Суроо: Биринчи суроо: (Шейх Абдул Кадим Залумга таандык Адам мүчөлөрүн алмаштыруунун шарий өкүмү тууралуу китебчеде) Хизб өлүк адамдын дене мүчөсүн тирүү адамга көчүрүүнү арамдыка чыгарган. Көчүрүлүп жаткан адам мүчөсү адамды өлүмдөн сактап калышынын айырмасы жок арамдыка чыгарган. Мисалы, Жүрөктү алмаштыруу же көздүн чел кабыгын алмаштырганы сыяктуу бир оорудан сакайып кетүүнүн айырмасы жок бул китепте бул нерселер арамга чыгарылган. Ошондой эле фикхий дусия китебинде да өлгөндөн кийин ичин жарууну арамдыка чыгарган. Илимий жактан арам эсептелген нерсе менен болсо да Ислам дарыланууга үндөйт. Мисалы, спирт кээ бир дарылардын курамында бар. Экинчи суроо: Өлгөндөн кийин ичин жарып ачууну арам кылуу медицина тармагындагы талабалардын адамдын денеси тууралуу изилдөө алып барууларын да арам кылган болуп саналат. Анан алар кантип жаракаттарды дарылай алышат анткени алар адам денеси тууралуу илимдери жок болуп калат? Ичин ачууну арам кылуу кылмыштын бетин ачууда да тоскоолдук жаратат. Анткени коопсуздук кызматткерлери ичин ачып судмед экспертизадан өткөргөндөн кийин гана алар кылмыштын бетин ачуулары бир топ жеңилдейт. Ушулардын бардыгына жана аралашууга тиешелүү (эркек аялдын) шарий өкүм кандай экендигин билүүнү каалайт элем. Чоң рахмат.Фармацевт Лютфи Факих Тунис2018.11.11 Жооб:Ассаламу алейкум рахматуллахи уа бараакатухСуроого жооп берүүдөн мурда шарий өкүм далилден кандай алынаары тууралуу токтолуп өтүүнү туура көрдүм. Мужтахид шарий өкүмдү истинбат кылып жатканда өзүнүн каалосундагы же өзү муктаж болуп жаткан нерсеге карата өкүм издебейт балким шарий өкүмдү билүү үчүн шарий нусустарды терең изилдеп чыгат. Ижтихад кылуудагы максат шарий өкүмдү билүүгө бүткүл күч аракетти жумшоо болуп саналат ал жерде акыл менен өкүм чыгарууга орун жок. Шарий өкүмдү истинбат кылып жатканда өзүнүн же адамдардын каалоосуна карай өкүм издөөнү түшүндүрбөйт. Анткени мындай кылына турган болсо, ижтихад кылуудагы талап шарий өкүмдү чыгаруу экендигине карабастан өкүм чыгаруу шариятка эмес акылга таандык болуп калат. Эгер шарий далил белгилүү бир маселеде белгилүү бир өкүмгө далалат кылса анда бул шарий далил бул маселелде сүйөнүлө турган шарий далил болуп саналат. Адамдардын муктаждыктары ушул шарий өкүмдүн негизинде чечилиши важиб болот. Башкача айтканда шарий өкүм адамдардын муктаждыгына карап жүрбөйт балким адамдардын муктаждыктары шарий өкүмгө карап жүрө турган болушу шарт. Анткени Аллахтын өкүмү эң туура жана ага эргешүү важиб.Эми жогорудагы үч суроого жооп берүүгө келсек.Биринчи: Мүчөлөрдү алмаштыруу көрүнүп тургандай сен дене мүчөнү алмаштыру тууралуу китепчеде баяндалган: өлгөн адамдын дене мүчөсүн тирүү адамга алмаштыруунун арамдыгы тууралуу шарий далилден кабардар экендигиң көрүнүп турат. Бул китепте өлгөн адамдын дене мүчөсүн тирүү адамга алмаштыруунун арамдыгы тууралуу шарий далил эки негизде берилген. Алар төмөнкүлөр: 1. Өлгөн адамдын денесине ал өлгөндөн кийин эч ким ээлик кыла албайт. Өлгөн адам өзү өлгөн денесине да ээлик кыла албайт. Анын мураскорлору да анын денесине ээлик кыла албайт. Буга төмөндөгү шарий далилдер далаалат кылат. Ушуга негизделип өлүк өзү да анын мураскорлору да