Доктор Абдулла: “Талибандын күчөшү Россия, Иран жана Орто Азия үчүн кооптуу”
“Эгерде Талибан уюуму колдоп-кубатталса, анда Россия , Иран жана Орто Азия мамлекеттери үчүн өтө чоң коркунуч жаралат”, – деди Афганистан өкмөтүнүн аткаруу комитетинин башчысы Абдулла Абдулла.
Доктор Абдулла 22-январь күнү Швейцариянын Давос шаарында болуп өткөн Бүткүл дүйнөлүк экономикалык форумда сөзгө чыгып “Талибан”ды демократиялык баалуулуктарды тааныбаган топ катары баалады.
Абдулланын пикринде, Талибан өз максатын көздөй жалаң гана террордук операциялары аркылуу аракеттенет жана алардын адамзатка карата кыпындай да ырайымы жок.
“Талибанды ар кандай көрүнүштө коргоо, курал-жарак менен о.э. каржылык жактан колдоо регионго зыян жеткирет. Афганистанда эч кандай жакшы жакка өзгөрүү жүз бербейт, анын үстүнө Россиянын кызыкчылыктары зыянга учурайт”, – деди Доктор Абдулла.
“Кээ бир мамлекеттер Америка саясаты жана таасири астында Талибанга курал-жарак жана каржылык жактан жардам берүүдө. Ишенимдүү булактардан жетип келген кабарларга ылайык, учурда Пакистан мамлекетинде да Талибандын жашыруун машыгуу борборлору бар “.
Эске сала кетсек, Американын Афганистан маселеси боюнча атайын чабарманы Залмай Халилзаддын демилгеси менен “Талибан” кыймылынын өкүлдөрү төрт жолу сүйлөшүүгө чакырылган. Эң акыркысы мындан үч күн мурда болуп өттү. Бирок, ушул күнгө чейин афган өкмөтү Талибандан ок атууну токтотуу боюнча күтүлгөн жоопту алган эмес. Талибандын шарты боюнча Америка өз аскерлерин Афганистандан толук алып чыкмайынча, алар афган өкмөтү менен сүйлөшүү өткөрүшпөйт.
Өткөн айда президент Дональд Трамп АКШ аскерлерин Афганистандан алып чыгуу жөнүндөгү чечимин жарыя кылды. Бирок, ал чечим качан ишке ашырылары белгиленген эмес. Учурда Афганистанда АКШнын 14 миңдей аскери бар.
18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…