын: “Боордошум Мадуро, бардыгы жакшы болот! Биз сени менен биргебиз”, – деген сөздөрүн келтирген.
О.э. ал Түркия мамлекети төңкөрүш аркылуу бийликке жетүү аракетин каралай тургандыгын тургандыгын кошумчалаган.
Басма сөз баянаты 2025-жылдын 3-марты – Халифалыктын кыйрашына 101 жыл толду Ушул күнгө байланыштуу, Хизб…
Мээримдүүлүк – жакшы кулктардан Момундардын эң жакшы кулктарынын бири – бул мээримдүүлүк. Бирок момундардын кимге…
Басма сөз баянаты Эл аралык мыйзамдын калптары жана эл аралык соттун эки жүздүүлүгү Эл аралык…
بسم الله الرحمن الرحيم ПИКИР – баа жеткис БАЙЛЫК (3) Коомдогу негизги оорулар Коомдогу оорулардын…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Менин үммөттүмдүн бир тайпасы... Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…
Өзбекстан бийлиги таравих намазына барган өспүрүмдөрдү cуракка алууда! Өзбекстанда берекелүү Рамазан айы кирип келиши менен…