өлүктүн дене мүчөсүн башка бирөөгө берүүгө укугу жок. Анткени ал алардын мүлкүнө кирбейт жана ага ээлик да кыла албайт.2. Өлүккө азар берүү мүмкүн эмес жана аны кескилеп кордоо да мүмкүн эмес. Ал төмөндөгүчө: А. Өлүккө азар берүүнүн арамдыгы тууралуу хадистер келген: “өлүк тирүү сыяктуу эле урмат-сыйга ээ экендигине далаалат кылган ачык далилдер. Ошондой эле өлүкө азар берүүнү тирүүгө азар берген сыяктуу анын арамдыгы тууралуу далилдер келген. Ошондой эле тирүүнүн ичин жаруу же моюнун кесүү же көзүн чукуп алуу же сөөгүн сындыруу арам болгон сыяктуу өлүктүн да ичин жаруу моюнун кесүү же сөөгүн сындыруу же көзүн чукуп алуу арам болуп саналат. Ошондой эле тирүүнү сөгүү же уруу же жаракат жеткирүү арам болгону сыяктуу эле өлүктү сөгүү же уруу же жаракат жеткирүү да арам болуп саналат”. Ал хадистер төмөнкүлөр: Момундардын энеси Айша энебизден Аллах андан ыраазы болсун айтты: Пайгамбар с.а.в. айтты: “өлүктүн сөөгүн сындыруу тирүүнүн сөөгүн сындырган сыяктуу”. (Ахмад, Абу Дауд, Ибн Мажа риваяты) – Амр бин Хазм Ансорий р.а айтты Пайгамбар с.а.в. мени кабырга жөлөнүп турганымды көрүп айтты: “Кабыр ээсине зыян келтирбе”. (Ахмад риваяты) – Абу Хурайра р.а айтты Пайгамбар с.а.в. айтты “силердин бирөөңөр кабыр үстүнө отургандан көрө күйүп турган чок таштын үстүнө отурган артык”. (Муслим, Ахмад риваяты) Б. Өлүктү кордоо арамдыгы тууралуу. “Өлүктүн көзүн оюп алуу же жүрөгүн же бөйрөгүн же өпкөсүн же боорун алуу үчүн ичин жарып башка адамга алмаштыруу ал адам ага муктаж болуп турса да бул нерсе өлүктү кордоо болуп саналат. Ислам өлүктү кордоону арам кылган”. Абдуллах бин Зайд ансарий р.а дан айтты “Пайгамбар с.а.в. тоноодон жана кордоодон тыйды”. (Бухари риваяты) – Сафваан бин Асаал р.а дан айтты. Пайгамбар с.а.в. бизди жүрүшкө чыгарганда мындай дечү; “Аллахтын аты менен жүрүшкө чыккыла Аллахтын жолунда ким Аллахка куфрлук кылса аны менен согушкула. Өлүктү кордобогула кара өзгөйлүк кылбагыла. Жаш баланы өлтүрбөгүлө”. (Ахмад, Ибн Мажа, Аннасааи риваяты) Жогоруда айтылып өтүлгөн далилдерде ачык баяндалып тургандай өлгөн адамдын дене мүчөсүн кесип алып башка адамга алмаштыруу шарий түрдө арам экендиги баяндалып турат. Кээ бир дарылардын курамында арам болгон спирт бар болуп туруп шарият аны менен дарыланууга уруксат берди. Ошол себептен арам болсо да өлүк адамдын дене мүчөсүн тирүү адамга алмаштыруу шарий жактан дурус болот деп айтуу бул жерде орунсуз. Мындай деп айтуу туура эмес. Анткени шарият курамында арам же нажас бар нерсе менен дарыланууга уруксат берген башка бирөөгө зыян жеткирүү менен кылууга уруксат берген эмес. Тоорик бин Сувайдин Хазрамавий р.а айтты: “Я расулулах биздин жерибиз жүзүмдүү биз аны сыгып андан шарап ичебиз дедим. Пайгамбар с.а.в. айтты жок көргөнүм жок деди: мен кайра кайталадым жана айтым, биз аны менен оорулуну дарылайбыз. Пайгамбар с.а.в. айтты анда шыпаа жок анда оору бар деди”. Ибн Мажа риваяты: бул хадисте арам же нажас нерсени колдонууну арам кылып жатат. Бирок Пайгамбар с.а.в. нажас “төөнүн сийдиги” менен дарыланууга уруксат берген. Бухари риваяты Анас р.а дан Айтты “Урайнадан Мадинага келген адамдар Мадинанын абасы жакпай ооруп калышты. Пайгамбар с.а.