Эрдоган Путин менен сүйлөшүү үчүн Россияга барды
Россия президенти Владимир Путин менен Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган 23-январда Москвада жолугушат.
Түркия расмийлери билдиргендей, жолугушууда Сирия
түндүгүндө “коопсуз аймак” түзүү боюнча Анкара сунушу каралат.
Жолугушуунун алкагында Кремль тараткан билдирүүгө ылайык, Путин менен Эрдоган “Сириядагы
тынчтык жараёны менен бир катарда соода-экономикалык жана маданий тармактардагы
маанилүү маселелерди талкуулашат”.
Түркия жана Россия Сириядагы кризисте карама-каршы фронтторду ээлешкен.
Россия Сириянын президенти Башар Асад өкмөтүн колдосо, Түркия Сириянын өкмөттүк
күчтөрүнө каршы согушуп жаткан оппозициялык топторду колдойт.
А бирок, декабрь айында АКШ президенти Дональд Трамп АКШ аскерин Сириядан чыгарууну
жарыя кылгандан кийин Россия менен Түркия Сириядагы аракеттерин
координациялоого келишип алышты.
Эрдоган 21-январда, Путин менен Сирия түндүгүндө Түркия көзөмөлүндөгү “коопсуз аймак”
түзүү боюнча сүйлөшөрүн айтты.
“Коопсуз аймак” түзүү идеясына Сирия түндүгүнүн
көпчүлүк аймактарын көзөмөлдөп жаткан жана АКШнын союздашы болгон Сириядагы күрттөр
каршы чыккан.
Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров өткөн аптада Түркия аскерин Сирия түндүгүнө
жайгаштыруу идеясын четке какты жана ал аймактар Дамаск көзөмөлүндө болушу
керектигин билдирди.
Туркистон:
Хизб ут–Тахрирдин амири шайх Ато ибн Халил Абу Раштанын саясий суроолорго жоопторунда, “Сириядагы майданындагы акыркы кырдаал” туурасындагы жообунда төмөнкүдөй келген.
… Түркия да кыйын, оңтойсуз абалда калды. Ал Америка чыгып кеткенден кийин боштукту толурам деп ойлоп жатат. Айрыкча, Америка күчтөрүн чыгарып кетүү токтому Эрдоган менен Трамп телефон аркылуу сүйлөшкөндөн кийин жарыяланды. Россия сегодня маалымат булагы 2018.12.19.: «Америка жооптуусу Америка президенти Трамп Түркия президенти Эрдоган менен акыркы жолу сүйлөшкөнүн натыйжасынан кийин Америка күчтөрүн Сириядан чыгарып кетүү токтомун кабыл алгандыгын билдирди. Бул жооптуу Рейтер агенттигине берген маегинде буларга токтолду: «Токтом өткөн жумада Трамп менен Эрдогандын телефон аркылуу сүйлөшүүсүнөн кийин кабыл алынды. Дагы мындай деди: Болуп жаткан баардык нерсе ушул телефон аркылуу сүйлөшүүдө жетишилген келишимдин негизинде ишке ашырылып жатат». Трамп менен Эрдогандын телефон аркылуу сүйлөшүүсүн Түркия Анатолия агентиги да басып чыкты. Түркия президенти мындай деди: «Трамп бизден ИШИМди жок кыла аласыңарбы? деп сурады «Биз аларды жок кылдык, бул ишти келечекте да улантуубуз мүмкүн… бизге материалдык-техникалык колдоо көргөзүүңөр гана жетиштүү… акырында «америкалыктар» чыгарып кетүүлөрүн башташты. Азыр болсо биздин максат, биз алар менен дипломатиялык алакаларыбызды туура негизде улантуу…». Мына ушундайча Түркия боштукту толтуруп калам деп ойлоп жатат… Бирок, күрддөрдүн талабы менен Сирия режиминин күчтөрү Манбижди көздөй жылды! «Сирия режиминин күчтөрү танктар, жол тандабастар, оор артиллерия жана пулеметтордун жана «кусд», ошондой эле 40 миң аскердин коштоосу менен Аль-Ялни, түндүк-чыгыш Аль-Арима аймагына кирди. Бул Сирия режими «кусд» менен келишим кылып жайгаша турган биринчи аймак, ошондой эле бул биргелешкен күч Жайшул хур менен түрк аскерлери көзөмөлдөгөн пунктуларды да көзөмөлгө алат». (Мудун сайты, 2018.12.27.).
