Ангела Меркел: Биз Өзбекстандын ишенимдүү өнөктөшү болууну каалайбыз

Ангела Меркел: Биз Өзбекстандын ишенимдүү өнөктөшү болууну каалайбыз

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен Германиянын Федералдык канцлери Ангела Меркелдин сүйлөшүүсүнүн алдында массалык маалымат каражаттары үчүн брифинг өткөрүлдү. Бул тууралуу Өзбекстан президентинин маалымат кызматы кабарлады.

Ангела Меркел Өзбекстан президентинин сапары көпкө созулган тыныгуудан кийинки  маанилүү сапар экендигин жана бул сапар эки тараптуу кызматташтык өнүгүшүнө олуттуу түрткү болушун белгиледи. 

 “Биз Өзбекстандын ишенимдүү өнөктөшү болууну каалайбыз. Мамлекеттерибиз ортосундагы мамилени кеңейтүү үчүн көптөгөн мүмкүнчүлүктөр бар экендигин көрүп турабыз”, – деди Германия канцлери.  

Шавкат Мирзиёев Өзбекстан делегациясына урмат көрсөтүлүп жатканы үчүн терең ыраазылык билдирип, германиялыктарды ушул жылдын май айында белгиленүүчү Германия Федерациялык Республикасынын 70 жылдыгы менен куттуктады. 

Тараптар акыркы жылдарда эки тараптуу алакалар активдүү өнүгүп, жаңы мазмун менен байып жатканын о.э. саясий диалогдор активдешип жатканын белгилешти. 

 Мирзиёев Өзбекстан Германия менен болгон мамилени сапат жагынан жаңы, жогорку баскычка  алып чыгууга умтуларын баса белгиледи. 

Сүйлөшүүдө саясат, коопсуздук, соода, технологиялык, инновация, инвестиция жана маданият тармактарындагы кызматташтыктын учурдагы абалы жана келечеги талкууланары айтылды. 

Европа Союзунун Борбор Азия боюнча жаңы стратегиясы негизинде эки тараптуу алакалар бекемделери белгиленди. 

Жолугушууда заманбап коркунучтарга, баарынан да терроризм жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча кызматташтыкты күчөтүүгө басым жасалары кабарланды. О.э. күн тартибиндеги маанилүү маселелердин бири Афганистанда тынчтык жараянын тез арада баштоо экендиги айтылды. 

Өзбекстан адам укуктары жана эркиндиктери жаатында конструктивдүү диалог о.э. мамлекеттик башкаруу системасынын айкындуулугу о.э. коррупцияны толук жоюу максатындагы кызматташтык үчүн ачык экени баса белгиленди.  Тараптар инвестиция жана технологиялар тармагында кызматташтыкты кеңейтүүгө даяр экендигин билдиришти. Өзбекстан президентинин сапарынын алкагында өткөрүлгөн бизнес-форумда 8 миллиард евродон ашык долбоорлор боюнча келишим түзүлгөнү, дагы башка келишимдер боюнча иштер уланып жатканы кабарланды.

turkistonkg

Recent Posts

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

3 days ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

4 days ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

5 days ago

Амирлик (экинчи бөлүк)

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

5 days ago

Асыл хадис менен

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…

5 days ago

Таң караңгылыкты жарып Суданда Англия-Америка колонизаторлук күрөшү болуп жатканын ачыктады

Басма сөз баянаты Таң караңгылыкты жарып Суданда Англия-Америка колонизаторлук күрөшү болуп жатканын ачыктады Британия тарабынан…

6 days ago