в. аларга садакадан келген төөнүн сүтүн жана сийдигин ичип дарыланууларына уруксат берди…” Пайгамбар с.а.в. аларга нажас болгон төөнүн сийдиги менен дарыланууларына уруксат берди. Ошондой эле Пайгамбар с.а.в. “Жибекти кийүү” арам болгон нерсе менен да дарыланууга уруксат берген. Тирмизи Ахмад риваяты Анас р.а дан “Абду Рахман бин Ауф жана Зубайр бин Авваам согушта биттеп кетишкендиктери тууралуу Пайгамбар с.а.в. га арызданышты. Пайгамбар с.а.в. аларга жибектен көйнөк кийүүгө уруксат берди. Айтты кийин мен алардын (согушта) кийип жүргөнүн көрдүм”. Бул эки хадис Ибн Мажа риваятынада айтылган арам нерсе менен дарыланууну арам кылган өкүм жазм өкүмү эмес экендигин түшүндүрөт. Башкача айтканда нажас жана арам нерсе менен дарылануу макрү экендигин билдирет. Бул далилдер арам жана нажас нерсе менен дарылануу макрүх болгондугу менен биргеликте мүмкүн экендигин баяндады. Бирок нажас болгон “төөнүн сийдиги” арам болгон “жибекти кийүү” менен дарылануу башкаларага зыян жеткирүү менен дарылануунун ортосунда кескин айырма бар. Анткени мунун вакыйы экөөнүкүнөн башка. Мисалы башка бир кишинин дарылоо үчүн тирүү кишинин бөйрөгүн тартып ага салып койсо шарий жактан жаиз болобу? (айрыкча бул көрүнүш үчүнчү дүйнө өлкөлөрүндө жүз берип жатат өнүккөн өлкөлөр аталышындагы адамдарга донор катары өнүкпөй калган аталыштагы өлкөлөрдөгү жаш же чоң балдардын дене мүчөлөрүн уурдап алып кетип жатышат) буга жооп албетте арам болот. Шарий жактан башкага кол салуу катары болуп арам болот. Арам нерсе менен дарыланууга уруксат берилиши башка бирөөгө кол салуу менен дарылануу арамдыгын өз ичине албайт. Анткени арам нерсе менен дарыланууга уруксат берген далилдер муну камтыбайт. Ушуга негизделип өлүктүн дене мүчөсүн кесип алып башка тирүүгө салуу арам болот. Анткени бул өлүктүн денесине кол салуу болуп саналат. Арам нерсе менен дарыланууга уруксат берген истисна бул нерсен өз ичине камтыбайт. Экинчиден: өлгөндөн кийин ичин жарып ачууну арам кылуу медицина тармагындагы талабалардын адамдын денеси тууралуу изилдөө алып барууларын арам кылган болуп саналат. Анан алар кантип жаракаттарды дарылай алышат. Анткени алар адам денеси тууралуу илимдери жок болуп калат? Ичин ачууну арам кылуу кылмыштын бетин ачууда да тоскоолдук жаратат. Анткени коопсуздук кызматкерлери ичин ачып судмед экспертизадан өткөргөндөн кийин алар кылмыштын бетин ачуулары бир топ жеңилдейт, деп айтып өттүң. Бир тууган жогоруда айтылып өтүлгөндөй өлүктүн денесине зарар жеткирүү арам экендигин билдирген шарий далилдер үстөкө-босток болуп турса ошондой эле кандай абал болбосун өлүктүн ичин жаруу да шарий жактан арам болуп турса. Сага суроо жаралат. Адамдын денесин окуп изилдөө муктаждыгы шылтоосу менен шарият арам кылган өлүктүн ичин жарып анын иче-кардын алып чыгып изилдөө жүргүзүү адал дешке жол барбы? Тирүү адамды өлтүрбөстөн анын ичин жарып ага изилдөө жүргүзүү кандай болот деп сага суроо салынса албетте тирүү инсанга зарар жеткирүү мүмкүн эмес арам деп жооп бересиң да чынбы… андай болсо Пайгамбар с.а.