Кийин 2018.12.29. маселени талкулоо үчүн Түркия коргоо, тышкы иштер министирлери жана штаб жетекчисинен турган Түркия делегаттары барышты. Бирок, Россиянын кээ бир жооптуулары Түркияга карата чагымчыл мүнөздөгү билдирүүлөрдү берди. Россия ТИМинин басма-сөз катчысы Мария Захарова 2018.12.27. мындай деди: «Негизинен америкалыктар чыгып кеткен аймактарды Сирия режими өз көзөмөлүнө алыш керек», дагы кошумчалап айтты: «Албетте, негизги суроо пайда болот. Америкалыктар чыгып кеткенден кийин аймакты ким көзөмөлдөп калат? Маалым болгондой, эл аралык мыйзамга жараша ал аймактарды Сирия өкмөттүк күчтөрү көзөмөлгө алышы керек. Биз түрк кесиптештерибиз менен Сирия жаатында мейли тышкы саясат же тероризмге каршы күрөшүү багытында болсун, конкреттүү саясатты иштеп чыгуу жана аны ишке ашыруу алкагында тыгыз кызматташтык алып барабыз». (Мудун сайты, 2018.12.27.). Көрүнүктүү республикачыл сенатор Линдси Грэм мындай деди: «Трамп Америка аскерлери Сириядан чыгарылып кеткенден кийин Түркия Элди коргоо биримдиги менен кагылышууларга барбайт деген бекем ишенимде. Трамп НАТОдогу союздашы Түркияга өз кызыкчылыгын коргоп калышы үчүн бейтарап аймак түзүүнү баса белгиледи. Түрия Элди коргоо биримдигин күрд сеператисттик кыймылынын бир бөлүгү катары санайт жана ага каршы чабуул кылуу коркунучун жаратат». (PostArabic, 2018.12.31.).
Кийин «Сириядагы жарашуу үчүн орус-тескөө борбору» катары иш алып барган Россия армиясы кайтып келди. «Арима шаары жана Манбиж аймагынан алар бир аз мурда эле чыгып кеткен эле». (Мудун сайты, 2018.12.27.). Ушунун баары боштукту толтурам дем үмүт артып жаткан Түркиянын үмүттүн таш каптырды!
Ал тургай салыштырмалуу күчтүү саналган Россияны да Америка бир кризистен экинчи кризиске алып кирди… Россия 2015.09.29. Обама менен Путиндин жоолугушуусунан кийин аскерий жактан Сирия маселесине аралаша баштаган күндөн Сирия кризисине батып калганын билет. Путин аскерий жактан Сирия маселесине аралашканынын акысына Крым себебтүү киргизилген санкциялар алынышынан үмүттөнгөн эле. Бирок, санкциялары алынган жок. Кийин Россия бул кризистен биротоло чыгып кетүү үчүн Идлибге карай аскерий чабуулга даярдык көрдү. Россия Идлиб маселесин аскерий жактан чечип алса, андан кийин узак убакытка созулган саясий чечимге жетүү учурунда Сириядан аскерий жактан чыгып кетүүсүнө зыян жетпейт деген үмүттө эле. Бирок, Америка буга тоскоолдук кылып биринчи саясий чечимге жетүүнү алдыга койду. Бул боюнча 2018.09.22. чыккан суроо-жоопто токтолуп өткөнбүз: “Мына ушундайча Россия Идлибди бомбалай турган максатынан кайтты жана Жер Ортолук деңизинде стартта турган кемелерин кайтарып алып кетти. Америка дагы эле түздөн-түз же Түркия аркылуу кыйыр түрдө аскерий чечимден мурда саясий чечимге жетүүгө кызыкдар. Бирок, Америка Идлибде аскерий чечимден мурда саясий чечимге жетүүгө умтулуусундагы максат, Россиянын Сириядагы базаларына карата кысым шантажы катары пайдаланууну, кийин оппозиция саясий чечим алкагында Россия базалары темасын көтөрүшү максатында аракет кылып жатат”
Кийин андан да жаманы Трамптын аскерлерди чыгарып кетүү токтому болду. Кийин Ефратын чыгышындагы күрд аймактарында жана Манбиж аймагында Россия Түркия менен Сирия режими ортосунда түшүп калды! Россия Сирия режимин колдоого алат жана Россия менен Түркия ортосунда келишим бар. Түркия аскерлери менен Сирия режиминин күчтөрү бири-бирине жакын жайгашышты, Россия болсо алардын ортосунда эгер кагылышуулар жүз берип кетсе Россия кандай айла кылат… Мына ушундайча Америка Россияны бир кризистен экинчи кризиске кептеди!…” – деп айтылган.
Ооба, Путин менен Эрдогандын жолугушуусу АКШ пландаштырган долборду ишке ашыруу, кандай кылып болсо да аны ыраазы кылуу негизине курулгандыгы анык. Талкуулана турган темалар болсо, аларга АКШ сызып берген чектерди бузбастык үчүн эмнелерге көңүл буруу керектигин келишип алуу.
18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…