в. дын “өлүктүн сөөгүн сындыруу аны тирүү сындырганга барабар” деп жатканына карабай өлүктүн ичин ачып судмед экспертиза жүргүзүү кылмыштын бетин ачканга дарыгерлердин адамдын денесин үйрөнүп аны дарылоого жол ачат деш кандай орду жок сөз. Шарий өкүм гана эргешүүгө татыктуу эмеспи ошондой эле кандай гана себеп же муктаждык деп шарий өкүмдөн тайып кетүү мүмкүн эмес. Ал эми медицина жаатындагы билим алуучулар адамдын денесин окуп үйрөнүшү үчүн көптөгөн мубах каражаттар бар. Ошондой эле мусулмандар адамдын денесин окуп үйрөнүү үчүн өлүктүн денесине изилдөө жургүзбөстөн башка жолдор аркылуу үйрөнүлө турган заманбап каражаттарды өнүктүрүп баруулары шарт. Мисалы: компютердик программа менен адамдын денесин үч өлчөмдүү электрондук деңгээлде көргөзө ала турган программалар аркылуу студенттердин иштеши жеңил болгону сыяктуу… же адамдын денесин сырттан тартып ичин көргөзө ала турган кандай гана заманбап электрондук каражаттар болбосун аларды ишке салуу сыяктуу. Маалым болгондой менин билишимче кээ бир студенттер өлгөндөн кийин ичин ачып изилдөө жүргүзгөндө эч кандай деле пайда алышкан эмес. Анткени өлгөндөн кийин адамдын дене булчуңдары кан тамырлары өзгөрүп тирүү адамдыкынан башкача абалга келип калат. Ошондуктан өлүккө изилдөө жүргүзүү студенттер үчүн пайда бербейт. Анткени алар тирүү адамды дарылоо жаатында изилдөө алып барышат. Ошондой эле кылмыштын бетин ачуу жаатына келсек. Бул нерсе башкача айтканда Аллах арам кылган өлүктүн ичин жарып судмед экспертиза кылуу аркылуу болушу адал эмес. кылмыштын бетин ачуу үчүн өлүктү кыйноого алып кескилөө шарий жактан арам. Балким кылмыштын бетин шарият арам кылган өлүктүн ичин жарып экспертиза кылбастан башка мубах жолдор менен ачууга аракет кылынышы шарт. Үчүнчүдөн: Ал эми сенин сурооңдогу аралашып жүрүү тууралуу шарий өкүм сураптырсың. Бирок сурооң анык эмес болуп калды. Сен сурайын деген нерсе “аралашып жүрүүгө байланыштууу баардык шарий өкүмдөрдү” сурадыңбы. Аныгыраагы биз сага так жооп берүү үчүн суроону так беришиң керек. Ошондой болсо да аралашып жүрүүгө байланыштуу мурдагы жоопторду бере кетүүнү туура көрдүм. Балким ошол жетиштүү болушу мүмкүн. Эгер бул жооптордон сурооңо жооп таба албасаң анда кайрадан сурооңду тактап бере бер. 2010.02.28. суроо-жооп(Исламий жошоодо аялдар жана эркектердин алакаларын тартипке сала турган Пайгамбар с.а.в көргөзүп ишке ашырып кеткен шарий өкүмдөр бар. Мунун баары ачык айкын. Бул тууралуу көптөгөн суроо жооптор чыккан. Бул маселеде бүдөмүк болуп кала турган маселе жаралбашы керек. Ошентсе да бул маселе жаатында түшүнүксүз нерсе болуп калбаштыгы үчүн аны дагы ачыктап өтүүнү туура көрдүм. – Коомдук жайларда башкача айтканда уруксат сурап кирбей турган жайларда эркектер менен аялдардын алакасын тартипке сала турган шарий өкүмдөр бар.- Жекече жашоодо башкача айтканда уруксат сурап кириле турган жайлар мисалы үйлөр сыяктуу орундарда эркектер менен аялдардын алакаларын тартипке сала турган шарий өкүмдөр бар. – Жекече жашоодо (үйлөрдө) анын вакыйы ачык айкын. Ага толуктоо деле киргизүүгө муктаждык жок. Үйдө аял махрамдары менен жашайт. Бирок насста келгендей белгилүү абалдарда мисалы туугандары менен карым-катнаш кылган учурларда аял аваратын жаап жүрүүсү ошондой эле махрам эмес туугандары менен бир үйдө жалгыз калбоосу шарт. Ал эми коомдук жайларда эркектер менен аялдардын аралаш жүрүүсүнө шарият урксат берген негизде гана мүмкүн. Анткени шарий өкүм эркектер менен аялдардын алакаларын коомдук жайларда да тартипке салат. Ал төмөнкүчө: 1. Шарият уруксат берген коомдук жайларда бир максаттын негизинде аялдар менен эркектердин бир жайга жыйналуусу. Мисалы, мечитке же сабак алуу үчүн же тренинг, семинар же даават иштерин кылуу сыяктуу эркектер менен аялдар бир жерге жыйнала турган болушса эркектер менен аялдардын саптары бөлүнүп турушу шарт. Бул абалдарда эркектер менен аялдардын саптар бөлүнүп туруу шарты менен бир жерге чогулуулары шарий жактан жайиз. Бул абал атайын өкүмдөрдүн негизиндеги эркектер менен аялдардын катышуусундагы коомдук жашоо деп аталат. 2. Шарият уруксат берген коомдук жайда ар түрдүү максаттарда эркектер менен аялдардын бир жайда аралашып жүрүүсү жана алардын ортосунда саптын болбосу мисалы базар же көчө же паркта же коомдук транспорторго абалдар сыяктуу. Бул эки түрдүү болот. А. Ар түрдүү максаттар бир гана аралашуу менен ишке аша турган абал башкача айтканда жакын туруп аралашып жүрүү абалы мисалы базардагы алып сатуу абалы бул учурда аралашып жүрүүгө шарият уруксат берет. Б. Ар түрдүү максаттар аралашпай жүрүү менен ишке ашкан абал башкача айтканда жакын туруп аралаш жүрүү менен эмес. Мисалы паркта же көчөдө же коомдук транспортто ар ким өз максаты негизинде аралаш жүрүүгө шарият уруксат берет. Жогоруда маалым болгондой эркектер менен аялдардын жекече жана коомдук жайларда алакаларын тартипке сала турган ачык айкын өкүмдөр бар:Жекече жашоо “үй” буга уруксат суралып кире турган жай. Коомдук жай буга уруксат суралып кирбей турган жайлар. Бул жайларда саптын бөлүнүп туруусун талап кылган жана саптын болушун талап кылбай турган жайлар бар. Ошондой эле коомдук жайларда жакын туруп аралаш жүрүү жайлары жана жакын турбастан аралаш жүрө турган жайлар бар. 2011.02.06 суроо жообСогуштарда жарадарларды дарылай турган медайымдардын болуусу. Далилдерде келишинче Пайгамбар с.а.в. согуштарда жарадардарды дарылоо үчүн аялдардын аскерлер катарында болуусуна уруксат берген. Дарылоо учурунда эркектер менен аялдардын аралаш жүрүүсү жаиз. Бухари риваяты Албани аны сахихке чыгарган. Махмуд бин Лабиид р.а дан. Айтты: “хандак согушунда Акхал Саьд жарадар болду ал оорлошкондо аны Руфайда деген аялга алып барышты ал жарадарларды дарылган аял эле. Пайгамбар с.а.в. анын жанынан өткөндө кандай кечкирттиң? Эгер таң атса кандай таң атырдың? дечү”. Руфайда ыйманга келген аял болчу жана ал жарадарларды дарылган. – Жогоруда айтылып өтүлгөндөй аралашуу башкача айтканда эркек аялдардын шарият уруксат берген зарылчылык жок туруп аралашуусу болбойт. Эгер шарият уруксат берген зарылчылык туулса эркек аял аралаш жүрүүсү мүмкүн. – Коомдук жайда же жекече жашоодо болсун айырмасы жок эркек жана аялдардын алаксын тартипке салган шарий далилдер келген. Мисалы жекече жашоодо туугандык карым-катнаш кылуу, тамак берүү, оорулууну зыярат кылуу… Коомдук жайда согушта жарадарларды дарылоо, базарга баруу, мечитте намаз окуу, жалпы жыйналышка баруу, ажылыка баруу сыяктуу орундарда булардын баардыгына тийиштүү шарий өкүмдөр бар. Намаздагы сыяктуу саптын бөлүнүп туруу шарты менен же базарда ажылыктагы сыяктуу саптын болбошу менен ар бирине тийиштүү шарий өкүмдөр бар. – Туугандык карым-катнаш кылуу махрамдар менен эле эмес махрам эместер менен да карым-катнаш кылуу мүмкүн. Майрамдарда же зарылчылык туулган учурларда же оорулунуу зыярат кылуу туугандар менен бирге отуруу мүмкүн. Бирок бирге отуруу дегенде “оюн күлкүгө берилип” отуруу же паркта жанаша отуруп алуу же өзүнчө эс алууга чыгып кетүү болбойт. – Мына ушундайча туугандар тугандык карым- катнаш кылган учурларда эркек аял болуп бирге отуруулары жайиз. Эгер бирге отурганда туугандык карым катнаштан бөлөк сөздөргө кирип кетүү мүмкүндүгү жаралса анда аялдар бир бөлмөгө эркектер бир бөлмөгө отурушат. Ошондой эле алар бирге отуруп тамактануулары мүмкүн. Тамактанып бүтүшкөндөн кийин эркектер өзүнчө бөлмөгө аялдар өзүнчө бөлмгө отурушат. (“эгер тамактансаңар тарап кеткиле терең сөзгө кирип кетпегиле” Ахзааб 53) Туугандык жана тамактануу тууралуу далилдер келген. – Аялдар авраттарын жабуусу жана махрамы же күйөсү жанында болуусу шарт. Ижтима китебинде толук баяны келген. 2016.06.06 Суроо-жоопА. Эркек менен аялдардын аралашуусу шарият уруксат берген зарылдык жок туруп аралашуусу арам. Ал эми шарият уруксат берген зарылчылык туулса башкача айтканда бир гана аралашуу менен гана ишке аша турган шарий зарылчылыктар туулса анда эркек аялдардын аралашуусу мүмкүн. Б. Коомдук жайда же жекече жашоодо болсун айырмасы жок, эркек жана аялдардын алаксын тартипке салган шарий далилдер келген. Мисалы, жекече жашоодо туугандык карым-катнаш кылуу, тамак берүү, оорулууну зыярат кылуу… коомдук жайда согушта жарадарларды дарылоо, базарга баруу, мечитте намаз окуу, жалпы жыйналышка баруу, ажылыка баруу сыяктуу орундарда. Булардын бардыгына тийиштүү шарий өкүмдөр бар. Намаздагы сыяктуу саптын бөлүнүп туруу шарты менен же базардагы, ажылыктагы сыяктуу саптын болбошу менен ар бирине тийиштүү шарий өкүмдөр бар.Г. Туугандык карым-катнаш кылуу махрамдар менен эле эмес махрам эместер менен да карым-катнаш кылуу мүмкүн. Майрамдарда же зарылчылык туулган учурларда же оорулунуу зыярат кылуу, туугандар менен бирге отуруу мүмкүн. Бирок бирге отуруу дегенде “оюн күлкүгө берилип” отуруу же паркта жанаша отуруп алуу же өзүнчө эс алууга чыгып кетүү эмес. Мындай кылуу болбойт). Ушул жооп сенин суроолоруңа жетиштүү деп ойлойм. Бир тууган Боордошуңар Ато бин Холил Абу Рушта2018.12.30
بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Казандагы БРИКС саммити жана анын Батыш гегемондугунан чыгуудагы ийгилигинин даражасы Устаз…
بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Яхудийлердин Ливанга каршы согушундагы өзгөрүүлөр Мухандис Муждий Али Болжол менен бир…
بسم الله الرحمن الرحيم АДЕП-АХЛАК Мазаммат кылынган хулктар (момундар жоготушу керек болгон хулктар) Кыянат, бапаасыздык:…
Түрк мамлекеттер уюму кимдин кызыкчылыгына кызмат кылат? Кыргызстанда 6-ноябрда Түрк мамлекеттери уюмунун XI саммити өтөт.…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Силерге аз гана илим берилген Урматтуу бир туугандар “Асыл…
Басма сөз баянаты Бир жыл болду, бирок 57 мамлекет эч бир чара көрүшкөн жок! Яхудийлердин…